Облустук ички иштер башкармасынын экс жетекчиси Кубаныч Токобаевдин көрсөтмөсүндө, ал 2002-жылы 17-мартта Аксыда жүргөн өз орунбасары Калбаев менен райондук милиция башчысы Кулуевге телефон аркылуу буйрук бербеген жана алар көрсөтмөлөрүн улам өзгөртүүдө:
- Бул айып негизсиз. Биринчиден, кылмыш иште Калбаевдин дагы, Кулуевдин дагы жана ушул сотто жабырлануучулар, күбөлөр тарабынан дагы Токобаев куралдуу блокирование жаза деген көрсөтмө берди деген бир да көрсөтмө жок кылмыш иште. Экинчиден, мен 17-мартта 2002-жылы көрсөтмө берип аткан Кулуев менен телефон аркылуу сүйлөшкөн эмесмин.
Адам өлүмүнө алып келген чатак милиция менен элдин кагылышынан келип чыккан. Аксы окуясы саясий иш болгондугун белгилеген Токобаев, “Токтогулда жүргөн өзгөчө отрядды Аксыга котор”,- деп министрдин биринчи орун басары Садырбек Дубанаев оозеки буйрук бергендигин айтты.
Дубанаевдин айтымында өзгөчө отрядда курал болбогон. Ал Аксы окуясы боюнча 2002-жылы райондо болгон милиционерден тартып өзү жана экс-президенттин да моралдык күнөөсү бар экендигин билдирди. Дубанаев куралдуу милициянын районго жөө келаткан элдин алдына жиберилгенин уккан эмес. Жабырлануучулардын коомдук өкүлү Азиза Абдрасулова ага мындай суроо узатты:
- Полномочие жок болуп калды дейсиз. Сиздин эки ай бою колуңузда полномочиеңиз турду. Эмне себептен куралчандар элдин жолун тосуп атты, ким курал берди буларга, сиз жетекчи катары тактадыңызбы, аракет кылдыңызбы, сизге эмнелер белгилүү. Ушул боюнча айтып берсеңиз?
Дубанаев “Тайфун” операциясында элге курал колдонуу жөнүндө көрсөтмө жок деп жооп узатты:
- Билген эмесмин деп жана да айткам, азыр да айтам. Спецназ ошол жерге барыптыр. Мага 20 киши Калбаевдин башында кетти деп гана айткан.
Азиза Абдрасулова:
- Коомдук тартипти сактай турган адам сиз спецназдын барарын билбей калыптырсыз. Бирок, ошол жерге спецназдын барганы мыйзамдуубу же мыйзамсызбы? Ошону айтыңызчы.
Садырбек Дубанаев:
- Кызматтык териштирүүдө эгерде кызматкер жетпесе РОВД, УВДнын башчылары ар жакка жибергенге укуктуу.
Жабырлануучу Айжигит Бейшебаевдин атасы Сатимбай Үркүмбаевге 17-мартта эл менен район борборуна баратканда ок жаңылган. Оор жарадарды райондук ооруканага жеткирүүгө жол тоскон тартип сакчылары өткөрбөгөн. Аблетим айылдык ооруканасында ок тийгендерге операция жасоого мүмкүндүк болбогон. Ичине ок жаңылган Үркүмбаевди талаа кезип Аксыга жеткиришкени менен ал райондук ооруканада көз жумган. Айжигиттин айтымында атасы көз жумаарында аткан кишинин атын атаса да, ал милиционер эмдигиче жазаланбай жүрөт:
- Бел тараптан ок тийип, ички ашказанды, ичегилерди аралап асты жагынан чыгып кеткен. Түз эле ок тийген күнү ооруканага алып барышка мүмкүнчүлүк болбогон. Ооруканага алып жөнөгөндө Бозпиектин жолун бийликтин адамдары тосуп, ооруканага өткөрбөй койгон.
Беш жыл мурда милициянын ур-токмогуна кабылган Гүлбара Ашырова айыптуулардын күнөөлөрүн мойнуна алып, элди аткандардын табылаарына адилеттик али орнооруна ишенбейт:
- 2002-жылдан бери эле талап коюп келип атабыз. Бирок, биздин Кыргызстанда акыйкат, адилет сот жок окшойт. Аксы окуясына ушул адам күнөөлү деп эч кимди көрсөтө элек, көрсөтө да албайт. Соттун жүрүшүндө менин көзүм жетип калды.
Жабырлануучу Айбарча Сатыбекова соттолуучулардын жообуна канааттанбай, алар күнөөлүү болбосо, элди аткандарга ким буйрук бергенин жана пикeтке бараткандарды ким аткандыгын айтып берсин деген талабын койду:
- Ким атты, ким жооп берет, ошого ким күнөөлү деген талаптарды коюп келатабыз дагы деле. Бирок, биз акпыз дейт. Эгерде ак болсо күнөөлү ким экенин айтса, - деп айтты окуя маалында күйөөсүнөн ажыраган Айбарча Сатыбекова.