Орусиянын Херсонго жасаган чабуулунан дагы жети адамдын өмүрү кыйылды. Алардын бири 22 күндүк ымыркай. Ушуну менен Орусия согуш ачкандан бери Украинада 500дөй бала каза болду. Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын жана үй камагындагылардын мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Саясатчы Азимбек Бекназаров ооруп калгандыктан, соттук териштирүү башталган жок. Бостери айылында эс алып жүрүп каза тапкан Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шектелип төрт адам кармалды.
Борбор Азия
дүйшөмбү 14 Август 2023
Кандуу чабуулдун курмандыктарынын эң кичүүсү 22 гана күндүк ымыркай болгон. Орусия кол салган күндөн тартып Украинада 500дөй бала каза болгонун, дагы миңден ашууну жараат алганын "Азаттыктын" украин кызматы кабарлады. 14-август Херсондо аза күтүү күнү жарыяланды.