Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев курулуш компанияларына кошумча нарк салыгын кайрадан киргизүү боюнча өкмөттүн мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаров каршы экенин билдирди. Парламенттин 5-декабрдагы жыйынында ал долбоор боюнча “президентке туура маалымат берилбегенин” белгиледи.
“Ушул маселе боюнча жыйын алдында президентибиз Садыр Нургожоевич менен сүйлөштүм, ушул өзгөртүүдө курулушка 12% киргизилип жаткан салыкты алып алуу керектигин айтты. Өкүнүчтүүсү, ушул маселеде президентке туура маалымат бербепсиздер. Ал угуп алып, “мындай нерсе болбошу керек болчу, ипотеканы жыргаган жерибизден кылып жаткан жерибиз жок, жашоо-шарты оор жарандарды үй менен камсыз кыла албай жатсак, кайра 12% салык кошуп, бааларды жогорулатып, кыйынчылык түзүп жаткан” жагдайды айтты”, - деди Шакиев.
Парламент “Кыргыз Республикасынын Салык салуу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатат.
Экономика жана коммерция министрлиги демилгелеген бул долбоордо курулуш компанияларына кошумча нарк салыгын кайрадан киргизүү сунушталган. Анда курган батирин чарчы метрин 1000 доллардан кымбат сатпаган гана курулуш компанияларын кошумча нарк салыгынан (НДС) бошотуу каралган.
Бул маселе 4-декабрда да парламент жыйынында көтөрүлүп, депутат Балбак Түлөбаев “өкмөт салыктын түрлөрүн көбөйтүп жатканын, курулуш тармагына кайра кирип жаткан салык турак жай баасын көтөрүп, жарандардын үйгө жетиши кыйындай турганын” айтып чыккан.
Риэлторлордун маалыматында, ушул тапта Кыргызстанда курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайдагы батирлердин бир чарчы метри (толук бүтпөгөн) жайгашкан жерине жана тибине жараша 850-900 доллардан 1500-2000 долларга чейин сатылууда. Айрым эксперттер Кыргызстандагы коммерциялык курулуш компаниялары өтө жогорку киреше менен иштеп жатканын, мындай компанияларга жалаң байлар, олигархтар гана ээлик кыларын белгилеп жүрүшөт.
Бишкек шаарында жана Ош шаарында көп кабаттуу турак жайдан батир сатып алган бир топ жарандар курулуш бүтпөй, мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып, бийликке утур-утур кайрылуу жолдоп келет. (TAb)
Шерине