Жогорку Кеңеш кошуна өлкөлөрдө 60 күн визасыз жүрүү келишимин бекиткени эки тараптуу мамилени жакшыртууга жасалган аракеттердин үзүрү. Бул келишимди кубаттаган Ашым Чатаевдун оюнда мурдагыдай эле соода-сатык жасагандардын укуктары бузула бериши мүмкүн.
-Соодада ошол жактан келгендерди бул жерде укук коргоо органдарыбы же башкалар алардын укугун тебелебейби. Бул жактан баргандарды кармап, товарларын алып коюшу мүмкүн,- дейт Ашым Чатаев.
Визасыз жүрүүгө уруксат болгону менен Кылычбек Маматаевдин пикиринде обулуста ички тартип жок. Тартиптин жетишсиздигинен паспортсуз адамдар жабыр тартууда деген ойдо:
-Биздин ички органдарыбыз бир тартипке келиш керек. Себеп дегенде аларды кармабастан эркин иштеп, эркин тамак-ашын жасап, жүрүп кете турган кылып коноктошубуз керек,- деди Кылычбек Маматаев.
Чек ара жана бажы тосмолорунун бекемдигине карабай буга дейре эле облустун токой байлыктары жашыруун жолдор аркылуу кошуна өлкөгө өтүп келген. Канышай Мусалиеванын көз карашында виза укугу андай уурулуктарга кенен жол ачып бериши мүмкүн деп эсептейт:
-Айрыкча токой байлыктарыбыз чет жакка чыгып кетишине кенен жол ачылып калышы мүмкүн. Бир эле ушул жерге биздин байлыктарыбызды бажычылардын колуна коюп койбошубуз керек. Биздин коомдук бийлик көзөмөлгө алыш керек,- дейт Канышай Мусалиева
Визасыз карым-катнаш жасоо кылмышкер адамдар үчүн оңтойлуу шарт түзүүсү ыктымал. Кемел Сооронкуловдун болжоосу боюнча өлкөлөр ортосунда көзөмөл бошондогондо, терракттарды жасагандар менен диний экстремисттердин кошуна мамлекеттерге качып өтүүсүнө жол ачылды дейт:
-Менин паспорттук каттоом Бишкекте болгондуктан чек арачылар менден 600 өзбек сум алышкан күндөр болду. Мисалы, кылмышкерлер мурда деле, азыр деле ошол жол менен өтүп жатышат. Ошондуктан бул жерде пара берип өтүшөт.
Облбийликтин коргонуу бөлүмүнүн башчысы Кадыр Бечелов мындай чочулоо менен макул эмес. Жоокесептерди тизгиндөөгө атайын кызматтар турат. Анын пикиринде террорчулар бири-бирин жашыруусу мүмкүн:
-Жок кылса башка жактан террористтер келе албайт да. Бул жерде террористтер, экстремиситтер болсо башка жактан келишип ошолор менен байланышып, отурукташат. Бул жерде тамыры жок болсо алар каякка барышат. Эртең эле билинип калат башка бирөө келсе. Ошол террорист, экстремисттерди бекиткендер кимдер. Ошол жергиликтүү террорист, экстремисттер болууда. Ошолордун тамырын кууратса калгандары эч жакка бара албайт,- деген оюн билдирет облбийликтин коргонуу бөлүмүнүн башчысы Кадыр Бечелов.