Жаңы жарлыкка ылайык, мындан ары Мамлекеттик ипотека компаниясы менен “Элдик Банк” биргелешип “Топтомо ипотека” деп аталган жаңы өнүмдү ишке киргизет.
Жарлыкка ылайык, бериле турган ипотекалык насыянын суммасы “Социалдык” жана “Жеңилдетилген ипотека” боюнча 4 млн сомго чейин, ал эми “Арзан ипотека” боюнча 5 млн сомго чейин насыя берилет.
Кардардын өзүнүн 30% үлүшү чогулгандан кийин, сумманын 20% “Элдик Банк” жылдык 10% үстөгү менен беш жылга берет. Үйдүн наркынын калган 50% бөлүгүн Мамлекеттик ипотекалык компания жылдык 8% үстөгү менен 15 жылга каржылайт.
Насыяны алууда кошумча күрөө талап кылынбайт, алынып жаткан кыймылсыз мүлктүн өзү насыя төлөнүп бүткөнгө чейин күрөөдө турат.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлү Жылдыз Бекбаева жаңы киргизилип жаткан өнүмдүн шарттарын мындайча түшүндүрдү:
“"Топтолмо ипотека" үлүштүк курулуш механизминин көмөкчү продукту болуп эсептелет. Өзүңүздөр билесиздер, ушул жылдын 15-апрелинде биз үлүштүк курулуш механизмин ишке киргизгенбиз. Бул механизмдин шарттары боюнча жарандар үйдүн жарым акчасын алдын ала төлөшү керек болот. Бирок, тилекке каршы, бардык эле жарандарда үйдүн жарым акчасы жок. Бул ошол жарандарга банк аркылуу акча чогултуу жолу менен ипотека алууга жардам бере турган продукт. Алгач Ипотекалык компаниянын расмий сайтына кирип өтүнмө берет, өтүнмөсү жактырылгандан кийин “Элдик Банкка” барып, ал жерден депозит эсеп ачат. Турак жайдын баасынын 30% чогултса, банк 20% каржылап берет”.
Өкмөт мындай жол менен калктын калың катмарын ипотекалык насыялоо мүмкүндүгү жаралат деп эсептейт. Насыялоонун шарттары боюнча, мамлекеттик ипотеканы наамында кыймылсыз мүлкү жок жарандар гана ала алат. Компаниянын сайтындагы маалымат боюнча, 2016-жылдан бери жалпысынан 9799 жаранга 15 млрд сомдук ипотекалык насыя берилген. Дагы 40411 адам кезекте турат.
Буга чейин Министрлер кабинетинин алдында иштеп келген Мамлекеттик ипотекалык компания 2024-жылдын ортосунда президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөн. Муну менен катар, мурда өлкөнүн бардык аймактарында насыяны акчалай берип келген компания Бишкек менен Ош шаарларында турак жайларды өзү түз буюртма менен кура баштаган.
Ипотекалык турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин мамлекет акысыз берет. Алардын бир бөлүгү атайын кызмат “кезинде мыйзамсыз менчиктештирип алган” деп, жеке менчиктен мамлекетке кайтарып алган жерлер.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын мурунку директору, насыялоо боюнча серепчи Бактыбек Шамкеев өкмөт ипотекалык насыялоо аркылуу калктын аз кирешелүү, мамлекеттик бюджетке көз каранды бөлүгүн жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо саясатын жүргүзүп жатканын айтты:
“Азыр ипотекалык компания батирди ачкычына чейин бүтүрүп, 650 доллар менен берип жатпайбы. Курулуш компаниялардыкы көбүнчө ички жасалгалоосу жок, эң арзаны 850-900 доллардан башталып атат. Албетте, курулуш компаниялардын батирлеринин баасына сөзсүз жердин да баасы кирет. Мамлекет бөлүп берип жаткандыктан, ипотеканын баасына жердин баасы кирбейт. Социалдык турак жай ошондой шарт менен берилиш керек. Өкмөт аны ойлонуп, мехнизмдерин иштеп чыгууга тийиш. Мына ошол механизмдер өкмөт тарабынан азыр иштеп атат – жерди бекер алып берип, керек болсо инфратүзүмдү жеткирип. Ошону менен алар бюджеттик чөйрөдө иштеген жарандарыбызды батирлер менен камсыз кылганга аракет жасап жатышат. Ипотекалык компания рыноктун чөйрөсүндө иштеп жаткан жок. Алар салып жаткан өзүнчө максаттуу аудиториясы бар. Курулуш компаниялар рыноктун баасы менен бүт жарандарыбызга тиешелүү. Булар сөзсүз “бюджеттик чөйрөдө иштегендер же мынча киреше болуш керек” деп талап коёт, иши кылып, сөзсүз баарын карайт. Азыр бюджетте канча киши иштеп атат? Биз эсептеп атканда 140 миң киши иштеп аткан. Ошонун ичинен 100 миң жараныбыз батирге муктаж болчу. Азыр өкмөт ошол маселени чечип жатат”.
Серепчи коммерциялык курулуш компаниялары Кыргызстанда өтө жогорку киреше менен иштеп жатканын ал чөйрөдөн чыгып жаткан олигархтардан улам баамдаса болорун айтат. Ошол эле маалда Мамлекеттик ипотекалык компания учурда өзүнө мүнөздүү эмес, курулуш иши менен алектенип жатканын кошумчалады. Ал эл аралык тажрыйбада курулуш иши менен девелопердик компаниялар алектенерин белгилейт.
Октябрдын соңуна карай Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 32,4 млрд сом болууда.
Акылбек Жапаровдун жакында Жогорку Кеңеште берген баяндамасында жазылгандай, өкмөт ипотекалык насыялоону көбөйтүү үчүн быйыл “Турукташтыруу фонду” аркылуу бюджеттен 13,5 млрд сом бөлгөн. Буга чейин бул тармакка Сауд Арабиясынан 100 млн доллар, Ислам өнүктүрүү банкынан 79 млн доллар насыялык каражат алынып жатканы жарыяланган. Германиянын KfW банкынан алынган 14,9 млн евро карыз да ипотекалык насыялоого алмаштырылган.
Ипотека рыногун мамлекеттик насыялоо “Элдик Банк”, “Айыл Банк”, “Кыргызстан банк”, “Бакай Банк” жана KICB банктары аркылуу жүргүзүлөт. Компаниянын отчету боюнча, коммерциялык банктарга 2023-жылы 10,5 млрд сом, 2024-жылдын тогуз айында 10,7 млрд сом берилген.
Шерине