Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:26

Ипотекалык программа "Топтомо ипотека" аркылуу берилет


Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан үйлөрдүн бири. Жалал-Абад, Кыргызстан.
Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан үйлөрдүн бири. Жалал-Абад, Кыргызстан.

Президент Садыр Жапаров "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө" жарлыкка өзгөртүү киргизди. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтына 18-ноябрда жарыяланды.

Бул жарлык менен “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартибине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет. Бул “Мамлекеттик ипотекалык компания” менен “Элдик Банктын” “Топтомо ипотека” программасын ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Президенттин жарлыгында жазылгандай, турак жайды каржылоо багыттары боюнча ипотекалык кредиттин суммасы төмөнкүчө бөлүнөт:

– “Социалдык ипотека” 4 000 000 (төрт миллион) сомго чейин;

– “Жеңилдетилген ипотека” 4 000 000 (төрт миллион) сомго чейин;

– “Арзан ипотека” 5 000 000 (беш миллион) сомго чейин.

"Топтомо ипотека” “Турак жайды үлүштүк куруу” механизми аркылуу “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында турак жайды жеңилдетилген шартта, аз өлчөмдөгү баштапкы чыгым жана мамдекеттин колдоосу менен сатып алууга мумкүнчүлүк берет.

"Топтомо ипотека" төмөнкүдөй шартта берилет:

- кыймылсыз мүлктүн алдын ала наркынан 30% 6 айга банкка депозитке салынат;
- турак жай наркынан 20% – жылдык 10% менен 5 жылга банктык насыя;
- калган 50%ы – жылдык 8% менен 15 жылга ипотека;
- күрөө талап кылынбайт.

19-октябрда Мамлекеттик ипотекалык компаниясына таандык “Ынтымак” турак жай комплексинин курулушуна капсула салып жатып, президент Садыр Жапаров учурда өлкө боюнча жалпы аянты 2 миллион чарчы метрди түзгөн 40 миңден ашуун батирдин курулушу кызуу жүрүп жатканын айткан.

Быйыл жыл башында "Менин үйүм 2021-2026" программасынын негизинде жарандарды социалдык турак жай менен камсыздоого багытталган жарлыкка кол коюлган. Аны чечмелеп Фейсбукка пост жазган мамлекет башчы Мамлекеттик ипотекалык компания жалпы 40 райондо, 32 шаарда жана жети облустун борборунда көп кабатуу үйлөрдү кура баштай турганын билдирген.

Президент Жапаров ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин карамагындагы жер тилкелерин аныктап, аларды МИКке мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү тапшырмасын койгон. Март айында Мамлекеттик ипотекалык компания Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөн. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG