Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:24

Экономика

Данияр Аманалиев, ишкер, Ololo House болборлорунун негиздөөчүсү.
Данияр Аманалиев, ишкер, Ololo House болборлорунун негиздөөчүсү.

Орусияга бир катар өлкөлөр катаал санкцияларды салды. Мындан улам башка өлкөлөргө чыгып кеткен орусиялыктардын агымы көбөйгөнү айтылууда. Кыргызстан учурдагы кырдаалдан кантип жол тапса болот? Ишкер Данияр Аманалиев менен маекти сунуштайбыз.

- Данияр мырза, биздин маегибиз Украинада согуш жүрүп жаткан учурга туура келип отурат. Буга байланыштуу Орусияга күндөн күнгө катаал санкциялар салынууда. Анткен менен адистер мындай абал Кыргызстанга бир чети кесепетин тийгизсе, экинчиден, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү да ача турганын айтышууда.

- Мүмкүнчүлүктөр Орусия санкциялардын кысымында калганы үчүн гана ачылып жатат. Кыргызстандын өзүнө азырынча санкция салына элек. Азырынча дегеним, менин көз карашым боюнча, биз санкциялардан кутула алабызбы, бул дагы чоң суроо. Кутулуп кетсек жакшы. Кутула албай Орусиядагыдай абалда калсак, мурдагы таз кейпибизди кийебиз. Биз азыр бул жакка келген орусиялыктардын агымын байкай баштадык. Албетте, сөз олигархтар жөнүндө болуп жаткан жок. Мен онлайн иштеген IT-адистерин айтып жатам. Мен аларды "санариптик көчмөндөр" деп коем.

- Кыргызстан сиз айткан “санариптик көчмөндөргө” эмнеси менен кызык боло алат?

- Кыргызстанда интернет алда канча эркин. Орусиялыктар үчүн Кыргызстандын укуктук чөйрөсү, мыйзамдары абдан ыңгайлуу. Аларга иш жүзүндө эч кандай чектөөлөр жок, кыргызстандыктар менен бирдей шартта иштейт. IT-адистер жогорку технологиялар паркынан пайдалана алат. Алар Кыргызстанга келип, ишин мыйзамдаштырып көнүп кетсе, Орусияга караганда азыраак салык төлөшөт. Бул "санариптик көчмөндөр" менен иштеше турган жергиликтүү ишканалар үчүн да пайдалуу. Азыр мейманкананын бөлмөлөрү толо баштады. Бизге конокко келип жаткан орусиялыктарды көрүп жатабыз. Алардын келишине Путиндин саясатынан улам жаралган кырдаал себепкер десек болот.

- Кыргызстан башка өлкөлөргө салыштырмалуу IT-адистерине кандай артыкчылыктарды бере алат? Ошол эле Армения жана Казакстанга атаандаша алабы?

- Азыр орусиялыктар эркин бара ала турган өлкөлөрдү тандап жатат. Анын ичинде Түркия, Араб Эмирлиги, Армения, Казакстан. Мисалы, Казакстан менен Армения экономикалык биримдикке мүчө болгондуктан, бул жакта орусиялыктардын экономикалык укуктары ошол эле Түркияга салыштырмалуу кененирээк. Кыргызстан башкаларга салыштырмалуу эң эле ыңгайлуу өлкө деп айтуудан алысмын. Бирок бизге Орусиянын IT-адистеринин 10 миңи келсе эле жетиштүү болмок. Бул Орусиядан чыгып кеткен адистердин 10 эле пайызын түзөт. Бирок биздеги болгон адистерден эки эсе көп дегенди билдирет. Орусияга салынган санкциялар эртең эле алына койбойт. Байкашыбызча азыр көптөгөн кишилер бул өлкөдөн чыгып кетүүдө. Эгер шарттарды салыштырып көрсөк, Армения жана Казакстанга салыштырмалуу Кыргызстанда салыктар алда канча жеңил, жашоо арзан. Орус тилинде сүйлөп, түшүндүрүү жагынан да кыйынчылык жок.

- IT тармагындагы адистер үчүн кандайдыр бир өзгөчө шарттар түзүлүшү шартпы? Алар кандай санариптик инфраструктурага көңүл буруп, артыкчылык берет?

- Акыркы беш жылды карап көрсөк, интернетти колдонуу жагынан Кыргызстандагы абал Казакстанга караганда алда канча жакшы. Кыргызстан мобилдик интернеттин баасы боюнча дүйнөдөгү эң арзан өлкөлөрдүн катарында. Казак бийлиги митингдер учурунда интернетти көп өчүрөт. Бизде октябрдагы окуялар учурунда кечинде бир эле жолу өчкөн. Интернеттин дайыма күйүп турганы өтө маанилүү. Себеби дүйнөлүк компаниялар өз кызматкерлеринин интернетке себепсиз кошулбай калганын кечирбейт. Анткени мунун айынан бизнес миллион долларлык чыгыма учурашы мүмкүн. Ошондуктан бизнес интернетти бир да күн өчүрбөгөн мамлекеттерди тандайт. Өзбекстанда көптөгөн сайттарга бөгөт коюлган жана аларга VPN менен гана кирүү мүмкүн. Тажикстанда да абал ушундай. Жогорудагы жагдайларды эске алганда Кыргызстан IT-адистери үчүн абдан ыңгайлуу өлкө.

- Дагы бир эске алуучу жагдай, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө. Мындай шартта Орусиянын экономикалык өнөктөшү катары бизге да кандайдыр бир санкциялар салынышы ыктымалбы? Ага кабылып калбаш үчүн эмне кылуу керек?

- Менимче Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) чыгып кетүү бийликтин эң эле патриоттук чечими болмок. Бирок "Кыргызстан дагы 300 жыл Орусия менен болот" деген билдирүүлөргө караганда ага бийликтин азырынча эрки жетпейт. Кечээги согушка чейин Орусия дүйнөнүн эң ири он экономикасынын бири болчу. Орусия биздин мигранттар акча тапкан рынок болуп келген. Азыр ошол гигант кулап баратат десек болот, себеби Орусиянын кредиттик рейтинги алты сап ылдый түшүп кетти. Бул рекорд. Тарыхта мындай болгон эмес. Кредиттик бюролор кайсы бир өлкөнүн рейтингин бир же эки, ашып кетсе үч сапка түшүрөт.

Менимче азыр Орусия менен Кыргызстандын кредиттик рейтинги бирдей деңгээлде. Эгер ал чын болсо, биз тоого чыккан альпинисттер сыяктуу эле арканды кесишибиз керек. Аркан - бул ЕАЭБ. Тилекке каршы, жакындан бери дүйнө коомчулугунда "Кыргызстан орус бийлигинин агрессиясын колдоп жаткан өлкө" деген пикир жаралды. Бул жөн жерден чыккан жок. Мамлекет башчыбыз Орусиянын президенти менен сүйлөшкөндөн кийин Кремлдин басма сөз кызматы "Садыр Жапаров Орусиянын аракетин толук колдоп, Украинаны айыптайт" деген билдирүү таратып жиберди. Расмий Бишкек бул маалыматты ырастаган жок. Болгону тынчтык үчүн турарын, жаңжал эл аралык мыйзамдын алкагында чечилиши керектигин гана билдирди. Ага карабай жок жерден жаманатты болуп калдык. Ошондуктан бардык жерде "биз андайды айткан эмеспиз, калыс позициядабыз" деп кайталагандан тажабашыбыз керек.

- Биз орусиялык адистер жөнүндө сөз кылдык. Ал эми Кыргызстандын өзүнүн эмгек миграттары тууралуу айтсак. Алардын да кайсы бир бөлүгү Кыргызстанга кайтып келиши толук ыктымал экени айтылууда. Аларга мамлекет жумуш орундарын түзүп бере алабы? Мамлекет бул жаатта кандай саясат жүргүзүшү керек?

- Мамлекет кайсы бир жумуш орундары менен камсыз кылат деп ойлобойм. Азыркы жумуш орундары төлөгөн айлык аз. Мамлекет мигранттар кайтып келгенден кийин жумушсуздук күчөшүн каалабаса, бизнестин өнүгүшүнө шарт түзүп, мүмкүн болушунча жаңы жумуш орундарын түзгөнү оң. Көйгөй эмнеде? Акыркы мезгилде мамлекеттин экономикалык саясаты бизнеске болгон салыктарды тынымсыз көбөйтүп, салык инспекциясы сыяктуу тергөөчү, текшерүүчү органдардын функцияларын кеңейтип жатат. Бул, албетте, Кыргызстандын абалын бир топ начарлатты, экономикалык эркиндик рейтингинде 20 сапка ылдыйладык, коррупция боюнча рейтингде ушунча көрсөткүч менен төмөн кеттик. Эмнеге мындай болуп жатат? Анткени мамлекет ишкерликке көбүрөөк кийлигишкен сайын коррупция көбөйөт.

- Бизге убакыт бөлгөнүңүз үчүн рахмат.

"Аэрофлот" жана “Победа” авиакомпаниялары 8-марттан тартып Беларустан башка мамлекеттерге учууларын токтото турганын жарыялады.

Ага чейин S7 Airlines жана Smartavia авиакомпаниялары бардык эл аралык каттамдарын, анын ичинде Кыргызстанга да учууларын токтоткон. "Аэрофлот" компаниясы 8-мартта акыркы рейстерин ишке ашырып, андан кийинки учууларга билет алгандардын акчасын кайтарып бермей болду.

Мындан улам авиакассаларда билет баасы соңку төрт күн ичинде 15-20% кымбаттап, ондогон кыргыз мигранттары мекенине кайта албай убара болууда.

Санкциялардын мигранттарга тийген кесепети

Бишкектеги Tez Group туристтик агенттигинин жетекчиси Валерия Боброва февраль айынын этегинде Доминикан республикасына эс алууга учуп кеткен. Ал учакка алган билеттери Орусиянын “Аэрофлот” авиакомпаниясына таандык болгондуктан, кайра Москва аркылуу кайтып келүү бир топ кыйынчылык жаратканын айтты.

Валерия Боброва
Валерия Боброва

“Санкциялардан улам Орусиянын учактары үчүн чектөөлөр бар экени айтылгандан кийин абал оорлошту. Пандемияда да ушундай болгон. Доминикандан Москвага жетүү үчүн билетимди бир күн мурдагыга алмаштырып, акыркы учак менен Москвага келдим. Москвадан бери келиш оор болгон жок, бирок, баа кымбаттап кетиптир. Биз билеттерди алган орусиялык авиакомпания жүргүнчүсү жок учактарды жиберип, кардарларын көчөдө калтырган жок. Бирок рейстер өзгөрүп кетти. Арабызда Казакстандын Нур-Султан шаарына уча тургандар бар болчу, алардын билети алмашып, Казакстандын башка шаарларына учуп барып, анан кайра Нур-Султанга кетүүгө аргасыз болуп жатышты. "Ушу бойдон кетпей калабызбы?" деп да коркуп тургандар да болду”.

“Манас” эл аралык аэропорту орусиялык беш авиакомпания менен иштешет. Алардын экөө ишин 8-марттан тарта жыйынтыктады. Калган үчөө Кыргызстанга каттамдарын токтоткон эмес.

Бирок S7 Airlines компаниясы билет алгандардын акчасын кайтарып берүүдөн баш тартып, ваучердик системаны сунуштап жатат. Учурда "Авиатрафик” жеке менчик компаниясы Орусиянын ири шаарларына учууда. Бул көрүнүш аба каттамдары кызматынын баасын төрт күндүн ичинде кыйла жогорулатып жиберген.

Авиакассада иштеген Нина Червинская учурда билет сатуудан карманып турушканын билдирди.

Нина Червинская
Нина Червинская

“Мурда Москва - Бишкек же Бишкек - Москва каттамы 230 доллар болсо, азыр 390 доллар. Ал эми эки тарапка, Бишкек - Москва - Бишкек 730 доллар. Элдин көбү келип, бааны сурап эле кайра кетип атат. Бирок, биз кымбаттоо убактылуу деген үмүттөбүз. Учууларын токтото элек дагы үч орус авиакомпаниясы бар, бирок алардын билеттерин сатуудан чочулап турабыз. Учпай калса көптөгөн маселелер жаралат. Орусиянын ири шаарларына ишкерлик кылып, бизнес өнөктөштөрү менен жолугууга үзгүлтүксүз каттап турган кыргыз жарандары абдан көп. Ал эле эмес, үй-бүлөсү Кыргызстанда калып, өзү Москвада же Питерде иштеген мекендештерибиз да бар. Биринчи кезекте ошолорго оор болуп турат”.

“Манас” эл аралык аэропорту Бириккен Араб Эмирлиги, Түркия жана постсоветтик авиакомпаниялар менен иштешет. Мындан улам Европа мамлекеттерине учуп кетүүдө же каттоодо маселе жаралбайт.

Кыргызстандан Европага учуп кетүү үчүн жүргүнчүлөрдүн көбү Түркияга учкан каттамдардын кызматын колдонот.

Рублдин куну түшүп, Орусия - Украина мамилеси бузулгандан бери бул жагдай кыргыз мигранттарын түйшөлтүүдө. Билеттер кымбаттап жана тартыш болуп жаткандыктан Ошко учуп келип, андан бери Бишкекке кайтууга аргасыз болуп жаткандар да болууда.

Орусияда бейрасмий маалыматтар боюнча 1 миллиондон ашык кыргызстандык жашап иштейт. Алардын көбү мекенине жылына эки-үч жолу каттап турат. Соңку окуялар аларды мекенине келүү үчүн башка жолдорду издөөгө түрттү.

Айбек Аширбаевдин бир тууган агасы Санкт-Петербург шаарында жашап, иштеп жатканына бир жылга чукулдап калды. Рублдин куну түшкөндөн бери анын айлыгы да чеке жылытарлык болбой калган.

Бакай Бекбергенов.
Бакай Бекбергенов.

“Азыр курс түшүп кетти. Агам Кыргызстанга келип эле ушу жерден оокат кылайын деп жатат. Билет алайын десе 60 миң сомдон ашык акча керек экен. Бул анын бир айда иштеп тапкан акчасынан да көп болуп жатпайбы. Биз менен сүйлөшүп, жеңил автоунаа менен эле чыгайын деп жаткан. Бирок Казакстан аркылуу кандай келет? Чек арадан өткөрөбү? Такыр эле болбой баратса айла жок, болгон акчасын төлөп учак менен келет”.

Орусиядан жооп күткөн "Кыргыз темир жолу"

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери иштебей турган “Кыргыз темир жолу” поезд каттамдарын жандантууга аракет кылып жатканы маалым болду.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын адиси Бакай Бекбергенов 13 миң сомдук билет баасы Москвага чейин 22 миңден 36 миңге чейин көтөрүлөт деди.

“Орусиянын Коронавирус менен күрөшүү боюнча федералдык штабы бар. Алар өз бүтүмүн берип, Кыргызстандан темир жол аркылуу каттамдарды жандантса болот деген бүтүмүн чыгарса, Орусиянын темир жолу дароо уруксат бериши мүмкүн. Азырынча штаб үн ката элек. Алар биздин өлкөдөгү COVID-19дун жайылышы, аны менен күрөшүүнүн жыйынтыктарына карайт. Биз темир жол каттамы жанданат деген ой менен алдын ала иштерди баштадык. Биздин эсеп боюнча плацкарт 22 миң сом, ал эми купеге билет баасы бир кишиге 36 миңге чыкты. Бирок, бизге даярданууга бир айдан 90 күнгө чейин убакыт керек. Себеби, эки жылдан бери иштебей турган системаны жандантуу оңой иш эмес. Пандемияга чейин Бишкек-Москва каттамы боюнча билеттин баасы плацкартка 12-13 миң сом, ал эми купеге 20 миң сом эле. Азыр эки эсе кымбат. Балким Орусия тарап менен макулдашуулар жакшы болсо, билеттердин баасы төмөндөп, арзандатуулар болушу мүмкүн”.

2020-жылдын 17-мартында коронавирус пандемиясынан улам эл аралык каттамдарын токтоткон "Кыргыз темир жолу" ишканасы февраль айында Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Казакстан болсо транзит менен өтүүгө уруксат берген.

Өзбекстанга да каттамдар токтоду

Ал эми Өзбекстандын Транспорт министрлигинин өкүлү “Азаттык” радиосунун өзбек кызыматына бул жагдай Борбор Азия өлкөлөрүнүн авиациясына да чоң сокку ура турганын айтып берген.

"Менин билишимче, учурда орусиялык авиакомпаниялар европалык учактарды колдонууну токтотушту. Бирок Өзбекстандын аймагында эл аралык лизинг компаниялар кайтарып берүүнү суранган учактар жок. Мен Тажикстанда жок дегенде бир орусиялык учак бар экенин билем. Бирок расмий Дүйшөмбү бул учакты камакка алуудан коркуп жатат”.

Өзбекстандык авиация боюнча серепчинин айтымында, Boeing, Airbus жана лизинг компаниялардын санкцияларынан улам ижарага алынган европалык учактарды иштетүү мүмкүн болбой калды.

"Санкциялардан кийин Өзбекстандын аймагына бир дагы мындай учак конгон жок. Себеби алар камсыздандырылбай калды. Орусиялык жарандык учактардын дээрлик көпчүлүгү Батыштын камсыздандыруу компаниялары менен келишим түзүп, орус компаниялары менен келишимдерин жокко чыгарган. Учактын ижарага алынганы же алынбаганы маанилүү эмес. Boeing, Airbus учактары дагы, орусиялык лайнерлер дагы камсыздандыруусуз уча албайт. Эл аралык мыйзам боюнча камсыздандыруусуз учууга тыюу салынат", — деди атын атагысы келбеген өзбекстандык серепчи.

Ал арада 7-мартта "Узавиация" мекемеси орусиялык Smartavia жана iFly авиакомпаниялары Өзбекстанга каттамдарын токтотконун кабарлады. Расмий маалыматка караганда, Smartavia компаниясы 7-марттан тартып Москва-Ургенч-Москва каттамын токтотот. iFly авиакомпаниясы 5-марттан тартып Өзбекстандагы бардык каттамдарын белгисиз мөөнөткө токтоткон.

Буга чейин "Аэрофлот", "Россия", "Аврора" жана S7 авиакомпаниялары да Өзбекстанга каттамдарын токтоторун жарыялаган.

Бирок ошол эле маалда Өзбекстандын Улуттук авиакомпаниясы үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүктөр ачылды дешет байкоочулар.

“Эгерде улуттук авиакомпания менен Транспорт министрлигинде ишкердикти аз болсо да түшүнгөндөр отурса, азыркы кырдаалдан пайдаланып, Орусияга каттамдарды кескин көбөйтүү керек. Анте албаса, Орусияда учпай калган учактарды колдонуунун жолун издеген оң. Бирок коррупцияга баш-оту менен кирген өзбек аткаминерлер мындай бизнес долбоорду кыла аларына ишенбейм".

Кырдаалдан улам авиабилеттердин баасы кескин көтөрүлгөнү байкалууда. "Озодлик" радиосу Өзбекстандын Транспорт министрлиги жана "Өзбекстан аба жолдору" компаниясы менен байланышып, Орусиядагы миллиондогон өзбекстандыктардын мекенге кайтуудагы кыйынчылыктары тууралуу сураган. Бул суроого өзбек аткаминерлер учак билеттерин арзандатуунун жаңы жолдору тууралуу маалыматтары жок экенин айтып жооп узатышкан.

Бакудан Москвага авиакаттамдар токтоду

Ал ортодо Azerbaycan Airlines жана Buta Airways авиакомпаниялары да 6-марттан тарта Орусиянын шаарларына каттамдарын токтотконун мамлекеттик AzerTaс кабар агенттиги билдирди.

"Токтогон каттамдардын жүргүнчүлөрү учуу күнүн өзгөртүүгө же билеттерин кайтарып алууга укуктуу", - деп айтылат билдирүүдө.

Azerbaycan Airlines компаниясынын учагы. Домодедово аэропорту. 2015-жыл.
Azerbaycan Airlines компаниясынын учагы. Домодедово аэропорту. 2015-жыл.

Маалыматка ылайык, 6-марттан тарта орусиялык авиакомпаниялар эл аралык каттамдарда пайда болгон тобокелдиктерден улам Азербайжанга учууларды белгисиз мөөнөткө токтотот.

"Азаттык" радиосунун азербайжан кызматы билдиргендей, кырдаалга жаңы санкциялардан улам эл аралык авиациялык камсыздандыруу тутумундагы акыркы өзгөрүүлөр да таасир этти. Бул өзгөрүүлөр Азербайжандын улуттук авиакомпаниясынын ишмердүүлүгүнө да залака келтирди. Учурда улуттук авиакомпания жана камсыздандыруу компаниялары кырдаалды тыкыр талдап, бардык терс жана оң натыйжаларга баа берип, алардын саясатында мүмкүн болгон бардык өзгөрүүлөрдү иликтеши керек экени айтылууда

Санкциялар: Орусия үчүн жабылган аба мейкиндик

"Росавиация" мамлекеттик мекемеси атамекендик авиакомпанияларга 6-марттан баштап бардык чет элдик каттамдарды токтото турууну сунуштады. Мындай сунуш негизинен учактары чет элдик компаниялардан лизинг келишими боюнча алынган компанияларга берилди.

28-февралда дүйнөнүн эң ири учак өндүрүүчүлөрү Boeing жана Airbus компаниялары Орусия менен кызматташуусун токтотуп, бул өлкөдөгү кеңселерин жапкан.

Орусия буга чейин колдонуп келген учактарынын дээрлик көпчүлүгүн дал ушул эки компаниядан сатып алчу. Жарандык авиация учактарынын жалпы санынын 332син Boeing жана 304ү Airbus компаниясы чыгарган.

Каржылык санкциялардын күчүнө кириши менен Батыштын лизингдик компаниялары орус авиакомпаниялары менен келишимдерин жокко чыгарып, ижарага алынган учактарды кайтарып берүүнү талап кылган.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Орусиядагы 980 жарандык учактын 777си ижарага алынган. Алардын көбү Ирландияда жайгашкан AerCap (AER.N) жана АКШдагы Air Lease (AL.N) лизингдик компанияларына таандык.

Лизинг ээлери эми учактарды аларга кайтарып берүүнү талап кылууда. Муну менен катар алар Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө кайрылып, эгер орусиялык компаниялар учактарды пайдаланууну уланта берсе, эл аралык санкциялардын негизинде аларды камакка алуу же кайтарып берүүнү өтүнгөн.

Орусиянын Украинага кол салганына байланыштуу 28-февралдан тарта Евробиримдикке мүчө өлкөлөр орусиялык авиакомпаниялар үчүн асманын жапты. АКШ да бул чечимди колдоп, Британия ага чейин эле Орусиялык каттамдарга тыюу салган.

“Росавиация” аба транспортунун федералдык агенттиги да аталган өлкөлөргө жооп чара катары алардын учактарына Орусиянын үстүнөн учууга бөгөт койду.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. 12 күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды. Тараптардын сүйлөшүүсүнөн жыйынтык чыга элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG