Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:29

Борбор Азия

Sorry! No content for 24 Декабрь. See content from before

дүйшөмбү 23 Декабрь 2024

Орусияда генерал Игорь Кирилловдун өлүмүнө шектелип кармалган Өзбекстандын жараны Ахмаджон Курбонов Басман райондук сотунда. 19-декабрь, 2024-жыл. Москва.
Орусияда генерал Игорь Кирилловдун өлүмүнө шектелип кармалган Өзбекстандын жараны Ахмаджон Курбонов Басман райондук сотунда. 19-декабрь, 2024-жыл. Москва.

Москвада Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн генералы Игорь Кирилловдун өлүмүнө шектелип кармалган 29 жаштагы ташкенттик Ахмаджон Курбоновдун  үй-бүлөсү Өзбекстандын укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.

Туугандарынын айтымында, Ахмаджон Курбанов 2021-жылы Түркияга миграцияга кеткен. Акыркы жолу Орусиядагы жардыруудан эки күн мурун апасына телефон чалып, Орусияда ашпозчу болуп иштеп атканын айткан.

Орусиялык генерал-лейтенант Игорь Кириллов 17-декабрда эртең менен үйүнөн чыгып баратканда жардыруудан жардамчысы менен кошо набыт болгон.

19-декабрда Москванын Басман райондук соту шектелип кармалган Ахмаджон Курбоновду эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Жогорку кызматтагы орус генералынын киши колдуу өлүмүнө шектелип өзбек жараны кармалгандан кийин бул өлкөдө жашаган борбор азиялык мигранттарга кысым кайра күчөйбү?

Курбoновдордун үй-бүлөсү көзөмөлдө

"Азаттыктын" өзбек кызматы - "Озодлик" радиосу Курбоновдун Ташкенттин Үчтепе районундагы Пахтакор маалесинде жашаган үй-бүлөсүн тапты. Бирок алар маалымат каражаттары менен байланышуудан баш тарткан.

Атын атагысы келбеген бул конуштан тургундарынын биринин айтымында, Ахмаджон Курбонов 2021-жылы Түркияга акча табуу үчүн миграцияга кеткен.

Акыркы жолу Орусиядагы жардыруудан эки күн мурун ал апасына телефон чалып, ден соолугу, жумушу жакшы экенин, Орусияда ашпоз болуп иштеп атканын айткан.

Курбoновдун үй-бүлөсү орто жашаган, тынч үй-бүлө экенин айтат маале тургуну. Бир канча жыл мурун көзү өтүп кеткен атасы Алижон Курбонов ашпозчу, дагы бир уулу наабайчы болгон.

Курбонов Өзбекстандан Түркияга кеткенде бойдок болгонун кошуналары айтышты.

Ташкенттин Пахтакoр аймагынын дагы бир тургуну Ахмаджондун үй-бүлөсү анын Түркиядан Орусияга качан жана кантип кеткенин билбей турганын айтты.

Үй-бүлө менен баарлашкан "Эзгулик" укук коргоо уюмунун төрагасы Абдурахмон Ташановдун айтымында, каргашалуу окуяны уккандан бери үй-бүлө нес болгон абалда турат. Өзбекстандын укук коргоо органдары алар менен улам байланышып жатканы айтылды.

Курбoновдордун үй-бүлөсү Ахмаджондун Москвада теракт жасады деп айыпталганы тууралуу расмий маалыматты Үчтепе райондук ички иштер бөлүмүнүн террорчулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлеринен алышкан, окуянын чоо-жайын маалымат каражаттарынан уккан.

Ошондой эле "Эзгулик" уюму Ахмаджон Курбоновдун күнөөсү сотто далилденгенге чейин эле аты- жөнү ачык жарыяланып, өз күнөөсүн мойнуна алды деген видеотасма тарап кетти деп тынчсыздануу билдирди.

Басман сотунун чечими

19-декабрда Москвадагы Басман райондук соту Курбоновду эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Буга чейин Федералдык коопсуздук кызматы "Украинадан көрсөтмө алган шектүү Москвага келип, колго жасалган бомбаны электр чыгырыкка орнотуп, генерал Игорь Кириллов жашаган үйдүн кире беришине таштап кеткен. Кириллов жардамчысы менен чыгып баратканда бомба жарылган" деп билдирген.

Ал эми Орусиянын Тергөө комитети жана Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) 18-декабрда жасаган билдирүүсүндө украин атайын кызматы 29 жаштагы шектүүгө "100 миң доллар жана Европа өлкөлөрүнүн биринде туруктуу жашоону сунуш кылганы" айтылат. Бирок ага эч кандай далил келтирилген эмес.

