Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

ЖАЛАЛАБАТ: ЧАЧТАН КӨП МАСЕЛЕНИ ПАРТИЯЛАР ЧЕЧЕБИ?


Жалалабатта АКШнын республикалык институтунун Оштогу бөлүмүнүн колдоосу аркасында саясий партиялар менен жаштардын жолугушуусу болуп өттү. Жыйында «Ата Мекен» партиясынын өкүлү ушу таптагы кемчиликтер үчүн президент да, өкмөт да жооп бербей турганын белгилеп, өлкө парламенттик-президенттик башкарууга өтүп, Конституциялык реформа жүргөндө экономикалык өсүүлөр болоорун, “Эркиндик” партиясы Конституцияны элдик добуш берүү аркылуу кабыл алуу жана парламентти таркатуу маселесин козгоп чыкты.

Облустун Барпы театрынын имаратына жык толгон жаштардын саясий партиялар тууралуу маалыматтары аз экендиги алардын берген суроолорунан байкалып турду. Жалалабат медициналык окуу жайынын өкүлү Абидинов партиялардын козу карындай көбөйгөнү менен адис жаштардын келечеги жана жумушсуздукту азайтуу үчүн коомдук уюмдардын эмне иш жасап жаткандыгына кызыкты:

- Партиялар жүзгө чукулдап калыптыр. Бизге ушунча партиянын кереги барбы, же бизге жумушчу орун керекпи?

Партиялардын өкүлдөрү өз жоопторунда ушу тапта коррупция бардык тармакка жайылып, мыйзамдар иштебей, конституциялык реформа жаатындагы иштер купул толтураарлык эмес экендигин белгилешти. “Ата мекен” партиясы кыйладан бери парламенттик-президенттик башкарууга өтүүнү сунуштап келатат. Үй-бүлөлүк башкаруу жана жердешчилик кенемтеси тыйылбай, конституциялык реформа ишке аша электигинен инвестиция суюлуп, экономикалык өсүү турмуш талабына дал келбей калды. Өлкө турмушун чар тарабынан каптаган кымбатчылык маяна-пенсия-жөлөк пулу аз жана социалдык коргоого муктаж адамдарды мүнкүрөтүүдө.

Партиянын облустагы төрагасы Садыралы Эргешов башкаруунун бир ыкмасы тандалып алынбагандыктан социалдык экономикалык өксүктөргө президент менен премьер-министр да жооп бербей жатканын белиледи:

- Башкаруу органдарындагы жердешчиликтен, тууганчылыктан конституциялык жакшы реформага баралбай жатабыз. Ушул үчөөнү жоймоюн Кыргызстан экономикалык өсүүгө барышыбыз кыйын. Желкесин сураса жети өлкөлөр келбейт экен. Негизинен ушундан аксап атабыз. Коррупция деген ошондон кетип атат. Биз максатыбызга жеткиче, чыныгы укуктук, демократиялык, көз карандысыз мамлекет болгонго чейин күрөшөбүз.

“Эркиндик” партиясы талап кылып келе жаткан парламентти таркатуу, депутаттардын кол тийбестик укугун жоюу, сот, укук коргоо уюмдарында тазалоону жүргүзүү иштери да аткарылган жок. Аталган уюмдун облустагы төрагасы Мойдун Мамажанов жогорудагы кемчиликтерге басым жасоо менен коррупцияны ооздуктоодо коомчулук жогорку бийликтердин батыл иш-аракеттерине үмүткөр экендигин түшүндүрдү:

- Парламентти таркатыш керек, кол тийбестикти алыш керек, соттун чукул реформасын жүргүзүш керек, укук коргоо органдарын реформа гана эмес, тазалоо керек. Соцфондго келгенде дагы бечара инвалид келиш керек справка алыш үчүн. Бул нерселерди өкмөттүн өзүнө карап отура бербей, мисалы метрикени жасоо үчүн 200-300 сом бериш керек экен.

Конституциялык реформа маселесин парламент эмес, шайлоочулардын эрки менен кабыл алуу зарыл. Жалалабат шаар тургуну Табылды Шайымкуловдун баамында элдин укугу толук сакталуусу үчүн баш мыйзамды жаңылоону референдум жолу менен чечкен оң:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамы иштебей атат. Ошол мыйзамды эл референдум аркылуу алыш керек.

Саясий партиялардын башкы максаты бийликке жетүү болгону менен «Эмгек жана биримдик» партиясы экономиканы өркүндөтүү жана жаштарга камкордук көрүү жаатында «Беш ашуу» программасын иштеп чыккан. Башкаруу уюмдарына жаштарды тартуу маселеси да партиянын көзөмөлүндө дейт облустагы төрага Абдымалик Бектемиров:

- Бардык райондорго биздин жаш лидерлер барып форум өткөрдүк. Кантип биз жаштарды мамлекеттик аппаратка алып келебиз. Башкаруу чөйрөлөрдү жашартуу боюнча проблемаларды ошол жерден талкууладык.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG