- Жаныш Курбанович, бүгүнкү күндө чек ара көйгөйлөрүнө тиешелүү кайсы маселелер олуттуу болууда?
- Негизинен бизде 763 км. жерде маселе чечилбей келип атат. Чек ара маселесинин чечилбешинин негизинен көп чыр-чатактар, же болбосо келишпестиктер келип чыгып атат. Бул маселени тез арада чечпесек болбойт. Биздин негизги чегара маселелери Сузак, Базаркоргон, Ноокен, Аксы, Алабука райондорунда. Орчундуу маселе Алабука, Аксыда. Чегарадагы олуттуу маселелердин бири кош паспорттуулук болуп эсептелет. Себеби ошол жерлердеги адамдарда өзбектин да, кыргыздардын да паспорту бар. Эгер Кыргызстандын паспортун карасак Өзбекстанга, Өзбекстандын паспортун текшерсең Кыргызстанга өтүп кетишет. Ушул маселе уурулукка шарт түзүп жатат.
- Өзбекстандыктар пайдаланган жайыттар Кыргызстанга өз пайдасын берип жатабы?
- Эрте жазда мөмө жемишти Өзбекстан Кыргызстанга келип өткөрөт. Ал эми жайыт маселеси Өзбекстандын малы Кыргызстанга жайылат. Каалайбызбы, каалабайбызбы бул маселе болуп келүүдө. Эгерде эки республика ынтымакка, жакшы жыйынтыкка келбесек бул проблема чечилбейт. Быйылкы жылы биз эскертип атабыз өзбекстандыктарга, акимдерге айтып атабыз, малды жайытка өткөрүү маселеси боюнча мыйзам чегинде иш карайлы деп. Анткени облус, же район бул маселени чече албайт экен.
- Сиздин оюңузча, кыргыз-өзбек чек арасын кандай ыкмалар чечүү – ыңгайлуу болчудай?
- Бул жерден чегаранын эң негизги маселеси жогору жактан эмес, төмөн жактан макулдашуу менен чечилсе тезирээк чечилет беле деген ой болуп атат. Бирок ага Өзбекстан тарап макул болбой жатат. Себеби, чегара - мамлекеттин чегарасы, биз жалпы жонунан чечишибиз керек. Мисалы, Аксы, Алабука, Сузак районунанбы бир жерди ала турган болсок, Ош же Баткен чегарасынан беребиз деген талаптарды койгон учурлары болуп атат. Бирок, бизди ал нерсе канаттандырбайт. Себеби ар бир райондун, ар бир облустун үлүшү азыркы кезде бөлүнүп калган. Ошондуктан ушул макулдашуу райондун, же айыл өкмөттүн чегинде макулдашылса тезирээк чечилет эле деген ой болот.