Жалалабат облусунда Бишкекте катталган көз каранды эмес «Сентябрь» телеканалынын ишине кийлигишүүлөр улантылууда. Облустагы тармактык кызматтар телеканалдын максат-мүдөөлөрүнө жана анын жабдуулары орнотулган аймакты изилдешкен. Сыналгыга ноябрь жана январь айларында болгон кол салуулардан жыйынтык чыккан эмес. Мындай аракеттерди «Ата мекен» партиясы менен сыналгы деректири саясий куугунтук жана кысым көрсөтүү катары баалоодо. Облустагы расмий бийликтин жообу боюнча «Сентябрь» телеканалына кысым көрсөтүү болгон эмес.
Жалалабат облусунун жогорку окуу жайларында кылмыштуулук менен коррупциянын алдын алуу үчүн түзүлгөн топтун ишине облпрокуратура менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү бут тосууда. Мындай пикирди комиссиянын төрагасы Абдулла Камбаров менен ал комиссиянын башка мүчөлөрү билдиришти. Комиссия окуу жайлардан кыйла фактыларды тапкан, пара менен бир окутуучуну колго түшүргөн. Ага карабай, облпрокуратура коомдук комиссияны мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзгөн деп айыптап, эскертүү берген.
Жалалабат облусунда «Кыргызстандын саясатындагы тең укуктуулук жана мүмкүнчүлүктөр» деген тема алдында талкуу өттү. Анда өлкөдө аял-эркектердин укугу бирдей сакталбай, бийлик уюмдарында аялдардын аз, Жогорку Кеңеште алардын өкүлү жок экени белгиленди. Саясатта аялдарга аз көңүл бурулгандыгына коомчулук аларды аз колдоп, колдорунда каражатынын тартыштыгы себеп болуп жатканы айтылды.
5-февралда «Ата Мекен» партиясынын Жалалабат шаардык бөлүмү Кыргызстандын ХИПК программасына кирүү-кирбөө маселесин талкуулады. Партиянын мүчөлөрү өлкөнүн аталган программага кирүүсүнө каршылыгын билдиришти. Тышкы карызды аны алып иштеткендер төлөсүн деген сунуш айтылды. Улуттук банктын облустагы башкармалыгы ХИПК программасына кирүү аркылуу тышкы карызды азайтып, кедейчиликти кыскартууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн маалым кылды.
Жалалабат шаарынын мэри Дүйшөн Мамасалиев жергиликтүү бийликке президенттин бир туугандары кийлигишээри жөнүндөгү ой-пикирлерди четке кагып, Жалалабаттын быйыл болчу 130 жылдык юбилейине алдын-ала даярдыктар көрүлө баштаганын билдирди.
Жалалабат шаарынын базар четинде соода кылган аялдардын 40 өкүлү 26-январда облустук бийликке арызданып келишти. Алардын айтымында, шаардагы тармактык кызматтар темир жол жээгинде соода кылууга мүмкүндүк бербей жатышат. Ыңгайлуу иш орундары менен камсыз кылуу талабын жергиликтүү бийлик чечпесе, аялдар жөө жүрүш жасап, Акүйгө чейин барышаарын билдиришти. Шаардык бийликтин аппарат башчысы темир жол жээгинде соода кылуу туура эмес экендигин маалымдады.
Чаткал районундагы алтын казган ишканалар жашырын иштешет. Алар өз ишмердүүлүктөрүн мыйзамбузуулар менен жүргүзүп, табиятка чоң зыян келтирүүдө. Бул жөнүндө Жалалабат облусундагы айлана-чөйрөнү коргоо комитети билдирди. Комитет ырастагандай, “Фонта” аттуу жоопкерчилиги чектелген ишкана «алтын өндүрөм» деп райондогу 5 миңден ашык көп жылдык дарактарды жок кылган, жер кыртышына зыян келтирген. Коомчулуктун ырастоосунда жеке ишкерлер Чаткал суусунан чайкалып алынган алтындарды Өзбекстанга сатышат.
Жалалабатта 11-январда адам сатууну токтотууга байланыштуу тегерек үстөл талкуусу болуп өттү. Анда начар турмуш менен жумушсуздуктун айынан чет өлкөдөн иш издеген жарандар түрдүү кыйынчылыктарга туш болуп, алдамчы кишилер аркылуу сыртынан сатылып кеткени тууралу сөз жүрдү. Эл аралык миграция уюмунун талкууга катышкан өкүлүнүн айтымында, секс кулчулугунда болуп, чет өлкөдөн кайтарылгандардын 80 пайызын Сузак районунан чыккан кыз-келиндер түзөт.
7-январда кечке жуук көз каранды эмес «Сентябрь» телеканалынын кызматкерлерин белгисиз куралчан адамдар коркутушкан. Куралчан жана камуфляжчан кишилер өздөрүн «облустук бийликтин кызматкерлери болобуз» деп аташкан. Ошол эле күнү Базаркоргон районунда «Ата мекен» партиясынын бир кызматкери эки саат кармалган. Жалалабат обулустук бийлиги «Сентябрь» телеканалына коркутуу болгон күнү кызматкерлерин эч кайда жибербегенин билдирсе, облустук ички иштер башкармасы партиянын мүчөсү кармалган маалыматты ырастаган жок.
Дин өкмөттөн ажыратылганы менен мамлекет диний иштерге кийлигишүүдө. Ислам дини кабыл алган диний ырым-жырымдарга мамлекеттен каражат ажыратылбай келүүдө. Мындай көрүнүштөргө Жалалабаттагы мусулмандар тынчсызданууда. Облустук бийликтин көз карашында дин иштерине мамлекет аралашкан болсо, мектептерге караганда мечиттердин саны көбөйбөс эле.
3-январда «Ата мекен» партиясынын Жалалабат облустук бөлүмү өткөн жумада кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы менен өлкөдөгү кырдаалды талкуулады. Анда жаңы Баш мыйзам бийликтин кызыкчылыгы үчүн жактырылганы белгиленди. 30-декабрда кабыл алынган Конституцияга кол коюлчу болсо, партия мөөнөтсүз митингдерди өткөрүү менен президенттин отставкасын талап кылуу тууралуу чечим кабыл алды. Бийликтин таламын талашкан партиялардын пикири боюнча Конституция тууралуу элде маалымат жок.
Өзбекстандын Анжиян жана Наманган облустары менен чектешкен Жалалабат облусунда чек ара көйгөйлөрү толук чечилелек. Эки өлкөнүн тең паспортун алып жүргөн адамдардын болуп жаткандыгы уурулукка жол ачууда. Бул жөнүндө 3-январда «Азаттыктын» кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов билдирди. Анын айтымында чек ара көйгөйлөрүн жогору жактан эмес төмөнкү деңгээлде чечүү керек.
Кыргыз-өзбек жарандары эки өлкөнүн аймагында 60 күн визасыз жүрүүгө мүмкүндүк ачкан келишимди Жогорку Кеңеш бекиткени менен мыйзамсыз иштер улантыла берет. Соода-сатык жасаган кишилерге коомдук тартип сакчылары ыдык көрсөтүп, түрдүү кылмышкерлер, атыгүл диний экстремисттер менен террорчулар да виза укугунан пайдаланышы ыктымал,-дешет Жалалабад облусунун айрым жашоочулары. Коомчулуктун мындай кооптонуулары менен облбийликтин жооптуу кызматкерлери макул эмес.
“Ата мекен” партиясынын Жалалабат облусундагы мүчөлөрү «Реформа үчүн» кыймылынын мүчөлөрүн куугунтуктоо улантылып жаткандыгын билдиришти. Алар О.Текебаевди депутаттыктан чакыртып алуу демилгелерин КТРден көрсөтүлүшүн бийликтин өз абийирин өзү кетирип жаткандыгы менен түшүндүрүштү. Оппозиция мүчөлөрү куугунтукталган пикирди облбийлик өкүлү жалган жалаа деп баалады.
11-декабрда Жалалабат облбийлигинин маалымат кызматы паспорт кризисине байланыштуу маалымат жыйынын өткөрдү. Анда айтылгандай, буга чейин берилген 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун коргоочу белгилери жок болгон. Ал кемчиликтери жоюлган жарандык документтерди берүү өкмөттүн ноябрь айындагы атайын токтому менен токтотулган. Коомчулуктун пикиринде, паспорт маселесинде коррупция бар жана адам укугу эске алынуу үчүн паспорт баалары бирдей болуусу керек. Паспорт - виза адистери тармактагы коррупцияны четке кагышты.
5-декабрда Жалалабатта саясий партиялардын коомдогу орду менен аларды өнүктүрүүнүн жол-жоболорун талкуулаган жыйын өттү.Анда айтылгандай, партияларды өнүктүрүүгө тоскоолдук болбогону менен коомчулукта саясий маданияттуулук жетишпейт. Таанымал партиялар бийликке жетүүнүн амалын көздөп, 1-2-адамдын, же бир аймактын кызыкчылыгын жактайт. Коомчулукта партияларга ишеним аз.
30-ноябрда Жалалабатта өлкөдөгү азыркы саясий кырдаал талкууланды. АКШнын улуттук демократиялык институтунун маалымат борборунда өткөн талкууга "Демократия жана жарандык коом" коалициясынын президенти Эдил Байсалов катышып, ал конституциялык укугунан пайдалана албаганы үчүн премьер-министр Ф.Куловдун отставкага кетүү зарылдыгын белгиледи. Ага жооп иретинде оппозицияга нааразы болгон жергиликтүү саясатчылар «Бакиев+Кулов» тандеми өлкөнүн тынчтыгы үчүн керек экендигин айтышты.
29-ноябрда Жалалабатта зордук-зомбулук менен гендердик теңсиздикти жоюу тууралу жыйын болуп өттү. Анда айтылгандай, жашоонун жана маалыматсыздыктын айынан КМШ жана алыскы чет өлкөлөргө сатылган кыз-келиндер түрдүү басмырлоого туш болушат. Күйөөсүнөн кордук көргөн аялдардын көбү укуктарын коргоого маани беришпейт. Казакстан сенатынын 8 пайызы, Өзбекстандын Олий Майлисинин 18 пайызы, Тажикстандын Жогорку Кеңешинин 12 пайызы аялдар болсо, кыргыз парламенти алардын өкүлүсүз иштөөдө. Бийлик уюмдарында деле аялдар саналуу.
Жалалабатта парламентти таркатуу маселеси кайрадан көтөрүлө баштады. Шейшемби күнү облуста болгон президент К.Бакиев конституциялык реформа жаатында аткаруу бийлиги менен парламент бир пикирге келалбаса, мамлекетти башкаруунун ыкмасы тууралу жыл этегинде референдум болоорун жана бир эле учурда парламентти таркатуу маселеси элдин элегине салынарын жарыя кылган. Парламент эмне үчүн таркоосу керек жана Жогорку Кеңеш таркатылса, өлкөдө кандай кырдаал түзүлүүсү мүмкүн? Оппозициячыл «Ата мекен» партиясынын облустагы өкүлдөрү парламентти таркатууга каршы эместигин, бирок, ал маселе референдумда чечилгенден кийин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо партиялык тизме менен өтүүсү зарылдыгын айтышты.
9-октябрда губернатор Искендер Айдаралиевдин иш бөлмөсүндө төрт күндөн бери чыры басылбай аткан Жалалабат пахта заводунун тагдыры талкууланды. Ушул тапта пахта завод былтыр марттагы окуялардан кийин ээлеп алгандар менен «Кыргызпахта» акционердик коомунун ортосунда талашка түшүп жатат. Эки тарап бир нече жолу бирин-бири сотко беришкен, акыркы жолу Жогорку сот заводдун кожоюну «Кыргызпахта» акционердик коому деген чечим чыгарып берген.
Дагы жүктөңүз