“Кылмыштуу топ түзгөн” деп айыпталып жаткан мыйзамдагы ууру атыккан Камчы Көлбаевдин иши токтотулганы кабарланды. Укук коргоо органдары Көлбаев боюнча расмий комментарий бере элек. Орусияда полиция орус жарандыгын алып, бирок аскердик каттоого турбаган чет өлкөлүктөрдү тескей баштады. Акыркы күндөрү мигранттарды текшерүү күчөдү. Ысык-Көлдө төрт пансионаттын Өзбекстанга 49 жылга убактылуу башкарууга берилиши боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги комментарий берди. Мекеме бул иш инвестиция жана туристтерди тартуу үчүн жасалып жатканын билдирди.
Борбор Азия
бейшемби 17 Август 2023
Орусияда соңку айларда мигранттарды жапырт кармоолор күчөдү. Мындай рейдге көбүнчө Тажикстандын жарандары кабылганы айтылууда. Милиция мигранттарга одоно мамиле кылып, колуна кишен салып, кыйнап жатканын айрым укук коргоочулар айтып чыгышты. 16-августта Санкт-Петербургдагы жашылча кампасынан ондогон тажик мигранттары аскер комиссариатына жеткирилгени да маалым болду.