Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

«СЕНТЯБРЬ» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН ОПЕРАТОРУ УР-ТОКМОККО АЛЫНДЫ


5-сентябрдын түнүндө көз каранды эмес «Сентябрь» телеканалынын Жалалабаттагы оператору Талант Сопиев экинчи ирет ур токмокко алынды. Белгисиз адамдар аны «сен депутат Текебаев тарабындасың» деп тепкилешкен. Аны быйыл апрель айындагы оппозициянын митинги маалында да Жалалабаттагы бийликчил адамдар сабашкан. Сопиевдин сабалышын «Ата Мекен» партиясы аталган уюмдун активдүүлүгүн көрө албаган бийликке жан тарткандардан көрөт. Бийликти жактаган кишилердин оюнда окуяны оппозиция менен бийликтин ортосуна от жагууну каалаган үчүнчү күчтөр жасоосу ыктымал.

Көз байланган маалда кызматтык жумушу менен барган Талант Сопиев «Сентябрь» телеканалынын мунарасын белгисиз үч адам көрмө тасмага тартып жүргөнүн байкаган. Алардын кимдер экенин сураган кезде жөнөкөй кийимчендердин бири өзүн полковник Мырзаев деп тааныштырган. Оператордун жөн жайын сурап билген адам Сопиевди «Текебаевге жан тартасың» деген тейде сөгүп, жашыл түстөгү «62-47» номерлүү автоунаасы менен Топуракбел ашуусунан Базаркоргон районунун аймагына чейин кууп барган. Оператордун унаасын жарга такай токтотуп, Сопиевди унаадан сууруп чыгышып, бири башы менен сүзүп, Таланттын жыгылып түшкөнүнө карабай экинчи киши чат аралаштыра тепкилеген:

- Машинадан түшүп учурашсам, полковник Мырзаевмин деп өзүн тааныштырып, сен Текебаевчисиңиби” деп ашатып сөгүп кирди. Жакаман кармап туруп сүзүп, талуу жерге тепти.

Райондук ооруканага жеткен оператор медициналык убактылуу жардам алган. Көзүнүн айланасы шишип-көгөрүп, моюн-көкүрөгү тытмаланган Сопиев ден-соолугу дурус эместигине карабай 6-сентябрда жумушта жүрдү. Ал оппозициянын апрель митинги маалында да бийликчил адамдар тарабынан Жалалабатта сокку жеген. Арызын шаардык ички иштер уюмуна тапшырганы менен аны желке талаштыра урган белгисиз кишилер табылбаган:

- Денем эзилип-жанчылып калган, башым ооруп атат. Ошол боюнча бир дагы натыйжа жок алардан.

Сопиевдин соңку арызын кабыл алган райондук ички иштер бөлүм нөөмөтчүсү кылмыш иши козголуп, белгисиз адамдар изделерине ишендирген. Муну райондук жана облустук тартип коргоо уюмдары да ырастады. Бирок, полковник Мырзаев аттуу адам милицияда иштер-иштебесин билбей тургандыктарын билдиришти. “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Кубат Артыковдун белгилешинче партия менен депутат Өмүрбек Текебаевдин айланасындагыларга асылуу адатка айланды. Партиянын кадыр-баркы өсүп, экс-спикердин бийликтин кемчилигин катуу сындаганын көралбагандар «Сентябрь» телеканалынын операторуна кол салышты. Окуяга бийликке кызмат кылган кишилердин тиешеси бар деп божомолдойт Кубат Артыков:

- Телевидениенин Текебаевге эч кандай тиешеси жок. “Ата мекен партиясынын өзүнүн азыркы кезде Кыргызстанда кеңири тарап, рейтинги жогорулап кеткен. Көралбастык кылышып, коркутуп-үркүтүү жолу менен басаңдатабыз деген аракет жасап атышат. “Ата мекен” партиясынын мүчөлөрүнө күндө кол салууларды уюштурууга аракет жасап атышат.

Бирок,бийликтин бирөөгө жамандыгы жок. Облустук аялдар Кеңешинин мүчөсү Жамал Борбиева телеканал кызматкери Сопиевдин сабалышын бийлик менен оппозициянын ортосуна от жаккысы келген үчүнчү күчтөрдөн көрөт:

- Жаңы болгон бийликке каршылык кылып жасаган иштери деп ойлом.

Операторго байланыштуу апрель митинг чагындагы окуяны шаардык милиция тескеген. Жалалабаттагы милициянын башчысы Кубаныч Төрөбаевдин жообуна ылайык жаз маалында Сопиевдин дене-боюнан жараат алганы байкалган эмес. Анын ооруканасы жакын облус борборунда токмоктолсо, Базаркоргон райондук ооруканасына барып катталганы күмөн туудурат:

- Шаардагы, Сузактагы ооруканага кайрылбай, Базаркоргондогу ооруканага барып кайрылган. Эч кандай жараты жок экен.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG