Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:53

ӨКМ: Ноокаттагы селден каза болгондордун саны жети кишиге жетти


ӨКМ тараткан сүрөт. Куткаруу иштери.
ӨКМ тараткан сүрөт. Куткаруу иштери.

Ош облусунун Ноокат районундагы селден каза болгондордун саны жети кишиге жетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) сел агызып кеткен дагы бир аял каза тапканы ырасталганын 29-июндун кечинде билдирди.

Министрлик анын аты-жөнү такталып жатканын, 28-июндагы селден каза болгондордун көбү өспүрүмдөр экенин маалымдады.

Расмий маалыматта каза тапкандар 19, 16, 12, 11 (эки өспүрүм), 8 жашта болгону көрсөтүлгөн.

"Учурда тактоо иштери жүрүп жатат, дагы кошумча маалымат берилет", - деп билдирди ӨКМ.

Буга чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгы селден алты киши каза болгонун ырастаган.

Жума күнү кечке маал болгон табигат кырсыгынын кесепетинен Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогорку тарабында калып кеткен 1300дөй киши коопсуз жерге чыгарылды. Ноокат районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Президент Садыр Жапаров Баткен, Ош облустарында селден каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Жапаров тийиштүү министрлик, жергиликтүү бийлик органдары убагында болгон күч аракетин жумшаганын, селдин кесепеттерин жоюу иштери уланып жатканын белгилеп, жабыркагандарга жардам көрсөтүлөрүн билдирди. Президент куткаруучуларга жардам берген жарандарга ыраазычылык айтты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-июндан 2-июлга чейин нөшөрлөгөн жаан күтүлүп жатканын маалымдап, сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертип жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG