Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

ПАРЛАМЕНТ ТАРАСЫН-ТАРАБАСЫН…


Жалалабатта саясий партиялар парламентти таркатууну талап кылып жатышат. Алардын белгилешинче, азыркы парламент мыйзам бузуулар менен шайланган. Башка шайлоочулардын пикири боюнча баа кымбаттап өлкө карызы кокого жетип турганда парламентти жоюп, кайра шайлоо өткөрүүгө болбойт.

«Эмгек жана биримдик», “Эркиндик» жана «Жаңы Кыргызстан» партиялары атайын маалымат жыйынын чакырышып, анда парламентти таркатуу демилгелерин көтөрүштү. “Эмгек жана биримдик” партиясынын облустагы төрагасы Абдымалик Бектемиров депутаттардын 2005-жылы февралда мыйзам бузуулар, элди акчага сатып алуулар менен шайланганына басым жасоо менен парламентти таркатууну колдоо талабы жөнүндө өлкө коомчулугуна кайрылды. Мындай талап облустун район-шаарларды кыдырган кезде шайлоочулар тарабынан «Эркиндик» партиясынын башчыларына да коюлган. Пресс-конференцияда партиянын облустагы төрагасы Мойдун Мамажанов парламентарийлерге өкмөттүк казынадан арбын каражат жумшалып жаткандыгына жана баалар өсүп, эл турмушу кыйындаган чакта депутаттардын кымбат баалуу чет элдик автоунааларга ээ болуп жүргөндүктөрүнө нааразы болду. Анын пикиринде парламент көбүн эсе бийлик менен өкмөттүн ишине тоскоолдук кылууда. Партия көптөн бери депутаттардын кол тийбестик укугун жоюу маселесин да козгоп келатат. Көл тийбестик укугун ашыкча пайдаланган депутаттар мыйзам бузганда алардын сот жообуна тартылбай жатканы да өкүнүчтүү деп айтты Мойдун Мамажанов:

- Президент эки мөөнөткө шайланса, эмен үчүн депутаттар 3-4 жолу шайланат? Булар деле 2 срокко шайлансын. Себеби, президентти бүт калк шайлайт. Ал эми буларды 15-16 миң калк шайлайт. Кол тийбестикти алып коюш керек, ошондо эч ким депутаттыкты каалабай калат. Биз “Эркиндик” партиясы да депутаттар таркап кетишин каалайбыз.

Маалымат жыйынына Ноокен районунан келип катышкан шайлоочулардын өкүлү Раимбек Кочкорбаев депуттардын тартипсиздиги жана өзүм билемдиктерин жактырбайт. Ошондуктан парламент айрым депутаттар соңку учурларда кайталап айтып жаткандай өзүн өзү таркатканы оңдуу. Ошондо март ыңкылабында коюлган элдин экинчи талабы аткарылган болот эле:

- Миңдеген долларлык машиналарды миниши, өзүм билемдиктери жакпайт. Парламентте отургандардын бирин-бири колдобогон, тартипсиздигин көрсөттү. Кол тийбестикти алыш керек, ал дагы мага окшош болуш керек. Бир айлык айлыгына менин пенсиям жетпейт. Булар өзүн-өзү таркатып кетишин каалайм.

Мындай демилге менен «Ата Мекен» партиясынын облустагы өкүлдөрү макул эмес. Партиянын мүчөсү Сеит Кадырбековдун болжолунда парламент жоюлса, өлкөдөгү азыркы тынчтыкка доо кетет.

Сузак районундагы жашоочу Зулпукар Кадыркуловдун баамында парламентти да президент сыяктуу өлкө калкы шайлаган. Бийликтин кемчиликтерин сындап, өлкөдө демократиялык баалуулуктарды орнотууда депутаттардын эмгеги өлчөөсүз. Кол тийбестиктен айрылганда парламент көз каранды болуп, бийлик авторитардык режимге өтөт. Парламентти жоюп, кайра шайлоо өткөрүүнүн ордуна ага кетчү каражаттарды социалдык тармакка жумшап, калкты кымбатчылыктан коргоп калган ийги дейт Зулпукар Кадыркулов:

- Жол көрсөтүп турбаса, биздин чоңдор 1-2 жылдан кийин көөп кетет, анан баш ийбей коет эч кимге. Бардыгын өзүнө, урук-тууганына топтойт. Депутаттарды биз шайлаганбыз, депутаттарда ар дайым кол тийбестик болуш керек. Кол тийбестигин алгандан кийин анда аларды шайлабай эле коюш керек. Алар президенттен, премьер министрден коркпой сүйлөшү керек.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG