Талкууну ЕККУ каржылаган «Аялдардын колунан бардыгы келет» деген түйүн менен Бишкектеги социалдык технологиялар агенттиги уюштуруп, ага облустагы коомдук-саясий, аялдар уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Анда мамлекеттик кызматтарга аялдарды 30 пайыз катыштыруу жөнүндөгү президенттин жарлыгы аткарылбаганы сынга алынып, аялдардын саясий укуктары басмырланып келатканы сөз болду.
Окумуштуу Дилбар Чокоеванын пикири боюнча аялдардын адамдык сапатын төмөндөтүүгө аларга коомчулуктун аз көңүл бурганы жана колдорунда каражаттарынын тартыштыгы себеп болууда:
- Бир эркек бир аял болсо экөөнүн мүмкүнчүлүгү, билими, тажрыйбасы, башка нерселери бирдей болсо, койчу аял кишини, тайтуйлап такка чыкмак беле, байтал чуркап байге алмак беле дегендей биздин эскиден калган аялдардын адамдык сапатын кемсиндирген макалдардын барын биринчи кезекте аялдар айтып чыгат.
Талкууда мисалга тартылгандай, аялдарга дүйнө парламенттеринин 17 пайызы, Борборазиянын Кыргызстандан башка өлкөлөрүндө 8 пайыздан 12 пайызга чейин орун тийген. Облустук аялдар Кеңешинин төрайымы Айчүрөк Мамажанованын болжоосунда Жогорку Кеңеште аялдар болсо, депутаттар кызуу кандуулукка алдырышмак эмес:
- Аялда кайсы акча болмок эле. Аялда 10 сом ашык акчасы болсо 9 сомун балдарына жумшайт, бир сомун өзүнө жумшашы мүмкүн. Министрлерден эмне үчүн аялдардан койбойт? Аялдардан коё турган болсо аял жашоого дагы, бала-чакага да, турмушка да жакын болот экен. Аялдардын жоктугунан мына депутаттар кызыл чеке болуп мушташып, оозго алгыс уят сөздөр менен сөгүнүп атышат.
Жыйында шайлоодо аялдарга мыйзамдуу жеңилдик берүү аны бекем сактоо демилгеси көтөрүлдү. Партиялык тизме менен өтөөр эмки шайлоодо аялдар утушу үчүн саясий уюмдарга өкмөттөн каражат ажыратуу пикирлери айтылды. Бирок, бейөкмөт уюмдун өкүлү Чынара Жусупова эл арасында маалымдуулукту күчөтмөй сайын жеңилдик берилген күндө да, ага ишенбей турганын билдирди:
- Биз азыр квота киргизгенден кийин деле, аялдардын активдүүлүгүн көтөрмөйүнчө 5-6 аял бул жерге чогулуп алып квота бер дегенде бирөө көңүл бурат деп ойлобойм. Ошон үчүн балким азыркы учурда жеңилдиктерди, атайын чараларды киргизүү үчүн коомдо аялдардын активдүүлүгүн жогорулатуу керек.
Облбийликтин аппарат башчысы Таалайбек Энназаровдун айтымында аткаруу бийлигинде аялдар эстен чыккан жок:
- Майлуусуу шаарынын мэри эжекебиз бар. Андан башка бүт шаар, райондордогу социалдык чөйрөнү тейлеген орунбасарлардын 99 пайызын аял кишилерден коюп атабыз.