Сүлүктү шаарынын Кольцо айылынын 44 жаштагы тургуну 19-декабрда үйүнөн кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 22-декабрда билдиргендей, жекшембиде издөө иштерине куткаруучулар да тартылды. Мындан тышкары милициядан жана жергиликтүү тургундардан жалпы 15 адам катышып жатат.
Жоголгон кишини алгач жакындары издеп, кийин милицияга жана ӨКМдин Сүлүктү шаардык бөлүмүнө кайрылышкан. (JsA)
Шерине