Быйыл күзүндө Казакстандын Талгар шаарында киши колдуу болгон Шерзат Полаттын жакындары административдик жоопкерчиликке тартылды. Маркумдун атасы Каржаубай Нурымов коомдук тартипти бузган деген негизде 15 суткага камакка алынып, ага карата кылмыш иши козголду.
Эки жакын тууганы да 15 суткага камалып, дагы бирөөнө айып пул салынды. Казак бийлиги кармалгандардын бирин өлкөдөн депортациялашы мүмкүн.
Учурда административдик жазасын өтөп жаткан Каржаубай Нурымовго полиция кылмыш ишин козгогону 12-декабрда белгилүү болду. Адвокат Саида Таукелеванын айтымында, кылмыш иши "Башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу" беренеси менен козголгон.
"[Иниси Нурганат Гайыппаевдин жаназасы болгон күнү] Каржаубай спецназдын (СОБР) унаасынын дөңгөлөгүн тешип салган. Ошого байланыштуу иш козголуп жатат. Баасын азыр эсептеп берсе, дөңгөлөктү алмаштырып берет. Иш тынч бүтөт деп ойлойм", - деп билдирди Таукелева 12-декабрда "Азаттыктын" казак кызматына.
Каржаубай Нурымовго "башканын мүлкүнө атайылап зыян келтирүү" фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун Алматы облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Ернар Сайгилдин ырастады. Ал учурда бул ишке байланыштуу атайын билдирүү даярдалып жатканын кошумчалады.
Буга чейин Нурымовдордун үй-бүлөсүнүн дагы бир жактоочусу Аскар Каймаков Каржаубайдын камалышы тууралуу Фейсбукка пост жазган. Анда адвокат "Соттун Каржаубайды 15 суткага камакка алуу чечимин мыйзамсыз" деп, маркумдун жакындары Нурканат Гайыпбаевдин соңку жазышууларын жарыялоого уруксат бербегенин, жактоочу тарап Каржаубайды кармоо үчүн полицияга кайрылбаганын жазган.
Шаршембиде Каржаубай Нурымов жана эки тууганы административдик соттун чечими менен 15 суткага камакка алынды. Каржаубайдын эжеси Салтанат Нурымовага айып пул салынды.
Түн бир оокумда чыккан сот чечими
10-декабрда кечинде интернетте Каржаубай Нурымовдун жүк ташуучу унаасынын үстүнө чыгып алып, эл алдында укук коргоо органдарынын аракеттерине нааразылыгын билдирген видеосу тараган.
Анда Каржаубай эки ай мурун каза болгон 16 жаштагы уулу Шерзат Полат менен 9-декабрда белгисиз жагдайда каза болгон иниси Нурганат Гайпбаевдин өлүмү боюнча чындыкты билгиси келгенин белгилеп, уулу Шерзаттын өлүмүн акыйкат иликтөөнү талап кылган.
Дагы бир видеодо Каржаубайды "агам" деген бир аял, ал "өз жанын кыюуга аракет кылган" дейт. Көп өтпөй Нурымовду полиция кармап кеткен.
Шейшембиде полиция тараткан расмий маалыматта Каржаубай Нурымов полиция бөлүмүнө жеткирилип, аны менен психологдор иштеп жатканы айтылган. Кийинчерээк ага административдик кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Шаршемби күнү таңкы саат төрттөр чамасында административдик сот Нурымовдун ишин карап, чечим чыгарган.
"Каржаубай Нурымов коомдук жайда сөгүнгөн, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кемсинткен, ошондой эле коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын бузган, башкаларды сыйлабаганы жана унаалардын жүрүшүнө тоскоолдук кылгандыгы үчүн 15 суткага административдик камакка алынды" деп жазылат соттун чечиминде. Нурымовдун адвокаттары соттун чечимине каршылыгын билдирип, апелляциялык доо арыз менен кайрылганы жатышат.
Нурымовдун тууганы Бакыт Реймова "элди мыйзамсыз митингге чакырган" жана "тынчтык митингин өткөрүү" мыйзамын бузганы үчүн 15 суткага камакка алынган. Ал жазасын өтөп бүткөн соң Казакстандан депортацияланат. Каржаубайдын Айгазы аттуу дагы бир тууганы да соттун чечими менен 15 суткага камалды.
Ал эми Салтанат Нурымовага "майда бейбаштык" беренеси менен 73 840 теңге айып пул түрүндө жаза чегерилген.
Каржаубай Нурымов камакка алынардан мурун маркум иниси Нурганат Гайыпбаевди жерге берген. Маркумду туугандары 10-декабрда Алматы облусунун Азат айылындагы үйүнөн акыркы сапарга узатышкан. Алгач уулунан, эми инисинен ажыраган Каржаубай Нурымов журналисттер менен эл алдында жолугушууну талап кылган.
Алдын ала соттук-медициналык экспертиза "Нурганат Гайыпбаев суицидден каза болгон" деген бүтүм чыгарган. Ал эми маркумдун үй-бүлөсү Нурганаттын өз жанын кыйганына ишенбейт.
"Суицид экени аныкталды"
Казакстандын Ички иштер министрлиги 16 жаштагы өспүрүм Шерзат Полаттын өлүмү боюнча иш жыл этегине чейин иликтенип бүтөрүн билдирди.
"Жыл аягына чейин бардык экспертизалардын жыйынтыгын чыгарып, бардык тергөө иш-чараларын бүтүрөбүз. Кылмыш иши боюнча 11 адам камакта. Аларга айыптар прокурор менен макулдашылгандан кийин коюлат. Андан кийин кылмыш ишинин материалдары менен таанышуу үчүн тараптарга берилет", - деп билдирди ички иштер министринин орун басары Санжар Адилов "Орда" сайтына берген маегинде.
Мындан тышкары, ички иштер министринин орун басары маркум Нурганат Гайыпбаевдин өлүмү боюнча тергөөнүн жүрүшүнө да токтолду.
"Суицид фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы коомчулукка айтылды. Маркумдун денесинде зордук-зомбулуктун белгилери жок. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Мыйзамга ылайык, бул үчүн эки ай убакыт берилет, зарыл болсо мөөнөт узартылышы мүмкүн", - деди Санжар Адилов.
Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында "маркумдун денесинде зордук-зомбулуктун белгилери жок, моюнунда адам асынып өлгөндө калган тактар бар, ал эми кулактын жана моюндун артындагы, далыдагы жарага окшош тактар асынгандан улам пайда болушу мүмкүн" деп жазылат.
Буга чейин Каржаубай Нурымов соцтармактагы баракчасына Гайыпбаевдин денесиндеги көгала тактар тартылган сүрөтүн жарыялаган. Шейшембиде Алматы облусунун полициясы ушул эле сүрөттү өзүнүн Телеграм-каналына жарыялады, бирок сүрөт булаңгыр болгондуктан, издер так көрүнбөйт.
"Мүдүрүлгөнгө муштум тийди"
Өспүрүм уулунан айрылып, эс-учун жыялбай отурганда Нурымовдордун үй-бүлөсүнүн дагы бир мүчөсү көз жумганы коомдо кызуу талкууга жем таштады.
Социалдык түйүндөрдө түрдүү пикирлер айтылууда: айрымдары полицияны сындап, "мүдүрүлгөнгө муштум тийди" дешсе, укук коргоо органдарынын аракети туура экенин айткандар да жок эмес.
"Жаңы жана Адилеттүү Казакстан" учурда сыноодон өтүп жатат. Бул окуя бир үй-бүлөнүн гана эмес, бир элдин, мамлекеттин трагедиясы" деп жазды жазуучу Уларбек Далейулы.
Журналист Белла Орынбет Талгардагы окуя оор трагедияга айланганын баса белгилеп, ал үчүн бийликти айыптады. "Адилеттүүлүктү орното албаса, адамдардын коопсуздугун кепилдей албаса, мыйзамды, мекемелерди иштете албаса, мындай бийликтин эмне кереги бар?" — деп суроо салды казак журналист.
Акын Ырысбек Дабей "адилетсиздикти көрүп туруп, унчукпай койгон" коом да күнөөлүү экенин жазды.
"Адилетсиздикти, ээнбаштыкты өткөн замандан издегенден оңой эмне бар. "Сайдагы кийиктин туягына таш тийсе, адырдагы кийиктин мүйүзү зыркырайт" демекчи, биз ошолордой боло албадык" деп жазды казак акын Фейсбук баракчасына.
Журналист Асан Анарбайулы "Дүйнөдө адам укугун коргоо күнү өтүп жаткан маалда, Казакстанда каза болгон жарандын үй-бүлө мүчөлөрү четинен соттолду" деп белгиледи.
Социалдык желенин колдонуучулары президент Касым-Жомарт Токаев Талгардагы кырдаалга түздөн-түз көз салышы керек деген пикирде. Алар бул ишти Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратуранын көзөмөлүнө алганынан күмөн санашууда.
Алардын бири Сергали Балажан: "Шерзат каза болгондо ички иштер министри менен башкы прокурор катуу көзөмөлгө алганын расмий түрдө билдирген. Kатуу көзөмөлгө алынганы ушул болсо ....билбейм" деп жазды.
Ал эми блогер Ильяс Миңжасаров "сотту күтөлү, ага чейин жыйынтык чыгарууга шашпайлы" деп элди сабырдуулукка чакырды. Ал окуяда полициянын иш - аракетин жакшы түшүнүү керектигин айтты.
"Полиция аны (Шерзаттын атасы Каржаубайды) агрессивдүү жүрүм-туруму үчүн кармады. Бул иштин тегерегинде ызы-чуу жетиштүү, ошондуктан полиция кырдаал курчуп кетпеши үчүн Каржаубай Нурымовду кармаган болуш керек. Анткени ал кылган иши үчүн толук жооп бере албай турган абалда" - деп жазды Миңжасаров.
"Мындай карасаң Нурганат да, Каржаубай да өз турмушун куруп, карапайым өмүр сүргөн адамдар экен. Үй-бүлөсү бар, үй-жайы бар, чоң байлардын арасында болбосо да өз кесибинин ээси экен. Мунун баары бир заматта талкаланды. Мамлекетти ушундай адамдар кармап турат. Ал эми мындай адамдардын жүрөгүн, ишенимин өрттөп жиберүү - жакшылыкка алып барбайт" деп жазды журналист Карагөз Сымадил.
- Быйыл 4-октябрга караган түнү Алматы облусунун Талгар районунда чыр чыгып, 16 жаштагы Шерзат Полат бычакталып каза болгон. Бул окуядан бир жума өткөндөн кийин ал үй-бүлөнүн үйү өрттөлүп, полиция аймактагы коопсуздукту күчөткөн.
- Буга чейин Ички иштер министри Ержан Саденов Шерзат Полаттын өлүмү боюнча иш "Киши өлтүрүү", "Бейбаштык", "Коркутуу", "Кылмышты жашыруу" жана "Кылмыш тууралуу кабар бербөө" беренелери боюнча тергелип жатканын билдирген. Полиция кылмышка он киши шектелип, дагы экөө күбө катары өтүп жатканын маалымдаган, бирок аты-жөнүн жарыялаган эмес.
- Социалдык түйүндөрдө Талгардагы кылмышка "Хутор" тобунун мүчөлөрү аралашканы тууралуу маалымат тараган. Бирок полиция мындай топтун бар экенин четке каккан. Топтун лидери деп аталып жүргөн жергиликтүү тургун Хасан Касымбаев өзү тууралуу социалдык тармактарда тараган маалыматты четке кагып, элди ал тууралуу жалган маалымат таратпоону өтүнгөн билдирүү жасаган. Касымбаев үч жыл мурдагы кылмышка шектүү деп кармалып, 2-ноябрда камакка алынган.
- Шерзат Полат каза болгондон кийин Алматы облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары, Талгар райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, аталган башкармалыктын экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси жана башка бир катар жетекчилер кызматтан алынган.
"Азаттыктын" казак редакциясынын макаласын бул жерден орус тилинде окуй аласыз.