Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:46

Экономика

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш "Оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча Министрлер кабинети сунуштаган мыйзамды талкуусуз кабыл алып, толук же жарым-жартылай мамлекеттик менчикте болгон мейманканалардын аймагында казино ачууну колдоду.

Натыйжада кумар оюндарын уюштурууга түзүлгөн шарттар дагы да кеңейди. Айрым депутаттар өкмөттүн “казино ачылганда ири киреше түшөт” деген убадасын эске салып, бул тармактан салык өтө аз болуп жатканын сынга алышууда.

Чукул өзгөртүлгөн мыйзам

Толук же жарым-жартылай мамлекеттик менчиктеги мейманканалардын жана башка объектилердин аймагында казино ачууга уруксат берүүгө багытталган мыйзамды Министрлер кабинети качан коомдук талкууга чыгарганы белгисиз.

Документ 18-октябрда Жогорку Кеңеште катталган соң гана ачыкка чыккан.

"Оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун парламенттин алты фракциясы 22-24-октябрь күндөрү өткөн жыйындарында толук жактырган. Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет 28-октябрдагы отурумунда документти баяндамасыз жана суроо-сопкутсуз колдоп берди.

30-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Гүлшат Асылбаева мыйзам долбоору жөнүндө баяндама жасады:

Гүлшат Асылбаева
Гүлшат Асылбаева

“Маалым болгондой, “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” мыйзамдын 13-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, казино рестораны бар мейманкана комплексинде гана жайгаштырылышы керек. Ошол эле 13-берененин 3-бөлүгүндө оюн-зоок жайына карата белгиленген чектөөлөр бар. Тагыраагы мамлекеттик же муниципалдык менчик болуп саналган кыймылсыз мүлк объекттеринде, ошондой эле капиталында мамлекеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үлүшү бар ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кыймылсыз мүлк объекттеринде жайгашууга тыюу салынат. Баарыбыз билгендей, Кыргызстанда толугу менен же жарым-жартылай мамлекеттик же муниципалдык менчикте болгон мейманканалар жана алардын капиталында мамлекеттин үлүшү бар мейманканалар да бар. Ошондуктан мыйзам долбоордо оюн-зоок жайларын мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган имараттарда жана курулмаларда жайгаштырууга тыюу салган ченемди алып салуу сунушталууда”, – деди ал.

Документтин негиздеме-маалымкатында мыйзам долбоору ишкердик субъекттердин ишин жүзөгө ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөрү жана республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө салым кошору белгиленген.

Мамлекеттин үлүшү бар мейманкаларга оюн-зоок жайларын ачуу туристтердин агымын көбөйтүүгө гана эмес, ички жана эл аралык рыноктордо алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга да мүмкүндүк бере турганы айтылат.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жетекчиси Данияр Төлөнов мыйзам долбоору тууралуу депутаттарга угузуп жатып, ал “шашылыш” экенине басым жасап өткөн.

30-октябрдагы жалпы жыйында комитеттин корутундусун Төлөновдун орун басары, депутат Дастан Бекешев окуду:

“Бюджет комитети бул мыйзам долбоорду биринчи окуудан карап чыккан учурда сунуштар түшкөн жок. Бул жерде фракциялардын бул мыйзам долбоорун үч окуудан кабыл алуу жөнүндө чечими бар. Ошондуктан комитет да документти үч окуудан кабыл алуу тууралуу чечим чыгарды”.


Эч бир депутат суроо берген жок. Натыйжада мыйзам долбоору үч окууда добушка коюлуп, үчөөндө тең көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

“Күтүлгөндөй акча түшкөн жок”

Казино ишмердигине 2012-жылы 1-январда салынган тыюу 2022-жылы алынган. Парламентте мыйзам талаш-тартыш менен кабыл алынып, кийин президент кол койгон. Бишкек, Ош шаарларында казино иштетүүгө уруксат берген мыйзамды кабыл албоого чакырган митингдер өткөн.

Мыйзамга ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казиного киргизилбейт. Бийлик кумар оюндарды уюштурууга кайрадан уруксат берип жатканына мына ушуну эң башкы жүйө катары айткан.

Өкмөт мындан сырткары кумар оюндарынан казынага 2 млрд сомго жакын акча түшөрүн билдирген. Бирок азырынча төлөмдөрдүн жана салыктардын көрсөткүчү ага караандабайт.

Эки жыл ичинде Кыргызстанда казинонун ишмердүүлүгүнө үч лицензия жана букмекердик кеңсеге төрт лицензия берилген. Жалпысынан кумар оюндарынын субъектилери казиного лицензия алуу үчүн 210 миллион сом, букмекердик лицензия алуу үчүн 42 миллион сом төлөшкөн.

Ал салык оюн-зоок ишмердигинин субъекттеринен салык иретинде 2023-жылы 118,5 млн сом салык төлөнгөн. 2024-жылдын тогуз айында бул тармактан түшкөн салыктын суммасы 208,7 млн сомду түзгөн.

Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин жыйындарында былтыр да, быйыл да сөз болуп, убада кылынган салык түшпөй жатканы айтылган. Ал тургай айрым эл өкүлдөрү мындай шартта аларды кайра жабууну сунуш кылышкан.

Депутат Бактыбек Чойбеков мыйзамды өзгөртүү чечими кабыл алынган соң “Азаттыкка” буларды айтты:

Бактыбек Чойбеков
Бактыбек Чойбеков

“Биринчиден, мен диний түшүнүктөн улам казино тууралуу мыйзам сунушталганда да каршы добуш бергем. Кечээ аны өзгөртүү тууралуу долбоор келгенде да аны колдогон жокмун. Экинчиден, казинолордон күтүлгөндөй акча түшкөн жок. Аны сунуштап жаткан маалда Министрлер кабинети берген убаданын ондон бири да аткарылбады. Менин каршы болуп жатканымдын дагы бир себеби ушул”.

Расмий маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн ачылган эки казино иштеп келет. Алардын бири "Гранд казино" президенттин жакын санаалашы делген Арзыбек Буркановдун жакындарына таандык экенин журналисттер иликтеп чыгышкан. Мындан сырткары "Казино Кристал" ишканасына лицензия берилгени сентябрда маалым болгон.

Өкмөт өкүлдөрү казинолорго кайрадан уруксат берүү маалында убада кылынган сумма бул бир-эки жылдык эмес, узагыраак убакытта аткарыла турган иш экенин айтып келишет.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бул жалпы эле инвестициялык жана туристтик кырдаалга таасир этерин, казинодон түз түшкөндөн сырткары кыйыр пайдасын да эстен чыгарбоо керектигин белгиледи:

Данияр Амангелдиев
Данияр Амангелдиев

“Биз өз эсебибизде шаарлардагы рестораны бар мейманкалардын баары эле казино уюштурат деп ойлогонбуз. Анткени ири мейманкалардын көбүнө эле чет мамлекеттердин жарандары жайгашат эмеспи. Казинону ошолор ойнойт деген максат менен жасалган. Эгерде “акча аз түшүп жатат” дегендер болсо, анда “демек биздин жарандар чындап ойнобой эле турат экен, жалаң чет элдиктер ойноп жатат экен” деп, сүйүнүшпөйбү. Бирок мында башкысы инвестициялык мүмкүнчүлүк берилди. Бул сөзсүз түрдө киреше бөлүгүн кескин көбөйтүп жиберүүсү шарт эмес. Бул чара менен башкысы мейманкаларды курганга шарт түзүлгөн, ошондой артыкчылыгы болсо демек туристтердин да келишине кошумча импульс берилет. Инвесторлор мейманкана салгандан кийин андагы кызмат көрсөтүүлөрүн кеңейтиши керек да. Мисалы, чет элдиктердин бир тобу иш сапар менен, бир тобу туризм үчүн келишет. Анан дагы бир тобу так ошол оюн-зооктор үчүн келиши мүмкүн. Жөнөкөй тил менен айтканда, так мына ошолорго шарт түзүүгө мейманкана ээлерине уруксат гана берилген. Толук же жарым-жартылай мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган мейманканалардын же аймагында да казино уюштурууга уруксат берип жаткандарыбыз да ошондон. Себеби, мамлекеттик же муниципалдык жерге мейманкана курса, мыйзамдын буга чейинки талабына ылайык ал жерге казино ача албайт калат экен да. Биз мына ошону өзгөртүп, шартты дагы да жеңилдетип жатабыз. Анан башында бир эле казино бар болчу, саны эми гана көбөйүүдө. Казино көп болсо алардын ар бири лицензия жана андан кийинки жыйым үчүн, ар бир үстөлдүн акысын, салыкты жана башка төлөмдөрдү төлөй берет. Анан төлөмдөр, башкача айтканда бюджеттин кирешеси да жылдан жылга көбөйө берет”.

“Азаттык” быйыл 12-апрелде “Бишкектеги кофеканага жамынган кумар оюндары” деп аталган иликтөө жарыялаган. Анда жарым жылдан бери Бишкекте бир нече “Кофе и точка” деген жай иштеп жатканы, сыртынан кофеканалардын бириндей көрүнгөнү менен ичинде кумар оюндары ойнотула турганы аныкталган. Иликтөөдө кумарканага машинасын, акчасын уттурган адамдар тууралуу сөз болгон.


Мындан кийин Бишкектеги Свердлов райондук ички иштер бөлүмү өзүнүн аймагындагы “Кофе и точка” жайларынын эки филиалын жаап, эшигине мөөр басып кеткен. Ал эми башка райондогу кеңселери иштеп жатканы кабарланган. Жалпы жонунан “Кофе и точканын” Бишкекте тогуз, Ошто эки филиалы болгон.

26-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев жана Эрулан Көкүлов Финансылык көзөмөл кызматынын өкүлү, милиция кызматкерлери менен бирге Бишкектеги “Кофе и точка” жайларын текшерүүгө барып, аларды жабууну талап кылышкан.

"Азаттыктын" архиви: “Бишкектеги кофеканага жамынган кумар оюндары" 12-апрель, 2024-жыл.

Бишкектеги кофеканага жамынган кумар оюндары
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:39 0:00

Иллюстрация
Иллюстрация

Америка Кошмо Штаттары Service Fly Bishkek деп аталган кыргызстандык дагы бир компанияга санкция салды. Аталган компания өнүккөн өлкөлөрдөн учак тетиктери менен жабдыктарын сатып алып, аларды санкциялык тыюуларга карабай Орусияга жеткирип турган.

АКШнын Каржы министрлигинин сайтына 31-октябрда жарыяланган маалыматта көрсөтүлгөндөй, Кыргызстанда катталган Service Fly Bishkek компаниясы быйыл январь айынан майга чейин Европадан жана АКШдан жалпы суммасы 1,2 млн доллардан ашуун каражатка жабдыктарды алып, Орусиядагы "Склад Форесс" компаниясына жөнөткөн.

АКШнын Каржы министрлиги таркаткан маалыматта Орусияга алдыңкы технологияларды жана жабдыктарды жеткирүүгө катышы болгон 275 компания менен жеке адамдарга санкция салганы жазылган. Бул санкциялар кош багыттагы товарларды Орусиянын аскердик өндүрүшүнө өткөрүүдө үчүнчү өлкөлөргө жамынган компанияларга багытталганы белгиленген. Расмий маалыматта АКШнын Финансы министринин орун басары Уолли Адейемонун билдирүүсү берилген.

“Кошмо Штаттары жана биздин союздаштарыбыз Орусиянын мыйзамсыз жана моралсыз согушуна зарыл болгон жабдыктар менен технологиялардын агымын токтотуу үчүн чечкиндүү аракеттерди көрүп жатат. Биздин бүгүнкү иш-аракеттерибиз Орусиянын өз аскердик машинасын жабдуусун алсыратууда жана алардын санкциялар менен экспорттук көзөмөлдү кыйгап өтүүсүнө жардам берүүгө умтулгандарды токтотууда чечкиндүүлүгүбүздөн кайтпай турганыбызды көрсөтүп турат”, - деген АКШнын Финансы министринин орун басары Уолли Адейемо.

Кыргыз бийлиги санкциялык чарага илинген компания тууралуу азырынча кандайдыр бир маалымат жарыялай элек. Компаниянын жетекчилери менен да байланышуу мүмкүн болбой турат.

Service Fly Bishkek Орусияга реэкспортту кантип жасаган?

Юстиция министрлигинин базасын карасак, Service Fly Bishkek компаниясы Бишкектин Ибраимов, 115 дарегинде катталган. Аны 2023-жылдын 3-майында Магомед Омаров аттуу жаран негиздеген. Бул жарандын 2001-жылы башкалар менен чогуу түзгөн дагы бир компанияда ысымы аталганы болбосо, Кыргызстандын жарандары же шайлоочулары тууралуу башка расмий булактарда аты-жөнү кездешпейт.

“Ачык бюджет” порталындагы маалымат боюнча, компания миллиондогон долларга соода жүргүзгөнүнө карабай, Кыргызстандын мамлекеттик казынасына 2023-жылы 805 миң сом, 2024-жылдын он айында 698 миң сомдой төлөм төккөн.

Мунун сыры аталган компаниянын импорттук жана реэкспорттук операциялары негизинен Кыргызстанга кирбей туруп жасалганында сыяктанат. Мындай божомолго “Ачык бюджет” порталындагы Кыргызстанга кирген товардын изинин жоктугу жана башка ачык булактардагы маалыматтар түрткү берет.

Эл аралык ачык булактардагы маалыматтар боюнча, компания Кыргызстанда катталганы менен негизинен Түркия аркылуу иштеген. Товарларды АКШ менен Европадан Түркияга импорттоп келип, андан ары Орусияга жөнөтүп турган. Булактардын баарында тең Service Fly Bishkek компаниясынын Орусиядагы кардары "Склад Форесс" жана ошонун англисче аталышындагы Warehouse Foress деген ишкана экени белгиленген.

Ал эми Tradeindata платформасындагы маалыматтар Service Fly Bishkek компаниясы 2023-жылдын июнь айынан азыркы күнгө чейин 39 транзакция жасап, анда 18,5 тонналык 12 партия товарды Орусияга жөнөткөнүн көрсөтөт. Анда жалпысынан 28 түрдүү товар саткан. Товарлар негизинен авиацияга керектүү болгон ар түрдүү тетиктер менен жабдыктар болгон.

Банк тармагы боюнча серепчи Сүйөркул Абдыбалытегин эл аралык санкциялардын кесепеттерин кыргызстандык ишкерлер да жакшы эле тартып жатышканын айтат. Ал Кыргызстан мындай олуттуу тобокелдиктен оолак болгону жакшы деп эсептейт.

“Санкциялардын начар жагы – технологиялардан кемийт, инновациялардан кемийт, орустарда жок технологиялык инновациялар боюнча чоң маселелер келип чыгат. Бул өтө олуттуу, чоң маселелерден. Мен өзүм бир-эки операциялар боюнча талдоого катышып калган учурлар бар. Орусиялык банк санкцияга кирип, анан биздин ишканалардын төлөгөн төлөмү Европада кайсы бир мамлекетте “санкцияга кирди” деп эч жакка жылбай туруп калган учурлар болгон. Алты айлап, сегиз айлап жүрүп, АКШнын ошолорду караган атайын ошондой уюму бар, ошого кайрылып акчаларын араң чыгарып алган учурлар болду эми эле. Бизде бар ал маселелер. Бул өтө чоң тобокелдиктердин бири”.

Бишкек: Орусия менен кызматташууга мажбурбуз

Расмий Бишкек Орусияга салынган санкциялар жана ага Кыргызстандын катышы боюнча өз позицияларын тынбай билдирип, бул жаатта Кыргызстанга сырттан басым болуп жатканын белгилеп келет. Октябрдын башында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстан эл аралык санкцияга киргизилген товарларды киргизбей, өз милдетин аткарып жатканын билдирген. Анын ырасташынча, айрым товарларды чектөө боюнча Бишкек милдеттемелерди алып, аларды өлкө аймагына өткөрбөй келет.

Президент Садыр Жапаров 16-октябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган кезектеги маегинде Кыргызстан Орусиядан азык-түлүктү, мунайды импорттоп, ал жакта мигранттары иштеп жүргөндүктөн, кызматташпай коё албашын билдирген.

“Орусия менен биз кызматташпай коё албайбыз. Биздин ортобуздагы товар жүгүртүү 4 млрд доллардан ашат. Биз Орусиядан нефть, газ, буудай жана башка тамак-аштарды сатып алабыз. Географиялык жактан алганда биз туюк өлкөдө жашайбыз. Биздин дүйнөгө чыга турган авто жана темир жолубуз да Орусия аркылуу. Орусияда миллионго жакын мигранттарыбыз бар. Анан кантип биз Орусия менен иштешпей коё алабыз? "Силер өзүңөр, Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн айрымдары, санкцияга карабай эле Орусия менен иштешип жатасыңар го. Орусия менен болгон соода-сатыгыңар жылына 6 миллиард долларга чыгып жатпайбы. Анан өзүңөргө керек болгондо Орусия менен жакшынакай эле кызматташасыңар дагы, бизге келгенде эле иштешпегиле дейсиңер. Силердин бул талабыңар адилетсиз" деп ачык эле айтып жатам”.

2022-жылдын февралында Орусиянын армиясы Украинага кол салып, анын айынан эл аралык санкцияларга кабылгандан бери Кыргызстан аркылуу ал жакка кош багыттагы жана жогорку технологиялуу товарлардын өтүшү күчөгөн. Батыш өлкөлөрү санкциялык эрежелерди кармануу чакырыгын Бишкекке бир нече ирет билдирген. Үч жылдай мезгил ичинде санкциялык товарларды Орусияга ташып иштеген ондон ашуун кыргызстандык компания санкцияга кириптер болду.

Расмий сатистика боюнча Европа өлкөлөрүнүн Кыргызстанга экспорту менен Кыргызстандын алардан импортунун көлөмүндө ири ажырым бар. Эл аралык эксперттер Европадан Кыргызстанга кеткен товарлар көп учурда дарегине жетпей, орто жолдон Орусияга бурулуп кетерин айтып келишет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG