Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:22

Зеленский Украинанын Аба күчтөрүнүн командачысын кызматтан алды


Владимир Зеленский жана F-16 учагы.
Владимир Зеленский жана F-16 учагы.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 30-августта өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещукту кызматтан алды. Мындай чечим F-16 учагы кыйрап, учкучу каза болгон окуядан кийин кабыл алынды.

Николай Олещук мунун алдында кырсыктын себебин жана жооптууларды аныктоо боюнча “кылдат анализ” жасалып жатканын айтып, “иликтөө иштерине АКШдагы өнөктөштөр да катышууда” деген.

Орусиянын жапырт чабуулунун мизин кайтаруу учурунда учкуч Алексей Месь каза тапканын, окуя 26-августта болгонун Украинанын Куралдуу күчтөрү 29-августта кабарлаган. CNN телеканалынын маалыматына караганда, Украина окуянын себеби учкучтун катасында деп эсептебейт. Кырсык боюнча иликтөө уланууда жана ага эл аралык эксперттер катышууда.

Орусия басып киргенден бери украин бийликтери Батыштан заманбап F-16 согуштук учактарын берүүнү суранып келген. 2023-жылы бир нече өлкө АКШнын макулдугу менен мындай учактарды Киевге өткөрүп берүүгө макул болгон.

Украина аба күчтөрүнүн курамындагы америкалык F-16 кыргын салуучу учагын алганын быйыл август айында ырастаган.

F-16 эң ийгиликтүү согуштук учак деп аталган. Анын баштапкы үлгүсү алгач ирет 50 жыл илгери абага көтөрүлгөн. Ошондон бери дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрү үчүн 4600дөн ашык F-16 жасап чыгарылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG