Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

ЖАЛАЛАБАТ: БАШ МЫЙЗАМДЫН ТАГДЫРЫНА ТЫНЧСЫЗДАНУУЛАР КҮЧ


Президент 19-сентябрдагы элге жана парламентке кайрылуусуна конституциялык реформа боюнча кандай пикирин айтаары күтүлүп жаткан кезде Жалалабатта Конституциянын мурдагы долбоорлорунун жокко чыгарылышына тынчсыздануу күч. Баш мыйзамдын утуру алмашыла бергени коомчулукта ар кандай уу-дуу, ызы-чууну жаратышы ыктымал. Ал бүткүл элдик талкуу аркылуу кабыл алынуусу зарыл. Оппозициядагы партиялардын өкүлдөрү баш мыйзамдын референдум аркылуу кабыл алынуусуна каршы.

Былтыр кабыл алынган эки Баш мыйзамдын кайра жокко чыгарылышы коомчулукту тунгуюкка алып келди. Өлкө кайсы мыйзам менен жашаар маселеси чечилбей турган кезде Аксы районунан Сагын Эшме элди дүрбөтүп, сырт өлкөлөрдүкүндөй туруктуу болбой, анын утуру оңдоло бергенине каршы. Так кесер Баш мыйзамдын жоктугунан мамлекеттик уюм-мекемелер кайсы мыйзамдын негизинде иштерин билбей, эл ичинде бүшүркөө пайда болду:

- Эки жылда эле Конституция кабыл ала берип, ал туура болбостон коңшуларга да уят болдук. Америкада 250 жылдан бери Конституция өзгөрбөйт экен. Ошондой кылып эле терең ойлонуп Конституцияны кабыл алып койсо элге да жакшы эле. Конституциянын айынын канча эл кыйналып атат.

“Эркиндик” партиясынын бөлүмү жаңы жаралаар Конституцияны парламент аркылуу эмес, бүткүл элдик добуш берүү жолу менен кабыл алууну күтүүдө. Ушундай чакырык менен аталган саясий уюм коомчулукка чакырык да таштап ийди. Жалалабат мамлекеттик университетинин ректору Абдымаматкадыр Ашыралиев конституциялык реформага байланыштуу референдумду узакка созбой, жакын арада өткөрүүнү туура көрөт:

- Биздин талабыбыз президент тез аранын ичинде референдум өткөрүп, Кыргызстанды башкаруу формасын тандап алышы керек. Элге салсын, Конституциянын кайсынысын кабыл алыш керек.

Оппозициянын ноябрь митингинен кийин башы ачылган Конситуция боюнча бийлик бутактарынын иш-аракеттеринин маселеси так аныкталбай, шашылыш кабыл алынган. Ал кезде президент өлкөдөгү тынчтыкты сактоо үчүн ага көл коюуга аргасыз болгон. “Эмгек жана биримдик” партиясынын облустагы төрагасы Абдымалик Бектемировдун пикиринде Конституциялык сот аны жокко чыгаруу менен өз милдетин так өтөдү:

- Президент шашылыш кол койду деп эл баалап аткан Конституциянын долбоорунда көп кемчиликтер кеткендигин аз өтпөй эле турмуш өзү көрсөтүп койду. Бир эле Бакиевдин турган кезиндеги жагдайларга көнүл бөлүнгөн долбоор деп ойлобош керек. Бакиевден кийин турган президенттердин жолуна тоскоол болбой турган долбоор болуш керек.

Анткени менен декабрь айындагы Баш мыйзамды кабыл алууда да эл пикири эске алынган эмес. Жалпы элдик талкууга коюлбай эле бийликчил депутаттардын коштоосу менен тагдыры заматта чечилген. Натыйжада аны менен таанышууга коомчулукка мүмкүнчүлүк берилген жок. Жалалабат шаар тургуну Уларкан Мусаеванын айтымында эми башы ачылаар Конституцияны адегенде көпчүлүктүн таразасына салып, кылдат талкуулангандан кийин гана кабыл алган оң. Антпесе, эл четте калып, бийлик менен оппозициянын ортосунда кайрадан чыр чыгуусу ыктымал:

- Конституция элдин талкуусуна коюлуш керек болчу. Бул чыр болуп калышы мүмкүн.

Бирок, конституцияны жаратуу саясий оюндун бутасына айланды. Ноябрь конституциясында бийликтин басымдуу бөлүгү парламентке берилип, өлкө демократиялык туура жолго түшкөнү байкалган. Конституцияны референдум менен кабыл алууда административдик ресурстар толук колдонуп, бийлик каалагандай натыйжага жетишеерин буга чейинки элдик добуш берүүлөр далилдеген. “Ата Мекен” партиясынын Жалалабаттагы координатору Ильич Нарматов 93-жылкы баш мыйзам боюнча экс-президент кайра бийликке келүүсү керек, Конституция референдумга коюлса эл пикири бурмаланат деген пикирин айтты:

- Конституция бизде оюн катары болуп калды. Мурдагы эле Конституцияны калтырып койсо болмок. Кайра эле мурункуга келгендин кандай айырмасы бар. Элдик референдумга салган күндө бул 90 пайыз менен өтүп кетет. Ошол жерден элдин пикирин эч ким сурабайт. Конституцияны бурмаламай болот. Анан президент өзүнө жаккан Конституцияны кабыл алдырышка аракет кылат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG