Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

АКСЫ КАРГАШАСЫ БЕКНАЗАРОВДУ КАМООДОН БАШТАЛГАН


Жалалабатта Аксы окуясын карап жаткан сот жыйынында күбө катары чакыртылган депутат Азимбек Бекназаров Аксы окуясына мурдагы бийлик күнөөлүү экенин белгилеп, эгер чечим чыгарылбай турган болсо кылмыш ишин кароону токтотуп коюну өтүндү. Депутат Султан Урманаев Аксыда эл менен жолугушууга президенттик администрациянын мурдагы башчысы уруксат бербегендигин билдирди. Облустун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов Бекназаровду камоого мурдагы башкы прокурор көрсөтмө бергенин маалым кылды.

Cотко күбө катары катышкан депутаттар Азимбек Бекназаров менен Султан Урманаевдин белгилешинче, Азимбек Бекназаров камалбаса алты адамдын өмүрү кыйылган Аксы каргашасы келип чыкпайт болчу. Беш жыл мурдагы каргашага экс-президент, мурдагы премьер-министрден тартып республиканын ички иштер, прокуратура органдары чогуу күнөөлүү.
Азимбек Бекназаровдун айтымында ага карата куугунтук Үзөңгүкууш капчыгайы Кытайга берилген кезде президентке импичмент жарыялоо маселесин көтөргөндөн тартып башталган. Анын айтымында, элге ок атылгандан кийин районго мыйзамдуу эмес кoменданттык саат орнотулган. Аскерлер киргенден кийин 18-мартта да эки адам октон курман болуп, 12 киши октон жаракат алган. Райондук ооруканадан жабыр тартты деген 3 милиционерди көргөн:

- 140 миң гектардан ашык сатылган жерди парламентте карап, демаркация казыктары коюла баштаганда, 4-июнда мен импичмент маселесин көтөрдүм. Эмне үчүн парламенттен, коомчулуктан сурабай туруп президент ушунча кыргыздын жердин берет, бул чыккынчылык деп туруп. 19 депутат кол койду импичмент маселесин көтөргөндө. Ошондо президент баштады, кандай эле кыйын деди окшойт. Мына ошол күндөн башталды.

Депутат Султан Урманаев бийликтерге өз талабын коюп, нааразылык акциясын өткөрүп жаткан эл менен жолугушууга бир нече жолу аракет кылган. 15-мартта Аксыга барган кезинде эл арасында жүргөн укук коргоочу Турсунбек Акун менен сүйлөшүп, эртеси 16-мартта калк чогулган Карасуу айылына барууга убада берген. Бирок райондун борборунда болгон кезинде президенттик администрациянын башчысы Аманбек Карыпкулов депутат Бекназаровдун тарапкерлери менен жолугушууга барышын тыйып койгон. 17-мартта милиция менен эл кагылышып ок атылат деп ал эзели ойлогон эмес. Аксы окуясын саясий иш катары баалаган депутат Урманаевдин баамында, жогорку бийлик моралдык айыбы бар адам катары Аксыга барып элден кечирим суроого батынбай жатат, айыпкерлерди соттоо менен эле маселе чечилип калбайт:

- Ал жөнүндө экөөбүз кайым айтышып кеттик. Сага Акматалиев, Дубанаевдер чалып айтпадыбы эмне болуп атканын деп айтты. Мен айттым, алар эч нерсе айткан жок, ошол жака барбашымды өтүндү деп. Анда сен барбагың деди. Барбаса барбай эле коёюн дедим, башка эч кандай сөз болгон жок. Анан телефонду алып Токоевге чалдым.

Сотто кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталып жаткан үч адамдын бири облустун экс-прокурору Зоотбек Кудайбергенов депутат Азимбек Бекназаровго кылмыш ишин козгоп, камоо жөнүндөгү көрсөтмөнү ошондогу башкы прокуратурадан алганын айтты. Бекназаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө эл менен депутаттардан өтүнүч түшкөндө Кудайбергенов ал өтүнчтү башкы прокурорго билдирген, бирок ал жактан жыйынтыктуу жооп болгон эмес деди ал:

- Эң биринчи менин талабым, Бекназаров депутат экен, жашаган жери Бишкек экен, мүмкүн баш прокурорунун тергөөчүсү караса болот эле десек, материалды калтыр деди, калтырдык. Эртеси күнү келип өзүңөр эле тергегиле, иш козгогула, Бекназаровду камагыла деди. Материалдын негизинде тергөөчүнүн оюн айтып, кое берсе деле болот деп айтсам. Көрөбүз кийин айтабыз деди. Тергөө бүтүп атат, айткан жок. Тергөө бүттү десек, сотко жибер деди, - деп көрсөтмө берди облустун экс-прокурору Зоотбек Кудайбергенов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG