Аксы окуясы боюнча Жалалабатта жүрүп жаткан сотто Адам укуктары боюнча президент алдындагы комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун күбө катары сүйлөп, депутат Азимбек Бекназаровду областтык прокурор З. Кудайбергенов экс-президенттин жубайы Майрам Акаева менен кеңешип кесип туруп камагандыгын ага мурдагы башкы прокурор Чубак Абышкаев айтканы жөнүндө сотко билдирүү жасады. Аксы окуясы дал ушул А. Бекназаровду камоодон тутанганын коомчулук жакшы билет. Зоотбек Кудайбергенов өз кезегинде Т. Акундун сөзүн далилдөө үчүн экс-баш прокурордун көрсөтмөсү зарыл экендигин билдирди.
Аксы окуясы боюнча Жалалабатта улантылган бүгүнкү сотто окуянын келип чыгышына себепкер жагдайлар, 17-мартка чейин депутат Азимбек Бекназаровдун тарапкерлерине жасалган кысым көрсөтүүлөр тууралу маселелер талкууланды. Окуяга чейин элдин талабына көңүл бурулбай, пикет-митингге чыккандарга зордук-зомбулук көрсөтүлүп, текшерилбеген маалыматтар аркылуу жарандарды камоо аракеттери болгон. Кандуу жекшемби күнү жол тосулгандыктан октон жараат алгандар райондук ооруканага кеч жеткирилгендиктен шейит кетишкен.
Депутат Азимбек Бекназаров Аксы окуясы боюнча күбөө катары Жалалабатттагы сотко катышканда «Азаттыктын» кабарчысы ага бир топ суроолор менен кайрылды. Бекназаровдун пикири боюнча референдумдун маселесин эл түшүнө элек, депутаттар менен сотторго кол тийбестик сөзсүз зарыл, Конституция кабыл алынгандан кийин парламенттик-президенттик шайлоо өтө турган болсо, ал кампания өлкөнү экономикалык кризиске батырат. Ал Аксы окуясынын аягына чыгаарына да ишенбей тургандыгын айтты. Депутат менен Ырысбай Абдыраимов баарлашат.
5-октябрда Аксы окуясы боюнча улантылган сотто президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун алааматтын чыгышына күнөөкөрлөр катары экс-президент Аскар Акаев менен ошондогу президенттик администрация башчысы Аманбек Карыпкуловдун атын атады. Бекназаров Үзөңгүкууштун Кытайга берилгени үчүн сындаганда камалган. Анын айтымында Аксы окуясынын чыгышына депутат Бекназаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы аткарылбаганы, губернатордун эл алдына барбаганы, тынч элге курал колдонулганы себепкер. Мурда кылмыш жообуна тартылып, кийин акталышкан Аксы район акими менен ички иштер башкармасынын мурдагы орунбасары да күбөө катары суралды.
Жалалабатта Аксы окуясы боюнча сот улантылып, анда кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталып жаткан мамлекеттик кызматкерлердин бири областтын мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов сурак берди. Сотто ал 17-мартта элдин колунда курал болгондуктан милиция кызматкерлери да жабыр тартканын билдирди. Аксы окуясында жабырлануучулар демонстранттардын колунда күндүк азыгынан башка эчтеме болбогондугун айтышууда.
Жалалабатта Аксы окуясын карап жаткан сот жыйынында күбө катары чакыртылган депутат Азимбек Бекназаров Аксы окуясына мурдагы бийлик күнөөлүү экенин белгилеп, эгер чечим чыгарылбай турган болсо кылмыш ишин кароону токтотуп коюну өтүндү. Депутат Султан Урманаев Аксыда эл менен жолугушууга президенттик администрациянын мурдагы башчысы уруксат бербегендигин билдирди. Облустун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов Бекназаровду камоого мурдагы башкы прокурор көрсөтмө бергенин маалым кылды.
3-октябрда Жалалабатта Аксы окуясы боюнча улантылган соттук териштирүүдө айыпталуучулар көрсөтмө берүүлөрүн улантышты. Облустук ички иштер башкармасынын мурдагы жетекчиси Кубаныч Токобаев өзүнө коюлган айыптарды четке какты. Ички иштер министрининин мурдагы 1-орунбасары Садырбек Дубанаев суроолорго жооп берип жатып, “Тайфун” операциясынын киргизилишине тиешеси жок экендигин жана операцияда адамдарга курал колдонуу тууралу көрсөтмө жок экендигин түшүндүрдү. Жабырлануучулар элге ок аткандар табылып, жазаланаарына ишенбей жатышат.
2-октябрда Аксы окуясы боюнча Жалалабатта улантылган сотто мурдагы мамлекеттик төрт кызматкерге расмий айып коюлду. Аксы окуясында жабырлануучулар жөө бараткан элге ок аткандар менен аларга буйрук бергендерди жазага тартуу талабын коюшту. Сотто Жалалабат облустук ички иштер башкармасынын мурдагы жетекчиси Кубаныч Токобаев менен президенттик администрациянын мурдагы башчысы Аманбек Карыпкулов жана ички иштер министрининин мурдагы 1-орунбасары Садырбек Дубанаев менен облустун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергеновго кызмат абалынан пайдалангандыгы тууралуу айыптар уктурулду.
Бүгүн Жалалабат шаарында Аксы окуясы боюнча сот иши башталды. Кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айыптар боюнча мамлекеттик төрт кызматкердин үстүнөн козголгон кылмыш ишин Бишкек гарнизондук аскер соту кароодо. Сотто аксылык жабырлануучулар ишти Аскы районунда кароо жана ал окуя боюнча мурда кыскартылган сот ишин бирге кароо өтүнүчтөрүн келтиришти. Айпталуучулардын коргоочусу сотту Аксыда өткөрүүгө каршылыгын билдирди.
Учурда өлкөнү башкаруунун формасы тууралуу талаштын башы ачыла элек. Башкаруунун түрү тууралуу Баш мыйзамдын долбоорунда президенттик-парламенттик формасы көрсөтүлгөн. Бирок, саясий партиялар парламенттик башкарууну жактаса, бийликчил адамдар президенттик башкарууну ылайык көрүшүүдө.
Президенттин өз партиясын түзүүсүнө “Ата Мекен” партиясынын Жалалабат облусундагы өкүлдөрү макул эмес. Алар бийлик партиясы түзүлсө, тоталитардык доор кайра орношу ыктымал деп кыжаалат болуп жатышат. Жарандардын пикиринде, партиялардын башкы максаты бийлик, эл үмүтүн актаар саясий уюмдар аз.
Президент 19-сентябрдагы элге жана парламентке кайрылуусуна конституциялык реформа боюнча кандай пикирин айтаары күтүлүп жаткан кезде Жалалабатта Конституциянын мурдагы долбоорлорунун жокко чыгарылышына тынчсыздануу күч. Баш мыйзамдын утуру алмашыла бергени коомчулукта ар кандай уу-дуу, ызы-чууну жаратышы ыктымал. Ал бүткүл элдик талкуу аркылуу кабыл алынуусу зарыл. Оппозициядагы партиялардын өкүлдөрү баш мыйзамдын референдум аркылуу кабыл алынуусуна каршы.
Жалалабатта саясий партиялар парламентти таркатууну талап кылып жатышат. Алардын белгилешинче, азыркы парламент мыйзам бузуулар менен шайланган. Башка шайлоочулардын пикири боюнча баа кымбаттап өлкө карызы кокого жетип турганда парламентти жоюп, кайра шайлоо өткөрүүгө болбойт.
Улуттук коопсуздук комитети 11-сентябрда Жалалабатта өзбекстандык террорчу кармалганын жар салды. Ал кармоо маалында граната жардырмак болгон. 28 жаштагы Жамалиддин Абдумажитов аттуу киши былтыр облус борборунда атып өлтүрүлгөн беш террорчу башчысынын оң колу жана ИДУнун активдүү мүчөсү болгону айтылууда. Коопсуздук кызматы ИДУ менен “Хизбут тахрир” жашыруун уюму тилектеш жана кызматташ экендигин билдирип келатат, ал эми хизбутчулар мындай пикирди четке кагышууда.
Жалалабатта АКШнын республикалык институтунун Оштогу бөлүмүнүн колдоосу аркасында саясий партиялар менен жаштардын жолугушуусу болуп өттү. Жыйында «Ата Мекен» партиясынын өкүлү ушу таптагы кемчиликтер үчүн президент да, өкмөт да жооп бербей турганын белгилеп, өлкө парламенттик-президенттик башкарууга өтүп, Конституциялык реформа жүргөндө экономикалык өсүүлөр болоорун, “Эркиндик” партиясы Конституцияны элдик добуш берүү аркылуу кабыл алуу жана парламентти таркатуу маселесин козгоп чыкты.
Жалалабат облусунун Майлуусуу шаарында жугуштуу ич келте дарты күчөп кетти. Облус боюнча ич келте менен ооругандар 69 киши болсо, Майлуусууда аталган кеселге 31 адам чалдыкты. Оорунун алдын алуу максатында шаарда 4-сентябрда облустук көчмө жыйын өттү. Оорунун өрчүшүнө Майлуусуудагы 50-60 жыл иштеген суу тазалоочу түйүндүн жетиштүү иштебей, шаардан чыккан таза эмес суулардын Майлуусуу дарыясына кошулуп агуусу жана шаарга жакын айылдын таза суу менен камсыз болбогону себеп болууда дешет.
Жалалабат облусунун калкы кышка камына элек. Облус борборундагы көп кабаттуу үйлөр толугу менен жылытуу жабдуулары менен камсыз болгон эмес. Калктын кыш даярдыгын көрүүсүнө отун-көмүр, күйүүчү май жана унаа каражаттарынын кызмат акыларынын кымбат болуусу себепкер. Казынадан каржыланган мекеме-уюмдарга көмүр ташылып, жылытуу жабдуулары оңдолууда.
5-сентябрдын түнүндө көз каранды эмес «Сентябрь» телеканалынын Жалалабаттагы оператору Талант Сопиев экинчи ирет ур токмокко алынды. Белгисиз адамдар аны «сен депутат Текебаев тарабындасың» деп тепкилешкен. Аны быйыл апрель айындагы оппозициянын митинги маалында да Жалалабаттагы бийликчил адамдар сабашкан. Сопиевдин сабалышын «Ата Мекен» партиясы аталган уюмдун активдүүлүгүн көрө албаган бийликке жан тарткандардан көрөт. Бийликти жактаган кишилердин оюнда окуяны оппозиция менен бийликтин ортосуна от жагууну каалаган үчүнчү күчтөр жасоосу ыктымал.
Азык-түлүк жана курулуш материалдарынын кымбатташы Жалалабаттагы жарандардын нааразылыгын жаратууда. Күндүн катуу ысып, зарыл каражаттардын тартыштыгынан дыйкандардын эгини да начар болду. Облуста өстүрүлгөн эгин элдин керектөөсүн канааттандырбайт. Жетишсиз болгон дан азыктарын жергиликтүү бийлик ишкерлер аркылуу башка жактан сатып алууну көздөөдө.
Жакында Жалалабатта Өзбекстан менен Кыргызстанда теракттарды жасаган деп шектелген бир нече киши кармалган.Облустук бийлик жана тартип, коопсуздук кызматтары тергөө кызыкчылыгына байланыштуу алардын саны менен ысымдарын азырынча атай элек. Бирок, төрт адам кармалганын КТРдин облустагы кабарчысы билдирди. Террорчу деп шектелгендерди кармоо маалында алардын бири колундагы гранатаны жардырууга аракет кылган. Кармалгандын тарапкерлери аталган иш-чара уруп-согуу, коркутуу, үркүтүүлөр менен коштолгону тууралуу билдирип, адам укугун коргоочуларга кайрылышкан.
Дагы жүктөңүз