«Ата мекен» партиясынын шаардык бөлүмү ХИПИК программасы жөнүндө калктын маалыматсыз калгандыгына тынчсызданууда. Бөлүмдүн төрагасы Ильич Нарматов өлкөнүн тышкы карызы туш келди иштетилсе да, ал үчүн эч ким жооп бербегенине таң калганын билдирди.
- ХИПК тууралуу элде маалымат жок. Маалымат жок туруп биз ХИПКти колдойбуз” дешет. Эмнесин колдойсунар деген суроого жооп бере албайт,- деди Ильич Нарматов.
“Ата Мекен» партиясы Базаркоргон, Ноокен жана Сузак райондору менен Майлуусуу шаарынын жүз тургунуна сурамжылоо жүргүзгөн. Партиянын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаев телефон аркылуу «суралгандардын 97си ХИПИК программасын жактабай турганын билдирди» - деп айтты.
Саясий уюмдун мүчөсү Чолпон Абазбековдун болжолу боюнча өлкө ХИПК программасына кирбей эле тышкы карызын ички байлыктары аркылуу төлөөгө жарактуу:
- Биздин Кыргызстанда кен байлыктар бар. Алтын, газ, электр энергиясы бар. Африка менен салыштырып көрсөк, ал жакта чөл, эч нерсе жок. Алар ХИПКке кошулса болот. Ал эми Кыргызстан ушундай ресурстары менен ХИПИКке кантип кошулат?
Базаркоргон районунун жашоочусу Кыялбек Раманкулов Кыргызстан ХИПИКке кошулса башкаруу уюмдарында коррупция күчөйт деп чочулайт:
- ХИПК программасына киргенден кийин бийликте отурган адамдар коррупцияланат. Азыркы коррупциянын өнүп-өсүшүнө чоң жол ачылат экен. Кыргызстандын ХИПКке киришине азыркы бийлик башкаруудагылар туура эмес көз караш менен карап атат.
Карапайым калк эмес ХИПК программасы тууралуу мамлекеттик кызматкерлер да маалымдар эмес экенин облус элин таза суу менен камсыз кылуу департаментинин координатору Ашым Чатаев да билдирди:
- Бир ууч саясатчылар эле чечип койгону турат, бири киребиз десе, бири кирбейбиз дейт. Эгер ошолор эле чечип коё турган болсо эртеңки күнү кандай болот? Ошон үчүн жалпы элге түшүндүрүп, жакшы, жаман жактарын өлчөп алып анан барса болот.
Губернатордун орунбасары Айбек Акбаровдун оюнда өлкө алган сырткы карыз эч кимдин бешенесин жылыткан жок. Айбек Акбаров дүйнөлүк экинчи согуш маалында пайдаланылган ыкманы колдонуу - мамлекеттик заем чыгарып, аны элге сатуу менен тышкы карызды төлөсө болот деген оюн айтты:
- Бул баалуу кагаз. 10-20 жыл болобу заемдин 10-20 пайызын коюп кое турган болсо, эл ошол заемди алып туруп мамлекетти карыздан чыгарып алышы мүмкүн.
Улуттук Банктын облустагы башкармасынын төрайымы Акчайым Усманова үчүн ХИПК программасы Кыргызстандын тышкы карызын жоюусуна түзүлгөн мүмкүнчүлүк.
- Карыздарды жеңилдетүү боюнча биринчи мүмкүнчүлүк болуп эсептелинет. Бул демилгенин максаты биринчиден тышкы карыз көп болуп турган маалда карыздарды жеңилдетүү, ошону менен бирге жакырчылыкты жоюу жана бюджеттин туруктуулугун камсыздандыруу болуп эсептелинет. Азыр чочулай турган деле эч нерсе жок. Биздин өкмөт тарабынан алардын бардык шарттарын изилдеп, анализ кылынып бүткөндөн кийин ХИПКке киребизби, кирбейбизби өкмөт өзү чечет. Азыр көпчүлүктүн колдоосунда болуп атат.