Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:31

Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча жолдошу 48 саатка кармалды


Айтурган турмушка чыккан учурда тартылган сүрөт.
Айтурган турмушка чыккан учурда тартылган сүрөт.

30-августта Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнө байланыштуу жолдошун 48 саатка кармады. Ага Кылмыш-Жаза кодексинин “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси менен айып тагылды. Эми сот анын бөгөт чарасын аныктайт.

Бул тууралуу Айтурган Маматкулованын жакындарынын адвокаттары Канат Хасанов менен Жанат Гүлжигитов билдирди. Маалыматты маркумдун жакындары да ырастады.

Айтурган Маматкулова 7-июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айткан. Маркумдун жакындары кызы күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгонун, буга чейин да зордук-зомбулук көрсөтүп келгенин айтышкан.

Айтурган Маматкулова - Оштун тургуну. Ал бир жыл мурда турмушка чыгып, күйөөсү менен Бишкекте жашап жаткан. Социалдык тармактарда келиндин өлүмүнүн себептерин аныктап, күнөөлүүлөрдү жазага тартуу боюнча талаптар жазылган.

Ишти Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү териштирип жатат. Алгач факты боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмү тергөөгө чейинки териштирүү баштаган. Баштапкы экспертизада “Полидорго уулануу, өз жанын кыюу. Жүрөк-кан тамыр курч жетишсиздиги” деген корутунду берилген. Андан ары окуяны тактоо үчүн иш Октябрь райондук милициясына өткөрүлгөн.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматында, ушул жылдын беш айында үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5153 учур катталган. 4400дөн ашуун коргоо ордери берилген. (BTo)

XS
SM
MD
LG