Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:13

Экономика

Кыргызстанда айдоочулардын чыгымы дагы көбөйөт. Жаңы жылдан тарта бензин жана дизел майынын ар бир литрине кошумча 1 сом төлөнөт. Өкмөт жолдо көп жүргөндөр көп төлөшү керектигин билдирди.

1 сом эмнеге төлөнөт?

Өкмөттүн эсебинде, жаңы төлөм кошумча бир нече миллиард сом киреше алып келет. Ал жолдорду оңдоп-түзөөгө жумшалат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, жолдорду тейлөөгө жылына 10 млрд сом керектелет. Бирок бюджеттен болгону 2 млрд сом бөлүнөт.

“Бул эч нерсеге арзыбайт”, - деп министрлик мыйзам долбоорунда жазган.

Кыргызстанда 1 млн 400 миңге жакын унаа катталган. Анын 1,1 миллиону – жеңил машинелер. Өкмөт автоунаалардын саны жыл сайын өсүп, жолдорду коопсуз абалда кармоого чыгым да өсүп жатканын айтууда. Ал көбөйүп жаткан чыгымды айдоочулар төлөшү керек деп эсептейт.

“Бул “ким жолдо көп жүрсө, көбүрөөк төлөйт” принциби киргизилген өлкөлөрдүн тажрыйбасы. Күйүүчү майга жыйым/салык салуу тажрыйбасы Казакстан, Беларус, Азербайжан, Грузия жана башка өлкөлөрдө бар экенин белгилей кетүү керек”, - деди Транспорт министрлиги.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда күнүнө орточо 1781 тонна бензин жана 1507 тонна дизел майы сатылат.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда күнүнө орточо 1781 тонна бензин жана 1507 тонна дизел майы сатылат.

2022-жылы жолдорду тейлөө үчүн Жол фонду түзүлгөн. Анын бир нече киреше булагы бар. Бюджеттик каражаттан тышкары күйүүчү-майлоочу майлардын акцизинин 50%, унаага байланыштуу төлөмдөр жана айыптар да фонддун эсебине түшөт. 2024-жылы Жол фонду 5 млрд сом киреше алат деп пландалган. Бензин жана дизелге 1 сом акы кошулса, кийинки жылы фонддун кирешеси 7 млрд сомго жетет деп эсептелди.

Жаңы төлөмдөн түшкөн киреше алгач республикалык бюджетке келип, кайра Жол фондуна которулат.

Айдоочуларга дагы бир салыкпы?

20-ноябрда мыйзам долбоору 10 мүнөт ичинде дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Эми ага президент кол коюшу керек.

Документке жалгыз каршы добуш берген депутат Дастан Бекешев айдоочулардын жүгү жыл сайын көбөйгөндөн көбөйүп баратат деген пикирде. Бекешев буга чейинки талкууларда 1 сомдук төлөм киргизилсе, анда унаа ээлерин мүлк салыгынан бошотуу керектигин айткан эле.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.

“Бул мыйзамды колдобош керек. Себеби бул салыктай эле көрүнүп турат. Автоунаа ээлери ансыз деле камсыздандырууга төлөп жатышат, бензин алганда акциздик салыкты төлөшөт, мүлк салыгы бар. Бул төртүнчү төлөм болот. Туура эмес болуп калат. Анда биз унаа үчүн мүлк салыгын жоюшубуз керек. Ошондо акыйкат болот - ким канча айдаса, ошончо төлөйт. Биз болсо дагы жаңы салык кошуп жатабыз”, - деген депутат 23-сентябрдагы талкууда.

Өкмөт 1 сом салыктык эмес төлөм деп билдирүүдө. Бирок ал кандай аталбасын, айдоочуларга кошумча салык эле болуп калат дейт депутат, экономика министринин мурунку орун басары Элдар Абакиров. Ал унаа ээлери күйүүчү майга акциз дагы төлөп жатканын эске салды:

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров.
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров.

“Бул табияты бир эле салык – литрден алынат. Бирок эки жолу төлөтүп жатабыз. Азыр Экология министрлиги келет, экологияны бузгандыгы үчүн бизге да 1 сом бергиле дейт. Дагы башкасы келет. Анда бизде салыктык эмес төлөмдөрдүн 20-30-50 түрү болуп кетет. Андан көрө акцизге эле кошуп коюу керек”.

Мунай ташуучулар ассоциациясынын президенти Канат Эшатов күйүүчү майдын кымбаттоосу башка тармактарга да таасирин тийгизерин эскертүүдө:

“Бул автоматтык түрдө экономиканын бардык тармактарында баалардын өсүшүнө алып келет”, - дейт ал.

