Өзбекстанда жогорку даражалуу аткаминерлердин арасында жапырт камоолор уланууда. Соңкулардан болуп Ташкент шаардык полициясынын жетекчи орун басары Дониёр Ташхожаев жана Президенттин коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Шухрат Расулов кармалды.
Өзбек президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Комил Алламжонов кызматынан кетти. Ал мындан ары өлкөгө инвестиция тартуу менен алектенерин билдирди.
Өзбекстанда Мусулмандар дин башкармалыгы имамдарга жана алардын орун басарларына социалдык түйүндөр аркылуу чыгып сүйлөөгө жана постторго лайк коюуга тыюу салды. Буга айрым өзбек молдолордун талаштуу сөздөрү себеп болгону айтылууда.
Коңшу өлкөдө социалдык тармакты колдонгондор президент Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласы Отабек Умаровдун колундагы кымбат баалуу саатты кызуу талкуулап жаткан чак. Өзбекстанда Умаров саясий жана экономикалык жогорку чөйрөнүн көмүскөдөгү таасирдүү кишиси экени жалпыга маалым.
Үч жыл мурун кайдан-жайдан пайда болгону белгисиз, батирде катталган өзбек фирмасы 100 млн доллардан ашуун бааланган мамлекеттик келишимдерди алгандан кийин жоголуп кеткен. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жаңы иликтөөсү бул фирманын президент Мирзиёевдин күйөө баласы менен байланыштарын тапты.