Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:05

Экономика

"Манас" соода-логистикалык шаарынын дизайн-долбоору.
"Манас" соода-логистикалык шаарынын дизайн-долбоору.

​​​​​​​Кыргыз өкмөтү Чүй облусунда 700 гектар аянтка курулганы жаткан Манас соода-логистикалык шаарын ири инвестициялык долбоор деп атап, ага стратегиялык ишеним артып турат. Кытай менен биргелешкен бул долбоорду кимдер ишке ашырат? Инвестициялык келишимдин шарттары кандай?

Инвестор компания долбоор кытай стандарттарына ылайык куруларын, ал Бээжиндин “Евразия континенталдык көпүрө” деп аталган ири программасын жүзөгө ашырууга чоң салым болорун жар салууда.

Манас шаары Аламүдүн районунун Ленин айылында Ала-Арча суу сактагычынын жээгине курулат. Кыргыз өкмөтүнүн жана кытай компаниясынын да маалыматы боюнча, шаардын курулушу 2 млн чарчы метр же 200 гектар аянтты ээлейт. Анын 700 миң чарчы метри кампалар, логистикалык борбор, жабдууларды сатуу борбору, бажы аймагы жана көмөкчү турак жайлардан турат. Кыргыз өкмөтү долбоордун жалпы баасы 4,2 млрд доллар, анын ичинен биринчи фазасына 700 млн доллар сарпталарын жар салган.

Ушул айда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров долбоорду баштоо аземине катышып жатып, Кытай менен кызматташуу кыргыз экономикасына эбегейсиз түрткү берерин айтты.

“Бул логистикалык борборду ири деңиз порту менен салыштырууга болот. Дүйнө жүзүнүн баары тең ушу Кытай мамлекети менен соода-сатык кылсак дейт. Анткени жалпы жер жүзүнүн ички дүң продукциясын ала турган болсок, ошонун 26% чейин ушу Кытай мамлекетинде өндүрүлүп жатат. Буйруса, дүйнөдөгү кайсы өлкө болсо да, биз деңиз аркылуу чыкканга, соода-сатык кылууга мүмкүнчүлүк алып жатабыз. Бул биздин айыл чарбабызга, өндүрүшүбүзгө, биздин кендерди кайра иштетүүдө, жаңы технологиялардын келүүсүнө абдан чоң шарттардын баарын түзүп бергени жатат”.

Министрлер кабинети 2023-жылы 8-декабрда “Кыргыз-кытай инвестициялык холдинги” компаниясы менен “Евразия” соода-логистикалык комплексин” куруу боюнча инвестициялык келишим түзгөн.
Анын тексти эч жерде жарыяланган эмес. Быйыл 30-августта ал келишимге өзгөртүүлөр киргизилген. Анда долбоордун аталышы “"Манас" соода-логистикалык шаары” деп өзгөртүлүп, компанияга Аламүдүн районунун Ленин айылынан 456,57 гектар жер тилкесин 49 жылга убактылуу колдонууга берүү каралган.

Келишим боюнча “Кыргыз-кытай инвестициялык холдинги” компаниясы долбоордун 51%, Кыргызстандын Министрлер кабинети 49% ээлик кылат.

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн жергиликтүү медиаларга берген маегинде бул соода-логистикалык комплекстин Кытайдын “Бир алкак, бир жол” демилгесинин логикалык бөлүгү экенин билдирген:

“Логистика азыркы дүйнөдөгү кызматташуунун абдан маанилүү тармагы болуп саналат. Өзгөчө Кытай менен Кыргызстан үчүн. Анткени биз коңшубуз. Коңшулар ортосунда соода жүргүзүүдө логистика өзгөчө орунду ээлейт. Кыргызстандын Борбор Азияда эле эмес, жалпы Азия менен Европа үчүн маанилүү орду бар. Кыргызстан - бириктирүүчү өлкө. Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун курууда дагы бул өзүнчө бир мааниге ээ болгон. Темир жолду куруп жаткандан кийин жакшы базарларды, кампаларды жана логистикалык борборлорду да курушубуз керек. Анткени товарлар кетип жатат, аларды кайсы бир жерде сатыш керек да”.

Шаарды ким курат жана канча каражат сарптайт?

Кытайдын өкүлү Жоро Маматасан Кыргызстан менен инвестициялык келишимге кол коюуда. 8-декабрь 2023-жыл.
Кытайдын өкүлү Жоро Маматасан Кыргызстан менен инвестициялык келишимге кол коюуда. 8-декабрь 2023-жыл.

“Манас” соода-логистикалык шаарын куруу милдетин мойнуна алган “Кыргыз-кытай инвестициялык холдинги” компаниясы 2023-жылы 20-ноябрда түзүлгөн. Башында аны кытайлыктар негиздеп, жетекчилигинде Жоро Маматасан аттуу кыргыз тектүү кытай жараны турган. Инвестициялык келишимге да ошол киши кол койгон. Геологиялык кызматтын маалыматы боюнча, Жоро Маматасан Кыргызстанда “Из кубар” жана “Промгео” деп аталган фирмалары аркылуу Базар-Коргон, Чаткал райондорундагы үч алтын кенге ээлик кылат.

“Кыргыз-кытай инвестициялык холдинги” 2024-жылы 3-октябрда кайра катталып, Кыргызстандан Кайрат Керимбеков аттуу жаран кошулуп, ал дароо эле жетекчиликти да колго алган. Түзүлгөндөн берки бир жыл ичинде мамлекеттик казынага төккөн салыктары менен төлөмдөрү 24 миң сом болгону анын ири өндүрүштүк капиталга ээ эместигин жана ишмердиги солгун экенин көрсөтөт.

Негизги инвестициялык келишимдин тексти жарыяланбагандыктан, андагы шарттар жана ким канча каражат салары белгисиз. Кытай тараптагы жарыяланган маалыматтарга карасак, куруучу компания долбоордун биринчи фазасына 482 млн доллары инвестиция кылары маалым.

Долбоордун курулушун баштоо аземинде Кытайдын Хунан провинциясындагы көп тармактуу холдингинин өкүлдөрү жүрдү. Жарыяланган маалыматтарды карап көрсөк, курулуш иштерин дал ошол компания жүргүзөт жана инвестициялык каражат да ошол жактан келет. Өкмөт жарыялаган 700 млн доллардын калган 200 миллиондон ашуун бөлүгү кайдан табылары белгисиз.

Hunan Construction Investment Group (HCIG) деп аталган холдинг Кытайдын Хунан дубанындагы курулуш тармагына адистешкен бир нече компаниялардын тобу болуп саналат.

Кытай компаниясы HCIG 15-июлда Бишкекте өз кеңсесин ачкан.
Кытай компаниясы HCIG 15-июлда Бишкекте өз кеңсесин ачкан.

Компания өз сайтында 15-июлда Бишкекте өкүлчүлүгүн ачканын жарыялаган. Муну менен катар холдингдин тармактык бутактары болгон SHICO жана Hunan Industrial Equipment Installation компаниялары кыргыз өкмөтү менен Чүй аймагында Евразия соода-логистикалык комплексин куруу келишимин түзгөнү билдирилген. Бул долбоор кийин “Манас” соода-логистикалык шаары” деп өзгөртүлгөнү белгилүү.

Компаниянын маалыматында биринчи фазаны жүзөгө ашыруу үчүн 3,5 млрд юань же 482 млн долларлык келишим түзүлгөнү кабарланат. Курулуштар Кытайдын стандарттарына ылайык долбоорлонору жана курулары белгиленген.

Экономикалык серепчи Эрлан Камалов бул долбоор Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун инфратүзүмдүк экосистемасына кирерин айтууда. Ал кыргыз экономикасы үчүн соода-сатык ишканаларын ачканга караганда, технологиялык өндүрүштү куруу көбүрөөк пайда алып келмек деп эсептейт.

“"Бир алкак, бир жол" стратегиясынын алкагында бул ошол экосистеманын же инфратүзүмдүн бир бөлүгү деп айтсак болот. Себеби ушул жерде соода-логистикалык шаардын курулуп жаткандыгы, ушул жерде соода ишканаларынын жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын пайда болушу сөзсүз ошол мурунку Улуу Жибек жолунун маршрутун жандантууга, ошол эле учурда Кыргызстандын Казакстандан, Орусиянын аймагы аркылуу өткөн транспорттук коридордон көз карандылыгын азайтууга дагы кандайдыр бир деңгээлде жакшы салым болот деп ойлойм. Негизи, соода-сатык компанияларына караганда, өнөр жай ишканаларынын курулушуна көбүрөөк көңүл курушубуз керек. Себеби ар бир келип жаткан инвестиция, кандайдыр бир ишкананын ачылып иштеп жатканы жергиликтүү элдин жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзүп, ошого жараша биздин жогорку-орто окуу жайлардагы адистерди даярдайт. Анан, келечекте Кыргызстан деле татаал технологиялык процесстерди камтыган өндүрүштү жолго коюп кете ала турган, ошондой бир акыркы жетишкендиктерди өздөштүрө ала турган мамлекетке айланышыбыз керек”.

Компания жарыялаган маалыматында бул долбоор менен Кытайдын ички райондорундагы ачык-айкындыкты жана реформаларды тездетүү үчүн жаңы Евразия континенталдык көпүрөсүн курууга жигердүү катышып жатканын белгилеген. Мындан тышкары, бул долбоор аркылуу компания Борбор Азиянын турак-жай рыногуна чыгып жатканы жана Кытайдын “Бир алкак, бир жол” демилгесин ишке ашыруудагы чечкиндүүлүгү менен ишенимдүүлүгүн бекемдээри айтылган.

"Кытайдын Борбор Азиядагы таяныч тамырлары жайылып барат"

Эл аралык саясат боюнча серепчи Чынара Эсенгул соңку кездери Кытайдын саясий таасири Кыргызстанга улам артып баратканын айтат. Ал мындай абалга экономикалык долбоорлор аркылуу ээлик кылып жатканын белгилейт.

“Аз-аздан, акырындан... көзгө көрүнбөйт, так айта албайсың, бирок ал процесстер ошол нук менен кетип жатат. Биринчиден, экономикалык жактан Кытайга тышкы карызыбыз абдан көп болуп калбадыбы. Көзөмөл-өткөрүү жайлардын пайда болгондугу, биздин көп ресурстардын Кытайга чыгып кетип жаткандыгы, биздин транзиттик мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдонуп, жанагыдай темир жолдорду салабыз деп жаткандыгы. Аны салганда дагы Кытайдын өзүнө эң пайдалуу да, аны деле биз каржылашыбыз керек болуп калып жатат. Билинбегени менен, бир топ эле көз каранды болуп калдык дегенди айткым келип жатат. Аны акырындан саясий жана коопсуздук чөйрөсүнө дагы өткөргөнгө аракет кылып жатат. Кичине-кичинеден, анткени азыр Орусия алсыздап жаткандыктан, тарыхый жакшы учур болуп жатат окшойт да. Иши кылып, Кытай - саясатын жүргүзгөндө өзүнүн кызыкчылыгын эч качан уттурбаган мамлекет. Менимче, Кыргызстан менен деле ошондой эле болуп жатат. Сөздүн ачыгы, тилекке каршы. Анткени сүйлөшүүлөргө келгенде биздин позицияларды кичинекей мамлекет болгондуктан жана инвестиция кыла турган башка өлкөлөр деле аз болгондуктан, ушундай болуп калып жатат. Натыйжалары бир тараптуураак болуп калып жатат”.

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу ноябрь айында башталары жарыяланды. Расмий кабарлар боюнча, президент Садыр Жапаров БРИКС уюмунун жакында Казан шаарында өткөн саммитинде Кытайдын төрагасы Си Цзинпинь менен бул тууралуу макулдашкан. Темир жолдун курулушу буга чейин август айында башталат деп жарыяланып, бирок белгисиз себептер менен токтотулуп келген болчу.

Кыргыз өкмөтү кытайлык туристтер үчүн 21 күндүк визасыз режим киргизүү чечимин кабыл алганы кабарланды. Мурда Кытайдын Макао жана Гонконг административдик райондорунун тургундары үчүн 30 күндүк визасыз режим киргизген болчу.

Чикшино — Кожва — Усть-Лыжа жолунун балчыктуу тилкеси. 16.10.2023.
Орусия Федерациясынын Коми Республикасындагы Чикшино – Кожва – Уст-Лыжа автожолунун балчыктуу тилкесинде. 16.10.2023.

Эгемен Украинага каршы баскынчыл согушун улантып жаткан Орусиянын алкагындагы бул федерациялык биримдикти түзгөн жумурияттардын бири – Коми Республикасы. Анын Кожва жана Чикшино сыяктуу шаарчаларынын жана кыштактарынын калайыгы начар автожолдун азабын тартып келишет. Орусиялык бийликтин сынчылары президент В.Путиндин өкмөтү акча каражатын зыяндуу, адилетсиз жана майнапсыз согушка текке жумшабастан, Коми жергесиндеги жана башка элеттик аймактардагы жолдорду жана башка инфратүзүмдүк мерчемдерди жакшыртууга коротушу зарыл болчу, дешет.

Коми эли тууралуу азыноолак маалымат

Чыгыш Европанын түндүгүндөгү коми элинин тили – урал-алтай тилдерине жатат. Коми тилинин агглүтинатив мүнөзү, демек, алтай тилдеринин (анын ичинде кыргыз улуту сыяктуу түрк тилдүү калктардын дагы) тилдик өзгөчөлүктөрүнө окшош.

Коми тили урал тилдер үй-бүлөлүк тобунун бир бутагы болгон фин-угор тилдеринин ичиндеги перм тилдерине кирет.

Коми тилин “коми зырян” тили (алардын эне тилинде “коми кыл” же “коми кыв”) деп да коюшат.

Коми тилиндеги айрым көөнө сөздөр жалпы урал-алтай тилдериндеги кээ бир окшош сөздөрдү эске салат. Маселен, коми тилинде “ултыр”, аларга тууган удмурт тилинде “ули”, ал эми кыргызча “урук”, “уруу” сөздөрүнүн мааниси бирдей: “уруу”. (Уруунун чакан бөлүгүн кыргыздар “Баланча уулу” деп да коюшат эмеспи. Балким, мындагы “уулу” сөзү да эң байыркы замандагы “уруу” маанисиндеги сөздөргө жатаар?)

Коми тилиндеги “под” сөзү кыргызча “бут” сөзүнө маанилеш. (Бул сөздү казактар менен өзбектер “айақ” дешет эмеспи). Коми тилинде “чамзыны” – кыргызча “чаңыруу” (катуу айкыруу).

Коми тилинде “акча” маанисинде “сйөм” сөзү колдонулат жана ал этимологиялык жактан “балыктын кабырчыгы” деген сөзгө такалат экен. Кыргызча “сом” деп акча бирдигин айтабыз. Кыргыз тилинде “сом балык” деген сөз да учурайт эмеспи.

Бул окшоштуктарды тек гана урал жана алтай (анын ичинде түрк) тилдерин ырааттуу салыштырып изилдөө зарыл, деген ойду баса айтуу үчүн гана колдонуп жатабыз.

Коми жана түрк (анын ичинде кыргыз) тилдери – бири-биринен кыйла узактаган, бирок агглүтинатив мүнөзүн азыркыга чейин сактап калган тилдер. (Бул тилдерде жаңы сөз жаратууда уңгу сөзгө куранды жана уланды мүчөлөр артынан гана жалгашат).

Коми тилинде сүйлөгөн калктар жалаң гана Орусия Федерациясынын Коми Республикасында байырлап чектелишкен эмес.

Коми элинин далай өкүлдөрү Урал тоо кыркасынын батыш этегин да камтыган Перм аймагында, ошондой эле Киров облусунун түндүк-чыгышында, Кольск жарым аралында, Ненец, Ямал-Ненец жана Ханты-Манси автоном облустарында да байырлашат. Анча-мынча коми өкүлдөрү Украина (4 миңдей киши) менен Казакстанда (1,5 миңдей киши) да жашашат.

(Кыргыздардын диаспорасы да кылымдар бою Евразиянын кеңири мейкиндигине чачыраган эмеспи. Чакан коми элинин топтору да көп жумурияттарга жана башка аймактарга чачырашкан).

Жалпысынан, коми тилинде сүйлөөчүлөрдүн саны 160 миңге чендеп барат.

Коми Республикасы жана анын азыркы башчысы

Коми Республикасы (коми тилинде: “Коми Республика”; кыскача – Коми) — Орусия Федерациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон анын курамындагы жумурият болуп саналат. Географиялык жактан алганда, ал Орусиянын европалык бөлүгүнүн түндүк-чыгышында жайгашкан.

Бул жумурият бир эле учурда Орусиянын Түндүк-Батыш федералдык аймагына (округуна) жана Түндүк экономикалык районуна кирет.

Коми Республикасында коми жана орус тилдери расмий тилдер болуп жарыяланган. Жумурияттын борбор шаары – Сыктывкар. (Бул ордо шаардын коми тилиндеги аталышы “Сысола дарыясындагы шаар” деген маанини берет).

Сыктывкар. 15.06.2023.
Сыктывкардагы эскирген имарат. Коми Республикасы, Орусия. 15.06.2023.

Сыктывкар шаары Маскөөдөн түндүк-чыгышта 1003 чакырымдай аралыкта жайгашкан (бирок бул эки шаарды жалгаштырган автоунаа жолу 1264 чакырымды түзөт).

Орусиянын президенти Владимир Путин кол койгон жарлыкка ылайык, Владимир (Валентин) Викторович Уйба мырза 2020-жылдын 2-апрелинен тартып Коми Республикасын убактылуу башкара баштаган жана андан соң, 2020-жылы 13-сентябрда, талаш-тартыштуу шайлоо аркылуу бул жумуриятты биротоло жетектеп калган. Владимир Уйба мырзанын теги – орус; ал 1958-жылы Омск шаарында туулган. Анын кесиби – эпидемиолог дарыгер. Ал – медицина илимдеринин доктору, профессор.

Владимир Уйба. 06.4.2020.
Владимир Уйба мырза Коми Республикасынын башчысынын милдетин аткарып жаткан кезинде. 06.4.2020.

Анын ысымына байланыштуу бир катар жемкордук чатактары да чыккан, бирок ал өзүн ак деп санайт.

В.Уйба мырза Орусиянын бийликтеринин Украинага каршы баскынчыл согушун жактагандыгы жана ырааттуу колдогондугу үчүн 2022-жылдан тартып Улуу Британия, Канада, Украина, АКШ, Австралия сыяктуу өлкөлөрдүн чектөөсүнө (санкциясына) кабылган.

Коми жергесиндеги нааразылыктар

Кеңирсиген Орусия аймагынын учу-кыйырына көз чаптырсак жана Чукотка менен Калининградды эске алсак, анда Коми Республикасы өлкөнүн борбору Маскөө шаарынан анча деле алыс эмес.

Бирок бул аймактын инфратүзүмү өтө начар акыбалда экендигин Коми Республикасынын калкы өзү да моюнга алат.

Бул жумурияттын Печора дарыясынын алабындагы калайыгы, “жол азабы – көр азабы” дегендей, пластилиндей жуурулушкан баткактын туткуну болуп калган автоунаа жолдорунун айынан олуттуу мүшкүл тартып келет.

Өзгөчө алганда, былтыртан бери комиликтер Орусия Федерациясынын Коми Республикасындагы кан жолдун Чикшино – Кожва – Уст-Лыжа автожолунун балчыктуу тилкесиндеги аянычтуу көрүнүштү интернеттеги коомдук тармактар аркылуу байма-бай чагылдырып, жергиликтүү жана борбордук бийликтерге өз нааразылыктарын ачык билдиришүүдө.

 Коми аймагындагы шаар көчөлөрүнүн акыбалы. 2023.
Орусия - мунайзатка бай өлкө. Ал эми Коми аймагындагы шаар көчөлөрүнүн акыбалы ушундай. 2023.

Оппозициячыл маанайдагы “Ёшкин Крот” медиа долбоору өзүнүн Телеграм каналы аркылуу таркаткан жарыяда азыркы тапта, тез жардам унаасын мындай кой, ал түгүл Украинадагы баскынчыл согушта мерт кеткен жердештердин сөөгүн ташыган табыт унаалары дагы балчыкка тыгылып калууда, деп какшыктап, Коми тургундарынын көйгөйлөрүн чагылдырды.

Жогоруда сөз кылынган жерлердин бири – Кожва шаарчасы.

Коми Республикасындагы Чикшино–Кожва автожолунун картасы. 26.10.2024.
Орусия Федерациясынын Коми Республикасындагы Чикшино – Кожва автожолунун гибрид картасы. 26.10.2024.

Коми Республикасынын Печора районуна караштуу бул шаарчанын аталышы коми тилинде “таштак (өзөн)”, “жылмакай чакан таштуу (өзөн)” деген маанинии билдирген Кожва өзөнүнүн атынан алынган. Бул Кожва өзөнү Печора дарыясына барып куят.

Печора районунун борбору Печора шаарынан 9 гана чакырымдай узактыкта түштүк-батышыраакта жайгашкан бул кыштакты алгач 1943-жылы негиздешкенде, албетте, сталиндик зулумдуктун азап-тозогун керт башы менен тарткан далай сүргүндөгү кишилердин да салымы зор болгон. Алардын арасында депортацияланган немистер жана башка этностук тектеги кишилер да бар эле.

Микун жергесинде. Коми, Орусия. 26.10.2016
Микун жергесинде сталиндик ГУЛАГда жазыксыз набыт кеткендерге эмес, ГУЛАГдын мындагы бир колониясын негиздеген абак сакчыларына багыштап, эскерүү тактасын орнотушту. Коми, Орусия. 26.10.2016.

Постсоветтик доордо Кожва кыштагында сталиндик репрессия курмандыктарына багышталган эскерүү жайы да тургузулган.

Ал эми Чикшино кыштагы болсо – Печора районуна караштуу дагы бир ири кыштак. Ал райондун борбору Печора шаарынан түштүк-батышта, 45 чакырымдай алысыраакта жайгашкан. Бул топоним саами тилинде “Чикша” – “Суу өрдөгү” (латынча – Anas crecca) деген куштун атын туюнтат.

Пбактагылары Түндүк Печора темир жолунун курулушундагы Абез-Воркута тилкесинде. 1940-жыл.
СЕВЖЕЛДОРЛАГдын абактагылары Түндүк Печора темир жолунун курулушундагы Абез-Воркута тилкесинде кыш чилдеде иштеп жатышат. 1940-жыл.

Кыштак үчүн маанилүү болгон жана Чикшина өзөнүнүн өйүз-бүйүзүн байланыштырган автоунаа көпүрөсү 2009-жылы (!) гана ачылган.

Бул Чикшино кыштагы сталиндик репрессиялар доорунда карагай кыюучулардын азаптуу лагери (ПЛ-350/1 колониясы) жайгашкан жер катары дагы тоталитардык түзүлүштүн запкысын чеккен нечен миңдеген кишилердин кайгы-муңуна күбө болгон.

Дал ушул эки кыштакты бириктирген автоунаа жолу ар бир жамгырдан соң балчыктуу тозок жолуна айланат да калат.

Орусияда, негизи, ар кыл массалык нааразылык жыйындары катуу жазаланат. Коми жумуриятынын калайыгы көбүнесе интернеттеги видео жана сүрөт жарыялары аркылуу бийликтерге өз сын пикирлерин жана нааразылыктарын аңдатышууда.

Коми Республикасындагы Чикшино – Кожва автожолунун жөнөкөй картасы.
Коми Республикасындагы Чикшино – Кожва автожолунун жөнөкөй картасы. 40 чакырымдай созулган Чикшино – Кожва автожолун капиталдык оңдоодогу курулуш-монтаждоо иштеринин наркы дээрлик 3 миллиард рубл (болжол менен 31 миллион доллар же 2,6 миллиард кыргыз сому) акча каражатын түзөт.

Бийликтер калкты 2026-жылга чейин жолсуз чыдоого үндөшөт

Коми Республикасынын өкмөтү Чикшино – Кожва – Уст-Лыжа автожолунун көйгөйлөрүн талкуу кылууга аргасыз болду.

2024-жылы 24-октябрда Коми Республикасынын Өкмөтүнүн кеңешинин төрагасы Сергей Усачев мырза бул жумурияттын каржы министри Владимир Казаковдон жолду оңдоо түйшүгүн чечүү маселеси тууралуу маалымдоосун өтүндү.

В.Казаков мырзанын айтымында, 2025-жылы Ираёль (коми тилинде Йираёль) кыштагынан – Кажером (мурдагы Ворлэдзысь) кыштагына кетчү багыттагы автоунаа жолунун тилкесиндеги жаңы жолду курууну аяктоо үчүн 1,5 миллиард рубл каражаты бөлүнмөкчү.

Ал эми автоунаа жолдун Кожва – Чикшино тилкесин оңдоо боюнча негизги жумуштар 2026-жылы гана толук жүзөгө ашырылмакчы.

Быйыл (2024-жылы) бул тилкенин долбоордук сметалык документтерин биротоло даярдоо үчүн гана өп-чап акча бөлүнгөн, деди В.Казаков.

Мутный Материк ("Баткак материк") кыштагы. Коми, Орусия. 21.7.2021.
Мутный Материк ("Баткак материк") кыштагы өз аталышы менен гана аң-таң калтырбайт. Бул көйгөйлүү кыштакта заманбап автожол жана канализация алигиче жок. Коми, Орусия. 21.7.2021.

Коми Республикасынын мурдагы курулуш министри Андрей Чибисовдун божомолуна караганда, 40 чакырымдай созулган бул Чикшино – Кожва автожолун капиталдык оңдоодогу курулуш-монтаждоо иштеринин наркы дээрлик 3 миллиард рубл (болжол менен 31 миллион доллар же 2,6 миллиард кыргыз сому) акча каражатын түзүшү ажеп эмес.

Айтмакчы, быйыл 30-августта А.Чибисов бул кызматынан түшүп калды. Анын ордуна 24-сентябрдан тартып Коми Республикасынын төрагасынын орун басары – жумурияттын курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри болуп калган Андрей Селиванов деле, эгерде Орусия Федерациясынын борбордук каржы булактары каражат бөлүп берсе, анда келээрки, 2025-жылы, Чикшино – Кожва автожолунун курулушу башталып калмакчы, бирок аны аяктоо – 2026-жылга карата гана күтүлөт, – деген эски маалыматты кайталап айтты..

Орусиянын Коми жумуриятындагы начар жол тууралуу фотомонтаж. 26.10.2024.
Президент Путин бул сатиралык фотомонтажда: “Эгерде биз Орусиядагы жолдорду оңдосок, анда ал жолдор менен [Украинадагы баскынчыл согушта мерт тапкандардын сөөктөрү бар] табыт ташуу унаалары шуулдап өтүп турмакчы”, – деп айтууда. Монтаж. "Ёшкин Крот". 26.10.2024.

Эгерде согуш болбосо...

Албетте, Коми Республикасынын калайыгы чекити коюла элек Украинага каршы баскынчыл согуштун кырдаалында ансыз да белдерин бек бууп жашоого аргасыз.

Орус тилинде ар кыл учкул кабарларды жана калыс сын пикирлерди жарыялап келе жаткан “Ёшкин Крот” долбоору өзүнүн Телеграм каналында жарыялаган жана “Forbes” медиа каражатына негизденген маалыматка караганда (https://t.me/eshkinkrot/55213), Украинага каршы баскынчыл согуштун ар бир күнү Орусия өз казынасынын 27 миллиард рублга тете (300 миллион АКШ долларындай) каражатынан айрылууда.

Бул 27 миллиард рублга 43 чакырымга созулган жана төрт тилкелүү ири автожолун куруп салууга болот. Анткени Орусиянын Унаа министрлиги төрт тилкелүү мындай жогорку сапаттуу автоунаа жолунун 1 чакырымы үчүн дээрлик 620 миллион доллар кетет, деген маалыматын 2023-жылы шардана кылган.

“Ёшкин Крот” долбоору баскынчыл согуш бир ай ичинде “бөөдө жерден жеп салган” акча каражатына Орусия өзүнө 1290 чакырымдык төрт тилкелүү сонун жолду куруп алмак болчу, деп белгилейт. Албетте, эгерде Орусияны акылсыз согушчан кылмышкерлер эмес, чынчыл жана улам жаңы мөөнөттө башка чынчылдарга орун бошотуп берип турган жетекчилер башкарган чакта, ушундай сонун жолдор курулмак...

Ал эми кеңири өлчөмдө улантылып жаткан алааматтуу баскынчыл согуштун (бул уруштун демилгечилери аны “үч эле күндө аяктагысы келген” эмеспи!) жалпы 975 күнүнө коротулган каражатты эске алчу болсок, анда Орусияда бул акчага эң мыкты сапаттагы 42 000 чакырымдык узундуктагы кан жол жаңыдан курулмак болчу, деп “Ёшкин Крот” долбоорунун өкүлдөрү кейип жазышат.

Коми Республикасынын тургундары болсо мындай деңгээлдеги математикалык эсеп жүргүзүүгө жана саясат таануучулук тыянакты айтууга батыныша элек. Алар тек Чикшино – Кожва автожолун 2026-жылга калтырбастан, тез арада оңдоону гана талап кылышууда.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG