Орус армиясы Киевди кайрадан бутага алды. Шаар бийлиги калаа тургундарын жер төлөлөрдөн чыкпай турууну суранды. Бишкекте троллейбустун 250дөн ашуун айдоочусу иш таштап, айлык акыны көтөрүүнү талап кылууда. Нааразылык жол кире электрондук негизде жүргүзүлө баштаары жарыяланган соң пайда болду. Өзбекстанда “Док-1 Макс” сиробун ичкенден кийин 65 бала чарчап калган. Өлкөнүн Жогорку Соту маалымат балдардын өлүмү боюнча кылмыш ишинин корутундусунда айтылганын билдирди.
Борбор Азия
жума 11 Август 2023
Москвадан анча алыс эмес жайгашкан Сергиев Посад шаарындагы заводдогу жардырууда бир киши мерт кетип, 60тай адам жабыркаганы айтылууда. Ал эми орус армиясы Украинанын Запорожье шаарына ракетадан сокку уруп, үч киши каза болду. Жергиликтүү бийлик ооруканага жаткырылган жети кишинин үчөө оор абалда экенин билдирди.