Президент бир катар адамдарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. 31-август, 2024-жыл. Ала-Тоо аянты.

Президент Садыр Жапаров 31-августта Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата мамлекеттик ишмерлерге, өлкөгө эмгеги сиӊген инсандарга, маданият өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Ага ылайык, мамлекеттик жана коомдук ишмер, маркум Болот Мамбетовго “Кыргыз Республикасынын баатыры”, көзү өтүп кеткен Токтогон Алтыбасаровага, акын, котормочу Түмөнбай Байзаковго, Эл артисти, төкмө акын, маркум Элмирбек Иманалиевге “Эмгек баатыры” наамы ыйгарылды. Ушундай эле сыйлык СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, маркум Сүймөнкул Чокморовго да берилди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев генерал-полковник, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов генерал-майор, жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Рахатбек Жапаров ички кызматтын генерал-майору наамын алды. Рахатбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун иниси.

Комузчу Самара Токтакуновага “Эмгек баатыры” артыкчылык даражасы ыйгарылды.

Профессор Өскөн Осмонов II даражадагы, тарыхчы Дөөлөтбек Сапаралиев III даражадагы Манас орденине татыды. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору, профессор Индира Кудайбергенова “Курманжан датка” ордени менен сыйланды.

Жогорку Кеӊештин экс-депутаты Азамат Арапбаевге “Даңк” ордени берилди. Андан тышкары бир катар өнөр адамдары мамлекеттик сыйлыктарды, президенттин ардак грамоталарын алды.

Садыр Жапаров ошондой эле президенттик администрациянын жаңы имараты – “Ынтымак Ордону” салган “Иншаат строй билдинг” компаниясынын кызматкерлерине да сыйлыктарды тапшырды. Сыйлоо аземи “Ынтымак Ордодо” өттү. (BTo)

Дагы караңыз

Камчыбек Ташиевге генерал-полковник аскердик наамы берилдиКыргызстанда 74 миңден ашуун адам эски үлгүдөгү паспортун акысыз алмаштырдыБразилиянын Жогорку соту X социалдык тармагын убактылуу жаптыКамчыбек Ташиев жаңы Ак үйгө эл кирип, көрүп чыкса болорун айттыЗеленский Украинанын Аба күчтөрүнүн командачысын кызматтан алдыСадыр Жапаров авторитардык башкарууга жол бербей турганын айттыАйтурган Маматкулованын өлүмү боюнча жолдошу 48 саатка кармалды