ФСБ шектүү кылмышты моюнуна алды деген видео жарыялаган. Бетинде тиликтери билинген эркек кол салууну ишке ашырган соң "ага 100 миң доллар жана Европанын паспортун убада кылышканын" айтканы тартылган.

Kоопсуздук кызматынын расмий билдирүүсүнө ылайык, киши өлтүрүүгө шектелген өзбекстандык жарандын тек-жайы коопсуздук камераларындагы видеолордон жана уюлдук телефондун негизинде аныкталган. Курбоновдун күнөөсү далилденсе, өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Мирзиёевдин тилектештиги

19-декабрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүп, коопсуздук маселесин талкуулаганы кабарланган.

"Коопсуздукту күчөтүү максатында эки мамлекеттин атайын кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгү белгиленди", - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Буга чейин Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги 17-декабрда Москвада болгон терактка байланыштуу Өзбекстандын жараны кармалганы тууралуу маалыматка тыкыр көз салып жатканын билдирген.

Маалыматта "дипломатиялык өкүлчүлүк бул өлкөнүн укук коргоо органдары менен байланышта жана шектелип кармалган адам тууралуу маалыматты тактап жатат" деп айтылат.

Ксенофобияга байланыштуу тынчсыздануулар

Соңку жылдары Орусияда ксенофобия жана чектөөлөр күчөп, борбор азиялык мигранттарга кол салуулар көбөйүүдө. Генералдын киши колдуу болгону бул жараянды ого бетер татаалдаштырат.

Орусия ондогон жылдар бою миллиондогон борбор азиялык эмгек мигранттары үчүн негизги багыт болуп келген. Алар үй-бүлөсүн багуу үчүн ар кандай куугунтукка жана дискриминацияга чыдап, иштеп келишет.

"Бардык жерде полициянын автозактары бар. Бүгүн базардын жанынан өтүп баратып, бир нече автозак тизилип турганын көрдүм. Өзбек, кыргыз, тажиктерди – баарын кармап, тыгып салып атышты", - дейт Москвада жашаган өзбекстандык Зульфия.

"Кечээ тааныш аялды кызы менен кошо депортациялашты", - дейт "Озодлик" менен байланышкан дагы бир мигрант.

Ал арада жергиликтүү айрым тургундар мигранттарга адилеттүү мамиле кылууга чакырышууда.

"Мен коомдук тамактануу тармагында иштейм. Бизде өзбектер, дагестандыктар, грузиндер иштешет. Кайталап айтам, ар бир элдин жакшысы да, жаманы да болот. Менимче, жакшы адамдарга жанашып, жаман адамдардан алыс болушубуз керек", - дейт москвалыктардын бири.

Быйыл март айында Москванын сыртындагы "Крокус сити холл" концерттик залында болгон теракттан кийин Орусия өкмөтү мигранттарга карата мурдагыдан да катаал саясат жүргүзө баштаган.

Кандуу чабуулду жасаган деп айыпталып кармалган бир нече тажик жаранын сотко алып келгенде алардын аёосуз сабалганы, кыйноо көргөнү Орусиядагы эмгек мигранттарынын олуттуу чочулоосун жана эл аралык коомчулуктун нааразычылыгын жараткан.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы бул мигранттарды "Украинанын атайын кызматы жалдап, окуткан" деген маалымат тараткан.

Москванын Украинага дооматы

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков орус атайын кызматы жогорку даражалуу орус генералы Игорь Кирилловду өлүмүнө ким буюртма бергени белгилүү деп билдирди:

"Азыр бизге терактка кимдер буйрук бергени жана аны жасагандар кимдер экени белгилүү. Киев режими террордук ыкмаларды колдонуудан тартынбай турганы тастыкталды. Биздин душманыбыз ким экенин жана алар эмнеге жөндөмдүү экенин так түшүнөбүз жана бул дагы бир жолу атайын операциянын жүрүшүндө биздин аракеттерибизди актайт", - деди Песков.

Украин маалымат каражаттары атайын кызматтагы булактарына таянып, жардырууну Украинанын коопсуздук кызматы уюштурганын жазышты.

"Кириллов согуш кылмышкери катары бутага алынды, анткени ал украин аскерлерине каршы тыюу салынган химиялык куралды колдонууга буйрук берген", - деп жазды "Украинская правда" гезити.

"Рейтер" жана "Франс-Пресс" агенттиктери Украинадагы булактарына таянып, Кирилловдун өлүмүн АКШнын чалгын кызматынын операциясы катары чечмелеп жатышат. Ал эми Украинанын Коопсуздук кызматындагы булак "Би-Би-Сиге" генералдын өлтүрүлүшү атайын операция болгонун, бирок Киев муну ырастай электигин билдирген.

16-декабрда украин Коопсуздук кызматы Кирилловго химиялык курал колдонуудагы ролу үчүн сыртынан айып тагылганын билдирген. Андай куралга 1993-жылкы эл аралык конвенция тыюу салат жана келишимди бузуу согуш кылмышы болуп эсептелет.

Шектүү жагдай

Британияда жайгашкан Central Asia Due Diligence иликтөө борборунун директору Алишер Илхамов кармалган киши кыйноо көрүшү "толук ыктымал" экенин айтат.

Алишер Илхамов
Алишер Илхамов

"Биздин өзбек мигранттын киши өлтүрүүгө аралашканынан күмөн санайм. Ал киши өлтүрүүгө катышса да жардамчы ролун ойношу мүмкүн. Бирок тергөө негизги күнөөкөр катары ага айып коюуну чечти окшойт. Анткени бул - Орусиянын атайын кызматынын ачык катасы. Ошондуктан азыр алар Путиндин жетекчилигине жана калкка актануу үчүн тез арада күнөөлүүнү таап, бул абалдан чыгышы керек. Бул мигранттардын ансыз да оор абалын ого бетер катаалдаштырат. Бийликке жакын чиновниктердин аларга терс көз карашын дагы күчөтөт. Экинчиден, бул мигранттардын айрымдарын Украинадагы согушка тартуу үчүн келишим түзүүгө мажбурлоо үчүн колдонулушу мүмкүн", - дейт Илхамов.

Орусиялык эксперттер да бул кылмышка өзбекстандык жарандын айыпталып жатышы суроо жаратарын белгилешүүдө:

"Бул жарандын канчалык күнөөсү бар экени түшүнүксүз, анткени атайын кызматтын кызматкерлери жетекчилерине жасаган иши, тергөө иштеринин ийгиликтүү аяктагандыгы боюнча отчет бериши керек. Биз муну көрдүк, анын канчалык негиздүү экенин айтуу кыйын. Бирок учурда өлкөдө расмий түрдө жумушсуздуктун деңгээли 2,2% түзөт, буга чейин мындай болгон эмес. Элди бир жагынан фронтко айдап атышат. Экинчиден экономиканын өзү аскердик өнөр жай комплексине байланган. Үчүнчүдөн кимдир бирөө жүк ташуучу, таштанды жыйноочу, коммуналдык кызматкер, автобустун айдоочулары жана башкалар сыяктуу оор, бирок керектүү жумуштарды аткарышы керек", - деди орусиялык саясатчы Дмитрий Орешкин "Настоящее время" телеканалына берген маегинде.

Кылмышкер аскерлер

Генерал Кириллов согуш кылмыштарына шектелип, күмөндүү жагдайда набыт болгон биринчи аскер кызматкери эмес.

Ноябрда Крымда Кара деңиз флотунун ракеталык кемелеринин жана катерлеринин 41-бригадасынын штабынын башчысы Валерий Транковский отурган автоунаа жардырылган. Былтыр күзүндө Орусия оккупациялап алган Бердянск шаарында ФСОнун төрт кызматкерин ташыган унаа жардырылган.

Генерал Кириллов Орусиянын Коргоо министрлигинин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болчу. Орусиянын Украинадагы согушу баштала электе эле ал постсоветтик мейкиндикте "жашыруун америкалык биолабораториялар" бар экенин бир нече жолу белгилеген.

2022-жылдан кийин Кириллов Орусиянын душмандары иштеп чыккан биологиялык куралдын адаттан тыш түрлөрү жөнүндө айтып, утур-утур жыйындарды өткөрө баштаган. Мисалы, анын Батыш "орустарга гана таасир этүүчү" вирустарды иштеп чыккан деген билдирүүлөрү белгилүү.

Миллионду чапчыган “Арашан” койлор
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:02 0:00

Кыргызстанда "Арашан" тукумундагы койлордун баасы асман чапчып, 50 миң доллардан өйдө сатылган учурлар бар. Асыл тукум малдын мааниси эмнеде? Аларды кантип асырайбыз? “Данисте” бул жолу "Арашан" койлорун багуунун түйшүгү, миллион киреше берген чарбалар тууралуу айтып берет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG