Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:28

Бразилиянын Жогорку соту X социалдык тармагын убактылуу жапты


X социалдык тармагынын логотиби.
X социалдык тармагынын логотиби.

Reuters маалымат агенттиги Бразилиянын Жогорку соту 30-августта X (мурдагы Twitter) социалдык тармагын убактылуу жабуу тууралуу чечим чыгарганын жазды. Мындай чечим бул соцтармактын Бразилиядагы расмий өкүлүн дайындоо үчүн берилген 24 сааттык мөөнөт аяктагандан кийин кабыл алынды.

Судья Александр де Мораестин чечимине ылайык, X Жогорку соттун мурунку бардык буйруктарын аткарганга чейин Бразилиядагы ишин токтотуп турат. Алардын арасында 3 миллион доллардан ашык айып пулду төлөө жана социалдык түйүндүн Бразилиядагы өкүлүн дайындоо талабы бар.

Коюлган чектөөлөрдү кыйгап өткөндөр ар бир күн үчүн 50 миң реал же башкача айтканда 9 миӊ доллар айыпка жыгылат.

X социалдык тармагынын ээси Илон Маск судьянын чечими боюнча комментарий берип “Алар Бразилиядагы чындыктын негизги булагын жаап жатышат” деди. Tesla жана SpaceX сыяктуу компаниялардын негиздөөчүсү Илон Маск Twitter'ди 2022-жылдын күзүндө 44 миллиард долларга сатып алган. 2023-жылдын мартында Маск компаниянын юридикалык аталышын X Corp деп өзгөрткөн.

2023-жылдын июль айында Twitter социалдык түйүнү көгүш чымчык элесиндеги логотибин кара фондогу ак X белгисине алмаштырган. (BTo)

XS
SM
MD
LG