Соңку жылдары Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттар түрдүү себептер менен мекенине массалык түрдө кайтып келүүдө. Эл аралык миграция уюмунун эсептөөсүндө 2020-2023-жылдар аралыгында өлкөгө 137 миңден ашуун мигрант кайтып келсе, анын 89% Орусиядан келгендер түзөгөн. Мунун негизги себеби катары Украинадагы согушу, улам катаалдашып жаткан эрежелер, тынымсыз рейддер, согушка тартуу аракеттери айтылып келет. “Данисте” бул жолу Орусиядан кайткан мигранттардын жашоосу, өз мекенинде эмне менен алектенип жатканы тууралуу айтып берет.
Борбор Азия
дүйшөмбү 9 Декабрь 2024
Соңку эки жылда Орусиянын 17 миңдей жараны Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча арыз тапшырып, анын 6 миңи кыргыз паспортун алды. Москва Украинага кол салган соң Орусия Батыштын санкцияларына кабылып, анын жарандары башка өлкөлөрдүн жарандыгын ала башташкан.
Анын ичинде Кыргызстандын паспортуна кызыгуу арбып, айрымдары “оюн үчүн” алганы ачыкка чыккан.
Бул жагдай кыргыз паспортунун айланасындагы талкууларды күчөтүп келет.
Паспорт алуудагы секириктин сыры
Кыргызстандын паспортун алган чет элдиктердин санына байланыштуу жаңы статистика Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин 3-декабрдагы жыйынында маалым болду. Бул күнү комитетте “Жарандык жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин каралып, талкуу жүрдү.
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин директору Арсен Миңбаев анда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып буларга токтолду:
“2023-жылы Орусиянын 10 миңге жакын жараны, 2024-жылдын ушул мезгилине карата 7 миңдей жараны Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча арыз тапшырды. Натыйжада эки жылда ал арыздардын негизинде 6 миң кишиге Кыргызстандын жарандыгы берилди”, – деди ал.
Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле жыл сайын өлкөнүн жүздөгөн жарандар өлкөнүн жарандыгын алса, ошол эле маалда ондогон жарандар жарандыгын тапшырып келет.
Бул процессте адаттан тыш көрүнүштөр буга чейин көп катталган эмес, соңку жылдары гана болууда. Ошол эле Орусиянын жарандары Кыргызстандын жарандарын алган учурлар соңку жылдары гана күчөдү.
Айталы, ачык булактардагы маалыматтарда 2015-2019-жылдары 22 миңден ашуун чет элдик кыргыз паспортун алса, анын ичинде 50гө жетпеген киши гана орусиялык болчу. 2020-жылы 3 миң, 2021-жылы 5 миңдей адамга чет өлкөлүккө жарандык берилсе, анда да Орусиянын жарандары аз эле.
2022-жылдан акыркы беш жылда эң көп адамга жарандык берилген. Анда 8 миңден ашык чет элдик кыргыз паспортун алса, алардын 700дөйү орусиялыктар болгон. Ал эми 2023-жылдагы жана 2024-жылдын башынан бери Орусиянын жалпы 6 миңдей жараны Кыргызстандын жарандыгын алганын жогоруда билдик.
Айтор, бул жааттагы секирик Орусия Украинага кол салгандан кийинки мезгилге туш келип олтурат. 2022-жылдын февралында орус аскерлери коңшу өлкөгө басып кирген соң Батыш өлкөлөрү Москвага болгон санкцияларын эки-үч эсе күчөткөн. Мунун айынан Орусиянын паспорту менен Европа Биримдигиндеги өлкөлөргө, АКШга жана башкаларга виза алуу татаалдашса, финансылык чектөөлөрдөн улам жарандар банк аркылуу акча которуу жана карта иштетүүдө кыйынчылыктарга кептелген.
Натыйжада Орусиянын жарандарынын бир бөлүгү башка өлкөлөрдүн жарандыгын ала башташкан. Анын ичинде Европадагы өлкөлөрдүн, Түркиянын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Израилдин жана башка өлкөлөрдүн паспортуна, Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандын паспортторун алуу жанданган.
Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев бул азыркы геосаясий кырдаалда боло турган көрүнүш экенин белгилейт. Ал ошол себептүү орусиялыктардын кыргыз паспортун көбүрөөк алып жатканынан да өөн издештин кереги жоктугун айтты:
“Биздин мыйзамга ылайык, башка өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстандын жарандыгын кошумча алса болот. Чектеш мамлекеттерден башка мамлекеттердин жарандарына мыйзамдуу уруксат бар. Албетте, Орусиянын жарандарынын ичинде биздин паспортту алгандар көбөйгөнү ырас. Бул биринчиден ошол эле Орусия-Украина согушу менен байланыштуу. Экинчиден, азыр жарандык алгандардын көбү башка улуттар эмес, биздин мурдагы жарандар экен. Ошону эске алып коюш керек. Алар же Союз учурунда, же андан кийин Кыргызстандын аймагында туулгандар, биздин мектепте окугандар, же кайсы бир жагынан баары бир Кыргызстан менен байланышы бар адамдар. Ар кайсы улуттар, анын ичинде орустар да, кыргыздар да бар. Мисалы, кыргыздар кезинде иштөө үчүн Орусиянын жарандыгын алып, анан кайра Кыргызстандын жарандыгын алып жатышат. Албетте, жарандык алган орусиялыктардын арасында бизнесмендери жана башка топтогулары да бар экен. Биздин паспортту алып жаткандардын көбөйүшү жакшы эле көрүнүш го деп ойлойм. Себеби, бул биринчиден калктын санын көбөйтүп жатат, экинчиден капиталдын өсүшүнө салым кошот. Алар баары бир бизге келсе же бизнесин алып келишет, үй алат, ичип-жейт, кыскасы түрдүү чыгымдарды кылат. Мунун баары бизге инвестиция киргизет деген сөз”.
Саясатчылар, ишкерлер, програмисттер...
Арийне, “Азаттык” радиосу буга чейинки изилдөөлөрүндө президент Садыр Жапаровдун Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу жөнүндө 2022-жылдын 31-декабрында чыккан №417 жарлыгында Орусияда таанымал ондогон ири саясатчы, мамлекеттик кызматкер жана ишкерлер кыргыз жарандыгын алганын аныктаган.
Башка медиалар, анын ичинде “Медиа Хаб” басылмасы да чоң иликтөө жасап, жарандык алгандардын арасында орусиялыктар көп экенин, көбүнчө мурдагы аткаминерлер, ишкерлер, активисттер арбын экенин жазып чыгышкан. Ишкерлер дегенде айрыкча IT тармагында иштегендер, же програмисттер көп экени маалымдалган.
Бул талкуунун фонунда 2023-жылдан тартып Президенттин администрациясы кыргыз жарандыгын берүү жана жарандыктан чыгаруу тууралуу президенттин жарлыгындагы маалыматтарды жабык чыгара баштады. Буга чейин кимдер кыргыз паспортун алганы, аты-жөнү, улуту жана башка нерсеси ачык жарыяланса, кийин тизме көрүнбөй калды. Ал тургай ага чейинки жарлыктар да жабылып калды.
Теги москвалык, финансист Михаил Жуховицкий былтыр августтагы маалыматында орусиялыктар Кыргызстандын жарандыгын алууну улантып жатканын кабарлап, 13 досу Кыргызстандын жараны болгонун жазды. Фейсбуктагы постунда ал муну текшерүү мүмкүн эмес экенин, себеби жарандыкка кабыл алуу боюнча президенттин жарлыгы журналисттердин айынан жашырылганын кошумчалаган.
Жуховицкий өзү да кыргыз жарандыгын алган. Ошол эле посттун алдына блогер Кыргызстандын паспортун ал "оюн үчүн" гана алып койгонун кошумчалаган.
Блогер Михаил Жуховицкий быйыл 21-январда жазган постунда Кыргызстандын паспортун алып жаткандар биринчи кезекте бул жакка бизнесин кошо которуп жатканын белгиледи:
“Иш жүзүндө эки жыл ичинде жүздөгөн финансисттер менен айтишниктер кыргыз болуп алышты. Кыргызстандын паспортун канча орусиялык алганын карап көрүп, ал массанын 15% ашуунуна мен кеп-кеңеш бергенимди түшүндүм. Эки миллионер-блогер алды. Негизи, документ тапшыргандардын 80% - айтишниктер менен финансисттер. Абдан жетик балдар. Бүтүндөй кеңсеси менен тапшыргандар чыга баштады. Мисалы, инвестициялык компаниянын төрт кызматкери учуп келишти. Эки саатта документтерин тапшырып, андан ары саякаттап кетишти”.
Кыргызстандын паспортун алгандардын арасында Орусиянын Тверь облусунун мурдагы губернатору Дмитрий Зеленин, орус өкмөтүнүн жогорку соттордогу ыйгарым укуктуу өкүлү Михаил Барщевский, андан сырткары Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча федералдык агенттиктин мурдагы жетекчиси, азыр "Бирдиктүү Орусия" партиясынан Мамлекеттик думанын депутаты Юрий Петровдун уулу жана аялы да алган.
Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү жана ээси Татьяна Кимдин (ред: мурдагы фамилиясы Бакальчук) мурунку күйөөсү Владислав Бакальчук быйыл 7-ноябрда Телеграм-каналына маалымат жазып, Кыргызстандын жарандыгын алганын билдирген. Ал кошумча президент Садыр Жапаров менен түшкөн сүрөтүн да жарыялаган.
“Достор, ар кандай жоромолдор жана кезектеги фейк маалыматтар болбошу үчүн экинчи жарандыгым жөнүндө түшүндүрө кетейин. Кыргызстандын жарандыгын мен жазында эле алгам — бул мага сонун жана достук мамиледеги өлкөдө бизнес жүргүзүүгө жардам берген кадам”, – деп жазган Владислав Бакальчук.
Орусиялык ишкер Кыргызстанга ири логистикалык борбор салуу планы бар экенин кошумчалаган.
Кыргызстандын бийлиги Владислав Бакальчуктун кыргыз жарандыгын алганы боюнча комментарий бере элек.
Инвестиция агенттигинин мурдагы жетекчиси, экономист Шумкарбек Адилбек уулу орусиялыктардын Кыргызстандын паспортун алып жатканында оң да, терс да жактары бар экенин айтууда:
“Албетте, экономикалык призма менен алганда башка өлкөлөрдүн жарандары биздин жарандыкты алууга аракет кылып жатканы бул жакшы көрүнүш. Бирок ошол эле учурда кайсы өлкөнүн жарандары келип жатканы, алардын максаттары кандай экени суроолорду жаратышы мүмкүн. Анткени, жарандык алгысы келген адамдар артынан күмөн жагдайларды ээрчиткен болуп калышы мүмкүн. Кандайдыр бир афераларга, кылмыштарга же ушуга окшогон жагдайларга тиешеси бар-жогун кылдат текшерип, кабыл алыш керек. Биздин паспортту алып, кийин жаман иштерге аралашып, анан Кыргызстандын да атын жаманатты кылып койбогудай болушу керек. Бул жагынан тийиштүү укук коргоо органдары иштеп жатышса керек. Кантсе да, баары бир таразага салып караганда башка өлкөнүн жарандары Кыргызстандын жарандыгын алып жаткандыгынын плюстары көбүрөөк деп ойлойм. Себеби, алар бул жактагы экономикалык активдүүлүккө салым кошот. Орусиянын жарандары эмнеге биздин паспортту көбүрөөк алып жатканы түшүнүктүү - бул Украинадагы согуштан кийинки жагдайлар менен байланышты. Айрым маалыматтарда Бишкек Орусиянын жарандарына көбүрөөк паспорт бере баштаса, Кыргызстанга да экинчи деңгээлдеги санкциялар салынып калышы мүмкүн деп билдирүүдө. Бирок менимче Батыш өлкөлөрү адатта бир компанияларга, же жеке адамдарга санкция салат. Бүтүндөй бир өлкөгө санкция салуу ыктымалдуулугу жокко эсе”.
“Этникалык кыргыздар паспорт ала албай отурат”
Президенттин жарлыгында кыргыз паспортун алгандардын тизмеси жабык берилип жаткандыктан былтыртан бери андагылардын өлкөсүнө, улутуна, жынысына де башка жагдайына карата катышын чыгаруу мүмкүн эмес болуп турат. Ошол себептүү соңку жылдары канча кыргыз жарандык алганы так эмес.
Маалыматтар ачык чыккан маалдагы маалыматтар болсо кыргыз паспортун алгандардын көпчүлүгүн кыргыздар түзчү. Мисалы, 2018-2022-жылдары 22 миңден ашык адам Кыргызстандын жарандыгын алса анын 17 миңдейи кыргыздар болгон.
Алардын көбү Тажикстан менен Өзбекстанда туулган этникалык кыргыздар. Башка өлкөдөн келген кыргыздар да бар.
Бирок коңшу өлкөлөрдөн Кыргызстанга көчүп келип, же бул жакта турмушка чыгып, көп жылдан бери ар кандай себептерден улам жарандык ала албай келаткандар дале көп. Муну Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев парламенттин тармактык комитетинин 3-декабрдагы жыйынында көтөрдү.
“Баткен облусунун Лейлек районундагы айылдарда Кыргызстанга келин болуп келген Тажикстандын жарандары 20-30 жылдан бери кыргыз жарандыгын ала албай жүрүшөт. Алардын саны 2-3 миң эмес, ашып кетсе 50 киши. Канча жылга чейин жарандык ала албай жүрө беришет? Ошолор боюнча өзгөчө иш алып барбайсыздарбы?! Алар 30 жылдан бери бала-чакалуу болуп, небере да көрүп калышты. Бирок тилекке каршы алиге чейин жарандыгы жок”, – деди ал.
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин директору Арсен Миңбаев мекеменин кызматкерлери алардын маселесин чечүүгө аракеттенип жатканын, бирок көп учурда алардын эч кандай документи жок болуп чыгып, коңшу өлкөлөргө кат жиберилген учурлар бар экенин айтты.
"Бүгүнкү күндө атайын мобилдик топтор иштелип чыккан. Алар айыл жергесине чыгып, паспорт ала албай жаткан аялдар менен жолугуп, иш алып барышат. Бирок көп учурда аларда кээде бир да документ жок болуп калат. Мисалы, документ толтуруу туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн башталат да, алар да ошол да жок болуп калууда. Ошондуктан аты-жөнүн жазып, Минск конвенциясынын алкагында коңшу өлкөлөргө кайрылып, алардын документтерин сурайбыз. Бирок бул процесс көпкө созулуп кетет экен. Ошол документтерин алдырсак, анан жарандык алууга арыздарын алабыз. Азыр мындай адамдардын так санын айта албайм, жазуу түрүндө берскек болот. Бул боюнча иштер Лейлекте эле эмес, Кыргызстандын бардык аймактарында жүрүп жатат".
“Азаттыктын” иликтөөлөрүндө соңку жылдары орус жарандыгынан баш тартып, Кыргызстандын жарандыгына кайткан кыргыздар басымдуулук кылып жатканы маалымдалган. Буга Украинадагы согушка байланыштуу мобилизация жана кийинки кезде мигранттардын укугун чектеген мыйзамдардын көбөйүшү себеп экени айтылып келет.