Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

«СЕНТЯБРЬ» ТЕЛЕКАНАЛЫНА КЫСЫМ КӨРСӨТҮҮ БОЛДУБУ?


Жалалабат облусунда Бишкекте катталган көз каранды эмес «Сентябрь» телеканалынын ишине кийлигишүүлөр улантылууда. Облустагы тармактык кызматтар телеканалдын максат-мүдөөлөрүнө жана анын жабдуулары орнотулган аймакты изилдешкен. Сыналгыга ноябрь жана январь айларында болгон кол салуулардан жыйынтык чыккан эмес. Мындай аракеттерди «Ата мекен» партиясы менен сыналгы деректири саясий куугунтук жана кысым көрсөтүү катары баалоодо. Облустагы расмий бийликтин жообу боюнча «Сентябрь» телеканалына кысым көрсөтүү болгон эмес.

«Ата мекен» партиясына таандык делген «Сентябрь» телеканалы облуска орусиялык РТР сыналгысынын көрсөтүүлөрүн алып берип, өз жарнамасын таркатат. Облустук архитектура башкармасынын телеканалдын жабдуулары жайгашкан аймак мыйзамсыз катталгандыгы жөнүндөгү катын партиянын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаев 18-февралда алган. Катта мыйзамдуулук сакталбаса, көрсөтүүлөрдү тартып берүүчү мунара турган имарат бузулаары эскертилген. Мындай аракетти мунара ээси Асылбек Текебаев кысым көрсөтүү катары баалады. Ал жеке менчикке кысым көрсөтүүлөр улантыла берсе, депутат бир тууган агасы парламентте айткандай, партия, президент менен өкмөттү кетирүүгө аракет кылаарын телефон аркылуу билдирди:

- Бул аракеттердин бардыгы саясий куугунтуктун элементтери деп эсептейбиз.

Асылбек Текебаевдин билдиришинче, «Сентябрь» телеканалынын жабдууларын былтыр белгисиз бирөөлөр талкалаган. Өткөн айда өздөрүн «облакимиаттын өкүлдөрүбүз” деп аташкан куралдуу, камуфляжчан эки киши сыналгынын кызматкерлерин коркутушкан. Облустагы коопсуздук жана укук коргоо кызматкерлери мунара турган жайга аталган окуяларды изилдөө үчүн барышкан. Телеканалдын деректири Чолпон Абасбеков мындай текшерүүлөрдү «Сентябрдын» ишмердүүлүгүнө кийлигишүү катары кабыл алды:

- Келип эмне болгонун, бул окуя тууралуу сурап кетип атышат. Алар изилдеген ишинин жыйынтыгын азырынча көрө элекпиз.

Бирок, улуттук коопсуздук кызматынын облустагы башкармасынын кызматкери Равшан Балтабаев маалымат каражаттарын текшерүү алардын милдетине кирбей турганын билдирди:

- Алар текшерип көрдү, эч кандай арыз жок, андай фактылар боюнча далил жок. Жообун жазып бердик, болгону ошол. Мындай айтканда бул ушак сөздөр.

Облустук бийлик тарабынан «Сентябрь» телеканалына кысым көрсөтүү, же имаратын сүрдүрүп таштоо жөнүндө сөз да болгон эмес. Жергиликтүү бийлик, аталган сыналгыны кызматташууга чакырган. Губернатордун ушундай оюн айткан орунбасары Камила Талиева депутат Ө.Текебаевди саясий оюндарды токтотууга чакырды:

- Биздин Жогорку Кеңештеги урматтуу депутатыбыз Өмүрбек Чиркешовичдин түшүндө көргөн түшү болуш керек деп ойлойм. Кыргыздын жатык тили менен айтканда өңүндө мындай нерсе болгон эмес. Бүгүнкү күндө аткаруу бийлигин калп сөздөр менен күнөөлөй бериши депутаттын деңгээлине, аброюна койдук. Эч кандай кысым болгон эмес. Кысым болсо фактылар менен айтсын.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG