Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:39

Ысык-Көл: эс алуу жайларындагы саркынды суу көйгөйү


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Өткөн аптада Ысык-Көл облусунда саркынды сууларды тазалоочу жайлары жок экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионаттын ишине тыюу салынды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү алар мыйзам бузууларды жойгондон кийин райондук бийлик туристтик сезонго даяр экенин далилдеген паспорт берерин билдирди.

Ысык-Көлдө саркынды сууну кайра тазалоочу системада көйгөй көп. Экологдор бул жагдай көлдүн экологиясына олуттуу коркунуч жаратып жатканын эскертип келет. Өткөн жылы президент Жапаров “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон эле.

Жабылган эс алуу жайлары

Ысык-Көл облусунда саркынды сууларды тазалоочу жайлары жок экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионаттын ишине тыюу салынды. Алар: “Дальний кардон”, “Смена”, “Белек”, “Золотые пески”, “Взморье сити”, “Асыл-Таш”, “Ой-Керемет”, “Золотой-Требас”, “Кооператор” пансионаттары жана “Улан” балдардын ден соолукту чыңдоо борбору, “Чолпон-Ата”, “Чалжанов” эс алуу жайлары.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Жаныбек Кожоев “Азаттыкка” ырастагандай, жабылган пансионаттар саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды салып же борбордук канализацияга кошулса, алар кайрадан ишин уланта берерин айтат:

«12 пансионат мерчемделген убакыт ичинде кетирген мүчүлүштүктөр жана эскертүүлөр боюнча иш алып барган эмес. Аларга азыр да убакыт берилип жатат. Эгерде алар мүчүлүштүктөрүн жоюп, экологияга зыяны тийбегендей болуп, саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды салышса же борбодук канализацияга кошулушса, комиссия кайра отурум кылып, буларга уруксат берүү маселеси каралат».

Учурда конок үй, пансионат иштеткендерге текшерүү катуу жүрүп жатканын жергиликтүү кызматкерлер айтууда.

Тоң районунун экологиялык көзөмөл боюнча башкы инспектору Талант Орозов эс алуу жайлары жерди оро түрүндө казып, өз алдынча куруп алган септикке эми такыр уруксат бербей жатышканын айтууда.

“Биз септикке такыр эле уруксат бербей жатабыз. Буга чейин Кажы-Сайдагы конок үйлөрдө 3-4 гана пансионатта тазалоочу курулма бар болсо, азыр 20дан ашыгы салды. Дагы курулуп жатат. Эл эми кандай кабыл алды? Талапты аткар деп айткан адамды эч ким жакшы көрбөйт да. Бул боюнча түшүндүрүү жакшы эле жүрдү. Эми азыр эл макул эле болуп калды. Буга чейин жакшы эле өз билгендерин кылышты, септик менен көп эле иштеп келишти. Септиктер кандай салынганын деле билбейбиз да. Талапка жооп бербеген эс алуу жайлары иштебейт деп эле жатабыз. Иштейм дегендер аракет кылып эле жатышат”.

Тоңдун Кажы-Сай айылында 10 жылдан бери конок үй иштеткен Жанара Камчыбекова быйыл гана конок үйүнө саркынды сууну тазалоочу курулма салдырган. Буга чейин кадимки септик менен иштетип келген. Эс алуучу жайы 20 кишиге ылайыкталган.

“Мурун маалымат аз болчу, өзүбүз деле негизи коюшубуз керек деп ойлончубуз. Себеби өзүбүз эле кайра суу ичебиз дегендей. Азыр эми жакшылап ойлонуп, салдырдык. Баа жагы биз үчүн кымбат болду. 500 миң сомго салдык. Азыр баары эле коёлу деп жатышат. Бирок акча жагынан кыйналышууда, кээ бири насыя алды, карыз алып койдургандар бар”, - деди конок үй ээси Жанара.

Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын башчысы Максат Кыштобаев тез арада саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу зарылчылыгын мындайча чечмеледи.

“Ысык-Көл - кыргыздын бермети. Эми эс алуучу жайларда химикатталган самын, шампунь колдонулат. Даараткандан чыккан суулар бар. Ошонун баары тазаланышы керек. Эгер аны жердин асты менен же түз эле көлгө куйсак, көлүбүздү бир жылга жеткирбей өлтүрөбүз. Бул - абдан зыян. Экологиялык жактан аябай коркунучтуу. Ал эми саркынды сууну тазалоочу курулма суунун 99 пайызын тазалап чыгарат. Муну ичкенге болбойт, бирок, сугат иштерине жарайт. Биздин көлгө суу агып кирет, кайра агып чыкпайт. Ошондуктан да кооптуу. Заман талабы болуп турганга байланыштуу таштанды тазалоочу завод курушубуз керек”, - деди Кыштообаев.

Учурда саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды салуу иштери активдүү түрдө Чолпон-Атада, Бостериде, Тамчыда, ал эми тескей тараптан Кажы-Сайда жүрүп жатканы айтылууда.

Максат Кыштообаевдин маалымдашынча, буга чейин 712 эс алуу жайына бул боюнча эскертүү айтылган:

“Ысык-Көл облусу боюнча 1227 эс алуу жайы бар. Алардын ичинен 126 эс алуу жайдын саркынды сууларды тазалоочу курулмалары бар. 160 эс алуу жайыныкы тегерегиндеги кошуна жайгашкан эс алуу жайларына кошулган. Себеби көпчүлүк септик салат дагы, тегерегин бетон кылып, түбүн кылбай коюшат. Ошондуктан аларга кепилдик жок. Азыр эми 841 эс алуу жайынын саркынды сууну тазалоочу курулмалары жок деп жатабыз. 70 пайыздан ашыгы конок үйлөр. Алар Бостери айылында, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан. Эгер саркынды сууну тазалоочу канализациябыз быйыл курулуп бүтүп калса, септик деген балекеттен кутулабыз. Баары ошого кошулат элек деп эле күтүп жатышат. Азыр бизде дагы бир нерсе: септик менен иштеген конок үйлөр азыр атайын септикти сордуруп, канализацияга төгө турчу машиналар менен келишим түзүп да жатышат”.

Саркынды сууларды тазалоочу система тургузуу канча турат?

Азыр Кыргызстанда саркынды сууларды тазалоочу чакан курулма салган компаниялар дагы көбөйдү. Биз сүйлөшкөн “Зеро Вест” компаниясында иштеген Максатбек Амангелдиев 5 кишилик конок үйлөргө 180 миң сом кетсе, 10 кишиликтерге 280 миңден баштап куруп беришерин айтып жатат.

“Бизге кайрылгандар көп. Биз чет өлкөдөн сатып келбей өзүбүздүн ишканадан курулманы чогулутуп жасап келип, салып жатабыз. Ошого дагы бааларыбыз өтө кымбат эмес. Ал эми чет өлкөдөн түз алып келип коюп берип жаткандардыкы кымбат. Алар үстүнө кайра баа кошуп жатпайбы”.

Ысык-Көл - Кыргызстандагы эң чоң көл жана жай мезгилинде кыргызстандыктар жана чет өлкөлүк туристтер агылып келген жай. 2023-жылы жайында бул облуска 1,3 миллион конок келгени расмий кабарланган.

Көлдөрдү, сууларды сактап калуу максатында 2002-жылы Кыргызстан Рамсар конвенциянын №54 мыйзамына кол койгон. Ага ылайык, эл көп келген көлдөрдү таза кармоого, сактоого милдеттенме алган. Ага карбастан Ысык-Көлдүн булганышы, суу ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу, климаттын өзгөрүшү жана туризм сыяктуу бир катар чечүүнү талап кылган көйгөйлөр бар. Экологдор бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын сактоого жана анын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган комплекстүү чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу зарылдыгын айтып келишет.

  • 16x9 Image

    Айсалкын Качкынбекова

    Айсалкын Качкынбекова "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, 2016-жылы Эл аралык Кувейт университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG