Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:02

Казино: өкмөт лицензияны миллиондорго сатат


Казиного каршы акциянын катышуучулары.
Казиного каршы акциянын катышуучулары.

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда казино өңдүү кумарканаларды кайра ачуу тартиби каралган өкмөттүн токтомунун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда мындай жайларды ачуу үчүн лицензиялардын баасы 10,5 миллион сомдон 84 миллион сомго чейин деп сунушталган.

Өткөн айда Жогорку Кеңеш кумарканаларды кайра ачуу каралган мыйзам долбоорун кызуу талаш-талкуу менен кабыл алган жана ага президент Садыр Жапаров кол койгон. Кумарканалардын кайра ачылышына каршы нааразылык акциялары өткөн.

Токтом долбоорунда “оюн-зоок ишине лицензия үчүн төлөм мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруучу булактардын бири болору” жазылган. Ага ылайык, лицензия баасы аймактарга карап бычылган.

Маселен, республикалык маанидеги шаарлардагы казинолор, онлайн казинолор, электрондук (виртуалдык) казинолорду ачуу үчүн 84 миллион сом, ал эми Ош, Чүй жана Жалал-Абад облусу үчүн 42 миллион сом, Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарына 25 миллион сом деп көрсөтүлгөн. Оюн-зоок автоматтар залдары үчүн 42 миллион сом, букмекердик конторалар жана лотереялар үчүн 10,5 миллион сом деген сунуш берилген.

Документте оюн-зоок ишин жоопкерчилиги чектелген коом же жабык акционердик коом түрүндөгү юридикалык жактар гана жүргүзүүгө укуктуу экени белгиленген.

Өткөн аптада экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, кумарканалар өкмөттүн тиешелүү токтому кабыл алынгандан кийин иштей баштарын айткан. Ал мындай жайларды кайра ачуу экономика үчүн зарыл экенин белгилеген.

Данияр Амангелдиев.
Данияр Амангелдиев.

"Биз башында айткандай, бул негизи туризм жана экономикага салым кошо турган тармактардын бири катары каралган. Мыйзамдын эң башкы максаты - экономикага салым кошуу жана коомчулуктагы терс көрүнүштөрдү болтурбоо. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, коомдо бул боюнча чоң талкуу болду. Жарнамалоого байланыштуу дагы сунуштар айтылды. Биз экономикага шарт түзүшүбүз керек. Тиешелүү токтомдор кабыл алынгандан кийин бул бир жылдык гана эмес, экономиканы алдыга түртө турган көп жылдык долбоорлордун бири".

Жарандык активист, блогер Атай Бейшенбектин пикиринде, өкмөттүн казинолорду кайра ачууга байланыштуу жүйөлөрү ынанымдуу эмес жана бул анын артында башка максат турат деген сөздөргө негиз болууда.

"Өкмөттүн негизги аргументтери тилекке каршы, убагында казинолордун жабылышына алып келген аргументтерге салыштырганда суу кечпей калып жатат. Анткени негизи аргумент деп бюджетти толтуруу, жумуш орундарын түзүү, Кыргызстанга туристтерди тартуу, кызыктыруу деп айтып жатат да. Эгерде биз так сандарга көңүл бура турган болсок мисалы, жылына бюджетке 2 миллиард сомго жакын түз киреше түшөрүн айтып жатышат. Өздөрү айтып жаткан консолидацияланган бюджетти ала турган болсок, 400 миллиард сомдук көрсөткүчтүн негизинде алсак, казинолордон түшкөн каражат анчалык деле чоң маселелерди чечпейт. Эсиңиздерде болсо керек, бул мыйзам демилгеленип жатканда, министр Амангелдиев 10-12 миңге чейин жумушчу орун түзүлөт деген. Бирок алты айлык ишинин жыйынтыгын чыгарып жатканда кайра 5 миңден ашык жумушчу орун түзүлөт деп айтты. Бул жерде элге ар кандай сандарды айтып, кандай болсо дагы казино ачууну көздөшкөнүн көрсөк болот. Ошондуктан казинолорду кайра ачуу артында бюджетти толтуруу гана максаты турат деген ойдон алысмын. Капчыктуу катмар талап кылган стандарттардын алкагында карай турган болсок, Кыргызстан аларды кызыктырган өлкө боло алат деп айта албайм. Казино жаатындагы алдыңкы мамлекеттердин катарына кире алат деген дагы реалдуулукка дал келбейт. Бизнес жүргүзүү жаатындагы эл аралык рейтингдеги ордубуз дагы буга түздөн-түз таасирин тийгизет".

Жогорку Кеңеш кумарканаларды кайра ачуу каралган мыйзам долбоорун өткөн айда жайкы тыныгууга кетердин алдында кабыл алган. Анда талаш-талкуу, бир канча жолу добуш берүү менен коштолгон."Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан беш депутат добуш берген эмес.

Талкууда айрым депутаттар казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун эскертишкен. Алар казинодон бюджетке көп деле акча түшпөсүн, жүз миңдеген кыргызстандык башка өлкөлөрдүн паспорту менен жүргөн чакта "кумарканаларга кыргыз жарандары киргизилбейт" деген убаданы аткаруу дээрлик мүмкүн эместигин айтышкан. Жакындары кумарпоз болуп, үй-жайын, акыркы мүлкүн сатууга макул болгон канча деген үй-бүлөлөр үчүн трагедия күчөй турганын белгилешкен.

Кумарканага каршы активисттер Бишкекте жана аймактарда нааразылык акцияларын өткөргөн.

Президент Садыр Жапаров кумаркана мыйзамына 30-июнда кол койгон. Анын алдында, "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде казинолордун кайра ачылышы каралган долбоорду колдогон депутаттарга алкыш айтып, ал эми каршы чыккандарды “саясий упай топтоп, элдин диний ишенимдерине ойноп, өздөрү эптеп бийликке келүүнү эңсеген күчтөр” деп атаган.

2012-жылы жабылды дегени менен казинолор азыркыга чейин жашыруун иштеп келатканын, аларды ачыкка чыгарса “көмүскө каржы булактары мамлекеттин казынасына түшөрүн” айтып, кыргыз жарандары казиного кире албай турганын, көзөмөл катуу болорун, буга мамлекет толук кепилдик бере турганын убада кылган.

Чет жактан келгендерден казино аркылуу казынага миллиарддаган салык түшөрүн айткан Жапаров акча мамлекеттик кызматкерлердин маянасын көбөйтүүгө жумшаларын, тышкы карыз деген да маселе бар экенин, аны "төлөй албасак мамлекеттүүлүгүбүздү жоготобуз” деп кошумчалаган.

“Дин менен мамлекеттин ишин аралаштырбагыла. Казинодон түшкөн киреше көп күттүрбөйт, бир-эки жылдан кийин рахмат айтасыңар”, - деген Жапаров.

Деген менен Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Кыргызстанда жеке маалыматтардын купуялуулугун сактоого байцланыштуу жагдайга токтолду. Мындан улам чет өлкөдөн акчалуу оюнчулар топ-тобу менен келиши күмөн экенин айтты.

"Казино болгон жерлерде жеке маалыматты сактоо тууралуу мыйзамдар иштейт. Бизде казино тууралуу мыйзам атайын кызматтын соттун чечими жок эле телефон тыңшоосуна жол ачкан мыйзам менен кошо кабыл алынып жатат. Казино ойногусу келген, акчасы көп, чириген байларды биринчи кезекте коопсуздук маселеси кызыктырат. Жеке маалымат коопсуздугу сакталбаган, жарандарын аңдыган, телефондорун тыңшаган, куугунтуктаган өлкөгө эч ким келбейт".

Кыргызстанда казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынган. Мунун алдында кумар оюндарынын кесепетинен үй-жайынан, колдо бар мүлкүнөн ажыраган адамдардын жакындарынын кайрылуусу, арыз-муңу көбөйгөн эле.

XS
SM
MD
LG