Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Борбор Азия

Орусия Түндүк Кореянын аскерлерин окко салды
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:07 0:00

Орусия Курск облусунан украин күчтөрүн сүрүп чыгарууга түндүк кореялык аскерлерди салып жатканы кабарланды. Расмий Киевдин эсебинде ушул тапта Пхеньяндын 10 миңден ашуун аскери Курскиде турат жана алардын алды украин жоокерлери менен кагылышып, жоготууга учурады. Москва эмне себептен чет элдик контингентти согушка салууга мажбур болду? Түндүк Кореянын кызыкчылыгы кандай? Бул Украинадагы уруштун нугун канчалык өзгөртө алат?

Казакстан. Аскерде каза болгон уулун жоктогон эне. 2024-жылдын 9-ноябры.
Казакстан. Аскерде каза болгон уулун жоктогон эне. 2024-жылдын 9-ноябры.

Аскердеги зомбулук, "чоңсунуу" Борбор Азиядагы мамлекеттердин баарында кездешкен көрүнүш. Айрым учурда ал жоокердин өлүмү менен аяктаган фактылар да бар.

Казак армиясында үч жылда 270тен ашуун жоокер каза тапканы белгилүү болуп, аскерге чакырууда көйгөй жаралып жатканы кабарланды. "Азаттык" жалпы Борбор Азиядагы жагдайга кайрылат.

Үч жылда 270 аскер... Казакстандын "кара тизмеси"

Казакстандын борбор калаасы Астана. Жарандык кийимчен бир нече киши машинага күчтөп салып кетүүгө аракет кылып жаткан өспүрүм балдар "Жардамга!", "Мен азыр 102ге чалам! ", "Аскердик комиссариат" деп кыйкырууда…

Окуянын видеосу Интернетте тарап, кызуу талкуу жаратты. Соода борборуна барып эс алып, кино көрүп чыккан жаштар тобун кире бериште күтүп турушкан. Балдардан алар менен чогуу аскердик комиссариатка барууну талап кылышкан. Бирок жаштар баш тартканда аларга каршы күч колдонулган.

Аскерге чакыруу декабрдын аягына чейин жүрөт. Казакстандын Коргоо министрлиги өлкөнүн Куралдуу күчтөрү 20 миң жаңы аскер менен толукталарын билдирген.

Укук коргоочулар аскерге ушинтип күчтөп алып кетүү адам укугун бузуу гана эмес, жоокер болом дегендердин көңүлүн калтыруу дагы экенин белгилеп жатышат. "ЭХО" коомдук бирикмесинин башчысы Павел Лобачев белгилегендей:

"Азыркыга чейин Казакстанда "ушунча баланы чогултуп, чачын кырып, аскерге жөнөтө калуу керек" деген илгерки советтик система бар. Бул акылсыздык. Анткенде "Казакстанды коргойм" деген сезим жаралбайт. Жогору жактагыларга эле кызмат кылуу, алардын үйүн, дачасын куруу, бекер жумушчу болуу гана амалы калат".

Аскер бөлүктөрүн мажбурлоо жолу менен толуктоо Куралдуу күчтөрдөгү жетишсиздиктин далили болушу мүмкүн экенин талдоочулар айтууда.

Бирок Коргоо министрлиги андай пикирге караманча каршы. Казакстандын Коргоо министрлигинин тарбия иштери боюнча департамент башчысы Тлеужан Басхожаевдин айтымында:

"Соңку 2-3 жылдан бери Куралдуу күчтөрдүн бардык түрлөрүндө толуктоо 110-120 пайызга жетүүдө. "Эл каршы болууда" деп жалпылап айтуу негизсиз. Айрым фактылар бар, териштирүү жүрүп жатат".

Казак армиясына карата болгон ишенимдин алсырашына аскерге кечээ эле чакырылып, ошол жакта тагдыры трагедияга айланган уландардын окуялары себеп.

Адатта аскердик бөлүктүн командирлери алар өз жанын өзү кыйганын же кырсыкка кабылганын, казак армиясында эч кандай "чоңсунуу" жок экенин айтышат.

Улуттук гвардиянын жоокери Ербаян Мухтардын окуясы азыр да эл оозунда. Аскерге сопсоо кеткен баланы жарым жылдан кийин үйүнө "тайгаланып кетти" деп чала жан абалда жеткирип коюшкан.

2023-жылы декабрда ал башынан оор жараат алган. Расмий версия боюнча, жигит дааратканадан жыгылган. Мээси чайкалган бала эс учун жоготуп, комага түшкөн. Атасы кырсык болду деген жерге өзү барып, териштирүү жүргүзгөн. Узун бойлуу уулу ал жактан жыгылган күндө да башы менен түшүүсү мүмкүн эмес болгонун, башкалар мүнөзү оор Ербаянды топтошуп сабаган болушу ыктымалдыгын айткан. Соңку кездери ал ата-энесинен улам акча сурап калганы да күмөн ойлорду жараткан.

Кылмыш иши козголуп, териштирүү уланууда. Жарым жыл комада жаткандан кийин аны Түркияга дарыланууга алып барышкан. Абалында азыр бара-бара жакшы жылыш бар экени кабарланды. Ербаян Мухтар армияга өзү каалап барган.

Ербаяндын жактоочусу аскердеги башка да окуялар тууралуу маалымат чогултуп отуруп нес болгонун айтууда.

"Иштер сотко жетпейт. Ербаяндын окуясына, мисалы, "кафель күнөөлүү" деп, ишти жаап коюуга аракет кылышты. Дагы башкалардыкында унитаз же чатыр "күнөөлүү" экен. Мамлекет аскер жетекчилерин калкалап турат. Башкача түшүндүрүү мүмкүн эмес. Көйгөй бар, жаза жок", - дейт юрист Инга Иманбай.

Ал эми маселени ачык айтып чыккан блогерлер менен соттошууга аскердик мекемеде мүмкүнчүлүк бар.

Казакстанда соңку үч жыл ичинде эле тынч заманда аскердик кызматын өтөп жаткан 270тен ашуун жигит өмүрүнөн ажыраганын блогер Ринат Галлямов айтып чыккан. Бул үчүн Коргоо министрлиги аны сотко берген. Сот министрликтин арызын колдогон жок. Блогер каза болгондордун статистикасын Казакстандын Аскердик прокуратурасынын маалыматына таянып келтирген.

"Коргоо министрлигинин өтүнүчү боюнча полиция мага айыппул салууга аракет кылды. Мен макул болгон жокмун. Ортодо соттук териштирүү болду. Мен утуп чыктым. Коргоо министрлиги эмнени көздөдү? Ушунусу мага табышмак бойдон. Кыязы, бизди коркутуп алабыз деп ойлошкон чыгар. Менимче, ошол роликте "Балким, башка коргоо министри керекпи бизге?" деп айтып жаткан сөзүмө министр теригип калган го", - дейт Ринат Галлямов.

Казакстан жакында эле дагы бир аскеринен айрылды. 9-ноябрда Түркестан облусунун Казыгурт районунда жигитти жерге беришти. 18 жаштагы Тастан Мухамедияр армияга өзү каалап барганына сегиз ай болгон. Кызматын Чыгыш-Казакстан облусунда, Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара бөлүгүндө өтөп жаткан. Бул бөлүккө аскерлерди ден соолугун дыкат текшерип, жарамдуусун гана алышат. Тастанды да, туугандарынын айтымында, атайын медициналык кароодон өткөрүп, саламаттыгы жакшы экендиги тууралуу тастыктама жазып беришкен.

Бирок узун бойлуу, салмагы 90 килограммдык жигит аскердик кызматка киришкенден бир нече айдан кийин аябай арыктап кеткен, жакындарынан улам акча сурай баштаган.

"90 килограммдык баланын кабыргалары көрүнүп, чыбыктай болуп арыктап кеткен. Тамагынын астынан эки жолу ок атылган деп айтышты бизге. Ок башынын сол жагынан чыккан. Башы, тамагынын асты тигилген. Көзү агып калган. Баланы тааный албайсың", - деп айтып берди "Азаттыктын" казак кызматына маркумдун туугандарынын бири.

Расмий органдардын бүтүмүндө ал "өзүн эки жолу атып, каза болду" деп жазылган. Бирок жакындары мындай тыянактан күмөн санап, калыс териштирүүнү, айыптуулар болсо жазага тартууну талап кылып жатышат.

Бул окуя азыр Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин "өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү" деген беренесинин негизинде тергелип жатканы маалым болду. 5-декабрда Тастан Мухамедияр 19 жашка чыкмак.

Эки жыл мурда Казакстанда Маңгыстоо облусунда чек ара аскерлеринин катарында кызматын өтөп жаткан Алибек Калбай каза болуп, нааразылык жаралганда бул маселеге өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев да кайрылган. Мындай окуялардын себебин иликтөө, армиядагы мыйзамсыздыкты жоюу, келечекте андайга жол бербөө максатында атайын комиссия түзүлгөн. Комиссияны жетектөө милдети Коопсуздук кызматынын катчысына жүктөлгөн. Эреже бузган офицерлер жоопко тартылары эскертилен.

Адистердин пикиринде, Казакстанга аскердик реформа керек, келишимдик негизде кызмат өтөөгө мүмкүнчүлүк берилсе, аскерге барууну каалагандар өзүнөн өзү көбөйөт.

Бирок азырынча өлкө болочок жоокерлерди мажбурлап чогултуу жолунда.

Аскер жетекчилиги жоокерлердин каза болушуна алардын даярдыгы жоктугу себеп экенин айтышат. Расмий маалыматта каза болгон жоокерлер көбүнчө оорудан, түрдүү кырсыктан, жол кырсыгынан жана өз өмүрүнө кол салгандан кетип жатышканы белгиленет.

Быйыл сентябрь айында армиядагы өлүм көрсөткүчү жогору болуп жаткандыгы тууралуу суроого жооп бергенде Казакстандын коргоо вице-министри Шейх-Хасан Жазыкбаев "мындай окуялардын көбүнүн аскердик кызмат менен эч кандай байланышы жок" экендигин айткан.

Кызматта жүрүп өмүрү кыйылган жигиттердин жакындары андайга жол бербей, ар бирин сактап калса болмогун, бул үчүн биринчи кезекте жоокерлердин коопсуздугуна жоопкерчилик алган аскер жетекчилери күнөөлүү экенин белгилешет.

Аскердеги улам бир үрөй учурган каргашалуу окуядан кийин казак коомчулугунда милдеттүү аскердик кызматты токтотуу сунушу да айтылып жатат. Быйыл мындай демилге камтылган атайын петиция ePetition.kz порталына жарыяланган.

Өлкөнүн Коргоо министрлиги бул демилгени "мамлекеттин коргоо жөндөмдүүлүгүнө залака келтирүү" деп баалап, мындай кайрылуунун өзү туура эместигин белгилеген.

Адистердин пикиринде, Казакстанга аскердик реформа керек, келишимдик негизде кызмат өтөөгө мүмкүнчүлүк берилсе, аскерге барууну каалагандар өзүнөн өзү көбөйөт. Бирок азырынча өлкө болочок жоокерлерди мажбурлап чогултуу жолунда.

Армия ар бир өлкөнүн эгемендигинин, мамлекеттүүлүгүнүн негизги атрибуттарынын бири. Мурдагы советтик системага ылайык, жылына эки жолу – жазында жана күзүндө аскерге чакыруу уюштурулуп турат.

Асманы ачык, армиясы тынч жашап жаткан Борбор Азия аймагында аскер кызматкерлери талаштуу, табышмактуу жагдайда каза болуп калып жаткан өлкө жалгыз Казакстан эмес.

Тажикстан. "Жыгылып кеткенине ишенбейбиз..."

Тажикстанда 2015-жылы бул өлкөдө бир жылда бир нече аскер каза болгондо жаңы баргандар сөзсүз улууларынын аёсуз ур-токмогуна кабылары тууралуу видеолор чыккан. Мындай зомбулук кадимки салтка айланганын жазган Тажикстандын "Кыйноого жана жазасыз калууга каршы жарандык коом коалициясы" уюму белгилегендей, аскерге жаңы эле чакырылып, полигондо ырайымсыз сабалган Фирдавс Рахматовдун өлүмүнөн кийин үч киши узак мөөнөткө эркинен ажыратылган. Маркумдун сөөгүн жакындарына бир айдан кийин гана беришкен.

Андан бери абал канчалык өзгөрдү, белгисиз. Ачык булактарда салыштырып караган расмий аналитикалык маалымат жок. Бирок каза тапкандар тууралуу кабарлар токтой элек.

Тажикстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү билдиргендей, 2023-жылы 40 аскер көз жумган, алардын сегизи өз өмүрүн өзү кыйган, ал эми алтоо түрдүү оорудан улам жашоо менен кош айтышкан деген тыянак чыгарылган. Жалпысынан 12 кылмыш иши козголгон.

2023-жылы август айында Согд облусунун Матча районунда 22 жаштагы чек арачы Абубакр Хусейнзода каза тапканын "Азаттыктын" тажик кызматы жазган.

Аскер жетекчилиги ал коридордо баратып "жыгылып кеткенин" билдирген. Бирок жакындары желкесинде катуу соккунун тагы бар экенин айтып чыгышкан. Артында келинчеги жана бир баласы калган аскердин үй-бүлөсүнүн айтымында, ал ата-энесинин тун уулу болчу, Экономика жана соода институтун аяктагандан кийин аскердик кызматка өз ыктыяры менен кеткен.

Ал эми быйыл февралда Хатлон облусунун 18 жаштагы тургуну Умед Бекназарзоданын сөөгү үйүнө жеткирилгенде аскер жетекчилери ал "насвайдан кийин башка аскерлер менен мушташа кетип каза болгонун" гана айтышкан. Расмий эч кандай маалымат берилген эмес. Бирок маркумдун атасы Тожиддин Бекназарзода уулунун сөөгү барганда желкеси тешик абалда экенин, кан дагы эле агып турганын айтып берген. Үйдүн улуу баласы Умед ага чейин бир жыл Орусияда иштеп келген, депортация болуп, мекенине кайткан.

Тажик өкмөтүнүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитетине 2019-2021-жылдар боюнча жөнөткөн баяндамасында армиядагы мыйзамсыздыктын, улуулары жаңы баргандарга "чоңсунуусунун", катаал мамиленин айынан 100дөн ашуун аскер өмүрүнөн ажыраганы жазылган. Бул өлкөнүн да аскер жетекчилиги армиядагы өлүмдүн негизги себеби деп адатта оору-сыркоону жана түрдүү кырсыктарды атайт.

Тажик Башкы прокуратурасынын жакында жарыялаган маалыматында айтылгандай, соңку үч жылда аскердик бөлүктөрдөгү түрдүү кылмыштарды жаап-жашыргандыгы учүн 639 кызмат адамы жоопко тартылды.

Өзбекстан. "Бетинен тамтык калган эмес"

Өзбекстан боюнча ачык булактарда статистикалык маалымат дээрлик жок. Бул өлкөнүн армиясында да аскерлердин өзүлөрүнүн коопсуздугу маселе экенин интернетке чыккан кабарлардан баамдаса болот.

Мисалы, быйылкы жылы эле кеминде үч окуя тууралуу маалымат ачыкка чыккан.

Январь айында Ташкент облусунда 20 жаштагы жигит курал колдонуу эрежесин бузуп, өзүн өзү атып алганы расмий айтылган. Өлүмдүн себеби этиятсыздык болгону белгиленген.

Ушул эле жылдын июнь айында Жизакта Улуттук гвардияда кызмат өтөп жаткан аскер көз жумган. Дарыгерлер 15-июнда анын абалы дароо начарлай түшкөнүн, жүрөгү кармап каза болгонун айтышкан. Ашказанында жара бар экенин, өнөкөт гастрит менен ооруп жүргөнүн да кабарлашкан.

Он чакты күндөн кийин Ташкентте 24 жаштагы аскер кызматкери каза тапкан. Медициналык экспертиза анын өлүмүнө пневмония себеп болгонун, эки өпкөсү тең жабыркаганын маалымдаган.

Жогорудагы үч жигиттин тең жакындары уулдарын кызматка деп колуна тапшырып берген командирлеринин, дарыгерлердин, аскер жетекчилигинин айткандарына ишенбей жатканын, тийиштүү эспертиза жүрбөгөнүн айтып беришкен.

Биринин денеси көк-ала, бетинен тамтык калбаган, тиши сынган, дагы бириники денесинде ар кандай так калган, үчүнчүсү ден соолугунан мурда эч кандай көйгөй жаралбаган бала болгонун, жаагы ичинен айрылаган абалда экенин билдиришкен.

Түркмөнстан. "Кыйнап өлтүрүлгөн уулунун сөөгүн беришти"

Борбор Азиянын эң жабык өлкөсү Түркмөнстанда да жылына эки жолу аскерге чакыруу болуп турат. "Азаттыктын" тажик кызматы "Кыйнап өлтүрүлгөн уулунун сөөгүн жакындарына өткөрүп беришти" деген макаласында Кушка аймагынын тургунунун өлүмү тууралуу баяндаган. Бир үйдүн улуусу, атасыз чоңойгон Сулайман Оразовдун өлүмүнө эмне себеп экени расмий кабарланган эмес. Жакындары анын сөөгүн көрүү оңой эмес болгонун айтып беришкен.

Бул өлкө боюнча да кеңири маалымат жок. Жергиликтүү басылмалардын соңку маалыматына караганда, түркмөн армиясындагы абал жакшы эмес. Уландар аскердик милдетин аткаруудан эч жакка качып кете албайт, эгер жашына турган болсо кылмыш жообуна тартылат.

Бийлик аскерге барган жигиттин ден соолугу, тартиби бекемделерин, ал чыныгы мекен коргоочусуна айланарын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу тынбай айтып турат. Бирок аскерге баргандар аман кайтарына, кайтып келгенден кийин ден соолугунда эч кандай маселе болбой турганына кепилдик жок. Тамагы, кийими начар, уурулук бар. "Чоңсунуу" да өзүнчө көйгөй.

Саламаттыгы начарлап, ооруканага жатып калган аскерди "эс алууда жүрөсүң" дегендей жерип карашат. Бирок казармага караганда санитардык бөлүктө жашаган алда канча жакшы экенин аскерлер айтышат. Аскердик кызматын өтөп жаткандарды пахта теримге чыгарышат. Ар бири күнүнө 30 килограмм чогултууга милдеттүү, бул оңой эмес иш.

Адам укуктары урматталбаган, сөз эркиндиги чектелген шартта түркмөн армиясында да нааразылыкты ачык билдирүү кооптуу демилге. Себеби кыйналганын айткан жоокер түрдүү себеп менен камакка отургузулушу же башка жазага тартылышы толук мүмкүн.

Кыргызстандагы абал

Армиядагы зомбулук, "чоңсунуу" Кыргызстанды да кыйгап өтпөгөн маселе. Алгачкылардан болуп бул көйгөйдү "Кылым шамы" укук коргоо борбору изилдеген. 2015-2016-жылдары ал атайын мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгын өкмөткө, эл аралык укук коргоо уюмдарына тартуулаган. Анда аскер кызматкерлеринин укуктары, мамлекеттин алардын алдындагы милдеттенмелерине да көңүл бурулган.

Аскерге чакырылып жаткандардын өмүрү жана ден соолугу милдеттүү түрдө камсыздандырылышы керек деген сунушун айтып чыккан уюм "Ата-энеси 18-19 жашка чыгарып, кызмат кылсын деп мамлекеттин колуна тапшырып жаткандан кийин мамлекет кайра балаңарды сак-саламатта, алты санын аман кылып кайтарып берем деп кепилдик бериши керек", - деп белгилеген. Бирок бийлик укук коргоочулардын мындай демилгесин колдогон эмес.

Уюмдун эсебинде, 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны алтымыштан ашкан.

Кыргыз армиясындагы үстөмдүк, күч колдонуу жоокерлер оор жараат алып же каза болгон учурларда гана талкууланып, андан кийин унутта калат. Аскерде түрдүү себептер менен көз жумган жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө укуктук жардам берип келген "Кылым шамы" армиядагы өлүмдү иликтөө толук жүрбөйт деген тыянак чыгарган:

"Армиядагы үстөмдүк, күч колдонуу азайганын же көбөйгөнүн так айтуу мүмкүн болбой калды. Анткени бул мекеме аябай жабык. Мындан беш-алты жыл мурда Акыйкатчы институту, Кыйноолорго каршы борбору менен аскер бөлүктөрүнө кирип, жоокерлер менен сүйлөшө алат элек. Кандайдыр бир тенденцияны көрүп, анын жыйынтыгы менен жетекчилерине, Коргоо министрлигине сунуштама берип келгенбиз. Азыр мекеме толугу менен жабык", - деп билдирген "Азаттыкка" борборун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2020-2021-жылдары ондой жоокер жанын кыйган. 2019-жылы кыргыз армиясында кызмат өтөп жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. 2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган.

Бирок бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей турганын айтып, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG