Казак президенти Касым-Жомарт Токаев бийлигин дагы жети жылга узартты. Ал мөөнөтүнөн мурда өткөн соңку президенттик шайлоодо жеңүүчү деп жарыяланды. Оппозиция катышпаган бул өнөктүк канчалык адилет өттү? Жыл башында болгон кандуу окуялар шайлоого кандай таасирин тийгизди? Токаев Конституцияга алымча-кошумча киргизүү, эрте шайлоо өткөрүү менен эмнени көздөйт?
Борбор Азия
бейшемби 24 Ноябрь 2022
Орусиянын Тышкы чалгын кызматынын башчысы Сергей Нарышкин тажик президенти Эмомали Рахмон жана кыргыз президенти Садыр Жапаров менен жолугушту. Анын жүрүшүндө атайын кызматтардын алакасын жана чөлкөмдөгү коопсуздук маселеси талкууланганы кабарланды. Нарышкиндин Бишкекке сапары ачык, бирок үстүрт чагылдырылып, кандай курч маселелер козголгону айтылган эмес.
Нарышкин: ишенимдүү өнөктөштүк
Орусиянын Тышкы чалгын кызматынын башчысы Сергей Нарышкин 22-ноябрда алгач Тажикстанга учуп барып, тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолугуп, коопсуздукту талкуулаганы кабарланды. Жолугушууда терроризм, экстремизм, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, маңзат жана курал-жарак аткезчилигине каршы күрөштө кызматташууну чыңдоого басым жасалды.
Ошондой эле анда диний радикалдык идеологиянын жайылышы жана ооган көйгөйү көтөрүлүп, биргеликте күрөшүү чаралары талкууланды. Нарышкин өз ара аракеттин кеңейишин жана чалгын маалыматтарын алмашуунун көлөмүнө карап, Орусия менен Тажикстандын атайын кызматтарынын ишмердигин ишенимдүү өнөктөштүк катары баалады. Ошондой эле Нарышкин бул жагдай эки өлкөнүн мамилесинин ишенимдүү жана туруктуу экенинен кабар берерин белгиледи.
"Биздин эки өлкөнүн ортосунда мындай ишенимдүү жана туруктуу диалог бар. Бул нерсе саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө эң мыкты негиз болуп саналат".
Андан ары Нарышкин Бишкекке келип, аны Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кабыл алды. Анда коопсуздукту чындоодогу кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүүнүн алкагында пикир алмашуу болду. Садыр Жапаров мамилени чыңдоодо өз ара түшүнүшүүнүн, ишенимдин маанисин айтып, өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин сактоодогу коопсуздук органдарынынын ролуна токтолду.
Москванын таасири, арачылык аракети?
Чек ара жаңжалынын айынан эки ирет кагылышкан Борбор Азиядагы бул эки коңшунун мамилеси сууп турган учурда Нарышкиндин келишин саясат талдоочу Алмаз Тажыбай Москванын бул чыңалууга таасир этип, геоясий орбитасын чыңдоо аракети катары карады.
"Нарышкин Тажикстанга жана Кыргызстанга келиши алардын Батышка ооп кетпесин деген мүдөө менен өзүнө имерип жаткан сыяктуу. Бул жерде Орусия өзүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн жана геосаясий таасирин сактоо максатында мына ушундай кадамдарга барууда. Анткени Кыргызстан болобу же Тажикстан болобу, эл аралык аренада ага союздаштар керек болуп турат. Бирок бир жагдай бар. Тажикстан бизге эки ирет кол салбайт болчу. Эгерде Москванын тымызын жана үнсүз макулдугу болбосо. Анткени тажик тарап Орусиянын кандайдыр бир иштерди жүргүзүүгө дайыма уруксат алып келген. Бул жерде ЖККУ мүчөлөрүнүн ортосунда өз ара кол салышпоо, сырткы коркунучтарга биргеликте каршы туруу боюнча аскердик кызматташтык макулдашуусу туура эмес болгон. Себеби мына ошол жоболорду өздөрү аткарышпайт. Азери-армян куралдуу чатагында деле Орусия кандайдыр бир себептер менен ЖККУ мүчөсү Арменияга аскердик колдоо көрсөткөн эмес. Ошондуктан реалдуу жардам күтүүдөн үмүт үзүлгөн".
Нарышкин президент Садыр Жапаровго орус лидери Владимир Путиндин саламын жолдоп, жылуу каалоолорун жеткирди. Москванын жогорку даражалуу өкүлү чөлкөмдөгү жана Евразия мейкиндигиндеги туруктуулук эки мамлекеттин бирдиктүү позициясынан көз каранды экенин белгиледи. Анын бул айтканы ички-тышкы саясатта бирдей багытты карманууга ишарат катары чечмеленеби же жокпу, азырынча белгисиз.
Саясий эксперт Алмаз Тажыбай учурдагы Москва менен Бишкектин алакасына орус-украин согушунун таасири тийип жатканын белгилейт.
"Азыркы учурда оппозицияны сүйрөп барып камап, түрмөгө отургузуу, сөз эркиндигин чектөө, Орусиянын мыйзамдарын көчүрүп келип, алардагы куугунтуктун бардык түрлөрүн бул жакка алып келүү биздеги демократия аяктап бараткандын белгиси. Кыргызстан орус-украин чатагы боюнча калыс позициясын жарыялаган. Бирок кыргыз бийлигине Орусияны колдоого басым жасалып жаткан сыяктуу. Анткени Украина тарабында согушкан кыргыз жарандарын жоопко тартуу маселеси көтөрүлүп, ошол эле кезде Орусия жагында согушкан биздин жарандар боюнча үн ката элек".
Астана жолугушуусунун уландысыбы?
Буга чейин Владимир Путин кыргыз жана тажик президенттери менен Астанада жолугуп, эки тараптын чек ара жаңжалын талкуулаган. Ал өз кезегинде чек ара талашын чечүү үчүн анын колунда башка эч кимде жок документтер жана карталар бар экенин айткан болчу.
Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаев Нарышкиндин келишин мына ошол Астана жолугушуусунун уландысы болушу мүмкүн дейт:
"Биздин чалгын кызматтары болобу же коопсуздук органдары болобу, биздин ортобуз аябай эле жакын. Ошондуктан азыркы Орусия кептелген абалда мындай визиттерди кадимки эле жумушчу сапарлары катары эле кароого болот. Анан калса, жакында Астанада Орусиянын президенти ортого түшүп, кандайдыр бир сүйлөшүүлөр жүргөндөй болбоду беле. Ал эми тышкы чалгын кызматынын башчысынын бул эки өлкөгө удаа келишин мына ошол жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди ишке ашыруу чараларынын бири болушу да мүмкүн. Бул эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу жана буга байланыштуу чалгын маалыматтары менен бөлүшүү максатын да көздөшү мүмкүн".
Астанада Путиндин демилгеси менен өткөн жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчылары чек ара көйгөйүн тынч жол менен чечүүнү макулдашкан болчу. Андан мурун Путин 4-октябрда тажик президенти Эмомали Рахмонду Москвага юбилейине чакырып, аны "Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" III даражадагы ордени менен сыйлаган. Сыйлык "Орусия менен Тажикстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине жана шериктештикке кошкон чоң салымы жана аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганы үчүн" берилгени жарлыкта жазылган.
Бул окуя кыргыз коомчулугунда да кызуу талкууланып, чек арадагы жаңжалдан көп өтпөй Рахмондун сыйлык алганын сындап, Путиндин дарегине бир топ нааразылык айтылган.
Андан кийин 7-октябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында КМШга мүчө өлкөлөрдүн бейрасмий саммити өткөн. Орус президентинин 70 жылдык мааракесине арналган иш-чарага президент Садыр Жапаров катышкан эмес. Муну Ак үй президенттин иш графиги менен байланыштырып, президенттин куттуктоосун мамлекеттик катчы Москвага жеткирерин маалымдаган. Мына ошондон көп өтпөй Кыргызстандын коргоо министрлиги өлкөнүн аймагында ЖККУнун машыгууларын өткөрүүдөн баш тарткан.
Ал эми Путин кыргыз-тажик президенттерин өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Астанада атайын жолугушууга чакырган болчу.
14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга эки мамлекет тең бири-бирин агрессияга айыптап келет. 20-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын трибунасынан чек арадагы окуяны "масштабдуу аскердик кагылышуу" деп атап, Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптаган. Коңшу өлкө менен дипломатиялык жол аркылуу сүйлөшүүгө мүмкүн болбой калганын айтып, БУУ, ЕККУ жана ЖККУ сыяктуу эл аралык аянтчада сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.