“Жайлоого чейин жолдор оңдолот”

Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев өкмөттүн сунушун колдоо керектигин мындайча түшүндүрдү:

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев.

“Кечээ урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич [Жапаров] менен сүйлөштүк. Буюрса, 15-20-декабрда 1250 даана жол чарбасына иштей турган атайын техника келип жатат. Анын 750сү ушул Жол фондуна түшкөн каражаттын эсебинен алынды. Экинчиден, буюрса, 2027-жылдан тартып Жол фондуна түшкөн каражаттан баардык айылдарга, жайлоолорго чейин кеткен жолдорго бүт асфальт төшөлөт. Бюджеттен акча бөлүнбөйт, бүт иштер Жол фондунун акчасынан кетет. Бул абдан маанилүү, керектүү, иштей турган мыйзам”, - деди спикер.

Кыргызстанда учурда жалпы 34 миң чакырым жол бар, анын 20 миң чакырымын Транспорт министрлиги тейлейт. Мекеменин билдиришинче, келечекте өлкөдөгү жолдордун баарын Жол фонду тейлейт.

Мыйзам долбоорунда жазылгандай, жаңы төлөм кандайдыр бир “социалдык чыңалууга алып келиши мүмкүн”, бирок кеңири коомдук түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Күйүүчү май кымбаттайбы?

“Биз өтө кымбаттайт дегенден алыспыз”, - деп Жогорку Кеңештеги талкууда Транспорт министринин орун басары Бекназар Базаралиев кыска жооп берди.

  • Учурда Кыргызстандагы эң популярдуу Аи-92 бензининин орточо баасы 67,1 сом;
  • Аи-95 – 74 сом;
  • Аи-80 – 60,8 сом;
  • Дизел майы – 74,9 сом.

1-январдан тартып анын баарына 1 сомдон кошулат. Бул сумма күйүүчү майдын баасы кандай өзгөрсө да кала берет.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда күнүнө 1781 тонна бензин жана 1507 тонна дизел майы сатылат. Жылына республикада 1,4 млн тонна күйүүчү-майлоочу май керектелет.

Ипотекалык насыялоонун "Топтомо ипотека" продуктусу
Ипотекалык насыялоонун "Топтомо ипотека" продуктусу

Президент Садыр Жапаров ипотекалык насыялоо боюнча “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын шарттарын өзгөрткөнүн жарыялады.

Жаңы жарлыкка ылайык, мындан ары Мамлекеттик ипотека компаниясы менен “Элдик Банк” биргелешип “Топтомо ипотека” деп аталган жаңы өнүмдү ишке киргизет.

Жарлыкка ылайык, бериле турган ипотекалык насыянын суммасы “Социалдык” жана “Жеңилдетилген ипотека” боюнча 4 млн сомго чейин, ал эми “Арзан ипотека” боюнча 5 млн сомго чейин насыя берилет.

Кардардын өзүнүн 30% үлүшү чогулгандан кийин, сумманын 20% “Элдик Банк” жылдык 10% үстөгү менен беш жылга берет. Үйдүн наркынын калган 50% бөлүгүн Мамлекеттик ипотекалык компания жылдык 8% үстөгү менен 15 жылга каржылайт.

Насыяны алууда кошумча күрөө талап кылынбайт, алынып жаткан кыймылсыз мүлктүн өзү насыя төлөнүп бүткөнгө чейин күрөөдө турат.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлү Жылдыз Бекбаева жаңы киргизилип жаткан өнүмдүн шарттарын мындайча түшүндүрдү:

“"Топтолмо ипотека" үлүштүк курулуш механизминин көмөкчү продукту болуп эсептелет. Өзүңүздөр билесиздер, ушул жылдын 15-апрелинде биз үлүштүк курулуш механизмин ишке киргизгенбиз. Бул механизмдин шарттары боюнча жарандар үйдүн жарым акчасын алдын ала төлөшү керек болот. Бирок, тилекке каршы, бардык эле жарандарда үйдүн жарым акчасы жок. Бул ошол жарандарга банк аркылуу акча чогултуу жолу менен ипотека алууга жардам бере турган продукт. Алгач Ипотекалык компаниянын расмий сайтына кирип өтүнмө берет, өтүнмөсү жактырылгандан кийин “Элдик Банкка” барып, ал жерден депозит эсеп ачат. Турак жайдын баасынын 30% чогултса, банк 20% каржылап берет”.

Өкмөт мындай жол менен калктын калың катмарын ипотекалык насыялоо мүмкүндүгү жаралат деп эсептейт. Насыялоонун шарттары боюнча, мамлекеттик ипотеканы наамында кыймылсыз мүлкү жок жарандар гана ала алат. Компаниянын сайтындагы маалымат боюнча, 2016-жылдан бери жалпысынан 9799 жаранга 15 млрд сомдук ипотекалык насыя берилген. Дагы 40 411 адам кезекте турат.

Ипотекалык компаниянын маалыматында, өлкө боюнча 40 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатат. Анын ичинен 20 миңден ашуун батир Бишкек шаарында, калган 20 миңден ашууну аймактарда курулууда. МИК 2030-жылга чейин 40 миңден ашуун үй-бүлөнү турак жайлуу кылууну көздөрүн билдирип келет.

Буга чейин Министрлер кабинетинин алдында иштеп келген Мамлекеттик ипотекалык компания 2024-жылдын ортосунда президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөн. Муну менен катар, мурда өлкөнүн бардык аймактарында насыяны акчалай берип келген компания Бишкек менен Ош шаарларында турак жайларды өзү түз буюртма менен кура баштаган.

Ипотекалык турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин мамлекет акысыз берет. Алардын бир бөлүгү атайын кызмат “кезинде мыйзамсыз менчиктештирип алган” деп, жеке менчиктен мамлекетке кайтарып алган жерлер.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын мурунку директору, насыялоо боюнча серепчи Бактыбек Шамкеев өкмөт ипотекалык насыялоо аркылуу калктын аз кирешелүү, мамлекеттик бюджетке көз каранды бөлүгүн жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо саясатын жүргүзүп жатканын айтты:

“Азыр ипотекалык компания батирди ачкычына чейин бүтүрүп, 650 доллар менен берип жатпайбы. Курулуш компаниялардыкы көбүнчө ички жасалгалоосу жок, эң арзаны 850-900 доллардан башталып атат. Албетте, курулуш компаниялардын батирлеринин баасына сөзсүз жердин да баасы кирет. Мамлекет бөлүп берип жаткандыктан, ипотеканын баасына жердин баасы кирбейт. Социалдык турак жай ошондой шарт менен берилиш керек. Өкмөт аны ойлонуп, мехнизмдерин иштеп чыгууга тийиш. Мына ошол механизмдер өкмөт тарабынан азыр иштеп атат – жерди бекер алып берип, керек болсо инфратүзүмдү жеткирип. Ошону менен алар бюджеттик чөйрөдө иштеген жарандарыбызды батирлер менен камсыз кылганга аракет жасап жатышат. Ипотекалык компания рыноктун чөйрөсүндө иштеп жаткан жок. Алар салып жаткан өзүнчө максаттуу аудиториясы бар. Курулуш компаниялар рыноктун баасы менен бүт жарандарыбызга тиешелүү. Булар сөзсүз “бюджеттик чөйрөдө иштегендер же мынча киреше болуш керек” деп талап коёт, иши кылып, сөзсүз баарын карайт. Азыр бюджетте канча киши иштеп атат? Биз эсептеп атканда 140 миң киши иштеп аткан. Ошонун ичинен 100 миң жараныбыз батирге муктаж болчу. Азыр өкмөт ошол маселени чечип жатат”.

Серепчи коммерциялык курулуш компаниялары Кыргызстанда өтө жогорку киреше менен иштеп жатканын ал чөйрөдөн чыгып жаткан олигархтардан улам баамдаса болорун айтат. Ошол эле маалда Мамлекеттик ипотекалык компания учурда өзүнө мүнөздүү эмес, курулуш иши менен алектенип жатканын кошумчалады. Ал эл аралык тажрыйбада курулуш иши менен девелопердик компаниялар алектенерин белгилейт.

Октябрдын соңуна карай Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 32,4 млрд сом болууда.

Акылбек Жапаровдун жакында Жогорку Кеңеште берген баяндамасында жазылгандай, өкмөт ипотекалык насыялоону көбөйтүү үчүн быйыл “Турукташтыруу фонду” аркылуу бюджеттен 13,5 млрд сом бөлгөн. Буга чейин бул тармакка Сауд Арабиясынан 100 млн доллар, Ислам өнүктүрүү банкынан 79 млн доллар насыялык каражат алынып жатканы жарыяланган. Германиянын KfW банкынан алынган 14,9 млн евро карыз да ипотекалык насыялоого алмаштырылган.

Ипотека рыногун мамлекеттик насыялоо “Элдик Банк”, “Айыл Банк”, “Кыргызстан банк”, “Бакай Банк” жана KICB банктары аркылуу жүргүзүлөт. Компаниянын отчету боюнча, коммерциялык банктарга 2023-жылы 10,5 млрд сом, 2024-жылдын тогуз айында 10,7 млрд сом берилген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG