7-октябрда Жалалбаттагы пахта заводунун жумушчулары менен алардын жактоочулары ишкана алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар ишкананы каттаган Жалалабат шаардык мэриясынын чечимин бузган соттордун бүтүмүн жокко чыгарган Жогорку сотко нааразы болушууда. Жума күнү кечинде ишкананын мурдагы ээлери заводдун күзөтчүлөрү менен жумушчуларын кууп чыгышкан. Жаңжалдын айынан бир нече адам токмок жеген. Айрымдар окуяны оппозициядан да көрүп жатышат.
2-октябрда Жалалабат облустук администрациясынын алдына топтолгон айрым тургундар жергиликтүү бийликтен жер басып алуучуларды тыюуга чакырды. Ошол эле маалда алар элди жумуш менен, анан жер менен камсыз кылууну, ал эми буга чейинки жер басып алып жаткандарды болсо жоопко тартууну талап кылышты.
Депутат Кадыржан Батыров парламент трибунасынан өзү менен президенттин инилеринин жана облбийлик ортосундагы мамилесин дамаамат билдирүүдө. Ал Жалалабаттагы жер басып алууга президент Курманбек Бакиевдин туугандарынын тиешеси бар деп бир нече жолу айтып чыккан. Депутат «президенттин инилери бийлик чөйрөсүнө кийлигишет»,- деп да сындаган. Парламент өкүлүнүн мындай айыптоолору негиздүүбү?
28-сентябрда Шамалдуусай чек ара бөлүгүнө караштуу Карадарыя чек ара бекетинин жоокери Алтынбек Токтоматов өз куралы менен Өзбекстанга адашып өтүп кеткен. Коңшу өлкөнүн чек ара комитетинин маалымат кызматынын билдиришинче, ал өзбекстандык жарандан акча же бир бөтөлкө арак талап кылган жана автоматты асманга атып, жанындагыларды коркутканда кармалган. Жалалабат облбийлигинин бөлүм башчысы чекарачы 28-сентябрда кечки саат беште Кыргызстанга өткөрүп алынаарын билдирди. Эмне үчүн кыргыз-өзбек чек арасында соңку күндөрдө чырлуу окуялар улантылып жатат?
26-сентябрда Жалалабат облусундагы Ноокен районунун чек ара аймагында ок атылды. Ага өзбекстандык жарандардын кыргыз аймагына кирип, мал багуусу себеп болду. Алардын чыгып кетишин талап кылган чек арачыларга кол салганда жоокерлер асманга атууга аргасыз болушкан. Атылган октун бири өзбекстандык жарандын согончогун чырпып кеткен.
26-сентябрда Жалалабатта облустагы маалымат каражаттарынын азыркы абалы талкууланды. Аны АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин долбоору менен иштеген маалымат каражаттарын колдоо борбору уюштурду. Тегерек үстөлдө облустагы маалымат булактарынын өз алдынча жашап кетүү маселеси эмнегедир көтөрүлгөн жок. Ошол эле учурда коммерциялык багыттагы эки сыналгы мамлекеттик колдоосу жок, өз алдынча иштеп келатат. Облустагы маалымат каражаттары эмне үчүн эркин болуудан тайсалдашат?
21-cентябрда Жалалабатта өткөн аялдардын «Эне үмүтү» аттуу коомдук бирикмесинин конференциясы оппозициядагы депутаттарга, айрыкча «Реформа үчүн» кыймылынын теңтөрагасы Өмүрбек Текебаевдин ишмердигине нааразылык билдирди. Алар Өмүрбек Текебаевди дебатка, Жогорку Кенешти мыйзамдык милдеттерин аткарууга чакырышты. Оппозициядагы депутаттар бийликке асылганды токтотпосо, аларды парламенттен айдап чыгуу, аялдар армиясын түзүшөөрү жөнүндө Жогорку Кеңешке кайрылуу кабыл алынды. «Социал демократ» жана «Ата мекен» партияларынын облустагы өкүлдөрү Ө.Текебаев менен парламентке айтылган сындар негизсиз экендигин белгилешет.
17-сентябрда болуп өткөн 8-элдик курултай бийлик алдына башка талаптар менен бирге Аксы окуясын бир ай ичинде жыйынтыктоо милдетин койгон. Аталган мезгил аралыгында талап аткарылбаса, Бакиев-Кулов тандемин мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү жагы эскертилген. Бийликтегилер төрт жыл мурдагы кандуу окуяга байланыштуу кылмыш иши декабрь айында тергелип бүтөөрүн билдирүүдө. Мындай жооп «Реформа үчүн» кыймылынын өкүлдөрүн алымсындырбайт. Алты адамдын канына забын болгон адамдар табылбаса, мындай окуянын арты кандай кесепеттерге алып келүүсү мүмкүн?
Оппозиция кыргыз бийлигинде дагы эле болсо кадр саясаты аксап жатат деп сынга алууда. Алардын айтымында, бийлик бутактары экс-президент Аскар Акаевдин доорунда иштеген кызматкерлерден арылган жок. Конституциялык реформанын кечеңдетилиши оппозициянын жаалын күчөтүүдө. Бийлик уюмдарындагы кемчиликтерди президенттин алдындагы Адам укугу боюнча комиссиянын башчысы Турсунбек Акун Аксыда болгон курултай учурунда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, оппозициянын президент Курманбек Бакиевди кызматтан алуу талабы негизсиз. Эл аралык уюмдар өлкөдөгү адам укугун коргоо жаатындагы артыкчылыктарды жактап жатышат.
Аксы районунда өткөн элдик курултай бийликтин алдына тез арада конституциялык реформа жүргүзүү, Аксы окуясын аягына чыгаруу, президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусун токтотуу өңдүү бир нече талаптарды койду. Оппозициячыл депутаттар башында турган курултайдын мындай талаптарына нааразы болгон облустагы саясий-коомдук уюмдар менен жергиликтүү тургундар 18-сентябрда Базаркоргондо каяша акциясын өткөрүп ийишти. Мындай жаатташуулар, бийлик менен оппозициянын өз ара кармашы өлкөдөгү кырдаалды мындан ары курчутуп ийбейби?
Жекшемби күнү Аксы районундагы Боспиек айлында сегизинчи элдик курултай өтөт. Курултайда өлкөдөгү коомдук-саясий жагдай менен катар 2002-жылы болгон Аксы окуясы боюнча да маселе көтөрүлөт. Төрт жыл мурун окко учкан жигиттердин урук-туугандары ок атууга буйрук бергендер менен өлтүргөндөрдү таап, жазалоону талап кылышууда. Алар учурдагы бийлик ишенич-үмүтүн актабаганына нааразы. Башкы прокуратура буга дейре Аксы окуясы боюнча көп багыттуу иш жүрүп жаткандыгын билдирген.
14-сентябрда Жалалабат облусунда өткөн жыйынга катышкан коомчулук депутат Өмүрбек Текебаевге байланыштуу жагдайларды талкуулаган парламенттин ишине нааразы болду. Жыйындагылар «Жогорку Кеңеш оппозициянын штабына айлануу менен өлкөнүн тынчтыгын ойлобой, жеке мүдөөлөрүн көздөшүүдө», деп белгилешти. Парламентти таркатуу жана депутаттардын кол тийбестик укугун жоюу демилгеси көтөрүлдү. Облустагы бөлөк тургундардын пикири боюнча парламент бийликтин ишине баа берүүгө акылуу. Жогорку Кеңеш таркатылса, өлкөдө башаламандык башталат.
Соңку күндөрү оппозициячыл депутаттар президент менен өкмөттү отставкага кетирүү жөнүндө талаптарды көтөрүп жатышат. Саясатчылар арасында өлкөнү К.Бакиев башкарбай эле, бир тууган инилери жетектеп жатат деген күдүк сөздөр да арбын. Кадр саясатына чын эле президенттин бир туугандары аралашабы? Ушундай суроолор менен "Азаттыктын" кабарчысы президенттин Жалалабатта жашаган иниси Акмат Бакиевге кайрылды.
12-сентябрда кечке маал бир нече партиялардын Жалалабат облусундагы өкүлчүлүктөрү бийлик айланасында болуп жаткан окуялар боюнча маалымат жыйын өткөрүштү. Алардын пикиринде, оппозиция депутат Өмүрбек Текебаевге тиешелүү окуяларды 17-сентябрга боло турган элдик курултайга элдин көңүлүн буруу үчүн жана бийликти жаман аттуу кылуу үчүн пайдаланууда. Саясатчы депутаттар бийликтин иштөөсүнө мүмкүндүк бербесе парламентти таркатуу маселесин көтөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Ал эми "Ата мекен" партиясынын облустагы өкүлдөрү Өмүрбек Текебаевдин бетине көө сүрткөн бийлик кызматтан кетүүсү керек деп эсептешет.
5-сентябрда Жалалабаттагы техникалык институттун студенттери, алардын ата-энелери жана мугалимдери облустук бийликтин алдына чыгып нааразылык билдиришти. Алар окуу жайды жабуу жөнүндөгү Билим берүү министрлигинин чечимин айыпташты, студенттерди окуу, мугалимдерди жумуш менен камсыз кылууну талап кылышты.
Өткөн аптанын соңунда «Асаба» партиясынын Жалалабат облустук конференциясы болуп өттү. Жыйын саясий уюмдун алдыда турган милдеттери менен өлкөдөгү коомдук-саясий абалга баа берди. Делегаттардын баасы боюнча өлкөдө социалдык-экономикалык багытта өзгөрүүлөр бар, бирок, ага канааттанууга болбойт, жумушсуздук менен коррупция азайган жок, конституциялык реформа кечеңдөөдө. Кадр саясатында алешемдиктер арбын. Облустук бийлик кадрларга байланыштуу айтылган сын-пикирлер менен макул эмес.
Облустун “Кызылжар-12” шаарчасындагы уран калдыктарынын күчү адаттагыдан 30 эсе ашык. Жергиликтүү калк жумушсуздуктун айынан уран көмүлгөн жайлардын курулуш материалдарын сатып жан багат. Уулуу заттын калдыктары ден соолукка таасир этип, аялдардын боюнан түшүп, наристелер майып болуп төрөлүүдө. Облустук айлана-чөйрөнү коргоо башкармасынын маалыматы боюнча шаарчадагы жагдайга көңүл бурулбай калган.
Облустун «Кызылжар-12» шаарчасындагы уран калдыктарынын күчү адаттагыдан 30 эсе ашык. Жергиликтүү калк жумушсуздуктун айынан уран көмүлгөн жайлардын курулуш материалдарын сатып жан багат. Уулуу заттын калдыктары ден соолукка таасир этип, аялдардын боюнан түшүп,наристелер майып болуп төрөлүүдө. Облустук айлана-чөйрөнү коргоо башкармасынын маалыматы боюнча шаарчадагы жагдайга көңүл бурулбай калган.
Жалалабатта үйсүз-жайсыз жарандар мурдагы канаттуулар фабрикасынын 35 гектар жер аянтын ээлеп алышты. Фабрика 2001-жылы 31 адамга сатылып кеткен. Менчик ээлеринин бири экс-вице-премьер Кубанычбек Жумалиевдин иниси Самарбек Жумалиев өзүнө караштуу 22 гектар аянтты элге тартуу кылган. Март ыңкылабын коргоочулар менен ишкананын мурдагы жумушчулары фабриканы калыбына келтирүүнү жана мыйзамсыз жер бөлүштүрүүнү токтотуп, жер ээлөөчүлөрдү үч күндүн ичинде айдап чыгууну талап кылууда.
9-августта Жалалабатта «Ата журтубуздун бейпилдиги –күчүбүздүн биримдигинде» аттуу тегерек үстөл талкуусу болуп өттү. Аталган талкууну облустук бийликтин маалымат кызматы уюштурду. Анда террорчулук менен диний экстремизмдин келип чыгуу себептери жана мамлекеттин келечегине коркунуч туудурган жагдайлардын алдын алуу жолдору талкууланды.Талкууда диний уюмдардын иш-аракети менен коопсуздук маселесине коомчулук анча көңүл бөлбөй жатканы белгиленди.
Дагы жүктөңүз