Орусиялык саясат таануучу Дмитрий Дробницкийдин "Москва үчүн Украинадан кийинки көйгөйдү Казакстан жаратышы мүмкүн" деп айтканы казак коомчулугунун кескин сынына кабылды. Астана мындай билдирүү Орусиянын расмий позициясын чагылдырбаганы менен эки өлкө ортосундагы мамилеге доо кетирет деп эсептейт.
Борбор Азия
жума 25 Ноябрь 2022
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев бийлигин дагы жети жылга узартты. Ал мөөнөтүнөн мурда өткөн соңку президенттик шайлоодо жеңүүчү деп жарыяланды. Оппозиция катышпаган бул өнөктүк канчалык адилет өттү? Жыл башында болгон кандуу окуялар шайлоого кандай таасирин тийгизди? Токаев Конституцияга алымча-кошумча киргизүү, эрте шайлоо өткөрүү менен эмнени көздөйт?