Москва орус паспортун алып, бирок аскердик каттоого турбаган же аскердик ант бербей жүргөн борбор азиялыктарды жарандыктан ажырата баштады. Орус атуулдугунан кол жууган ондогон мигранттын арасында кыргызстандыктар да бар. Жаңы талаптардын максаты эмне? Орусия муну менен мигранттарды Украинадагы согушка салууну көздөйбү? Мындай чектөөлөрдүн кесепеттери кандай болушу мүмкүн? “Биз жана дүйнө” берүүсүндө дал ушул суроолорго жооп издейбиз.
Борбор Азия
жума 29 Ноябрь 2024
28-ноябрда Орусия Украинанын энергетикалык объектилерине жапырт сокку урду. Астанага келген орус президенти Владимир Путин муну украин тараптын Батыштын ракеталары менен Орусиянын аймагын бутага алып жатканына жооп деп мүнөздөдү. Украинадагы соңку апталарда чыңалган кырдаал Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде да талкууланды.