Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:35

Садыр Жапаров авторитардык башкарууга жол бербей турганын айтты


Президент Садыр Жапаров. Бишкек. 31-август, 2024-жыл.
Президент Садыр Жапаров. Бишкек. 31-август, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда авторитардык башкарууга жол бербей турганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 31-августта Бишкектин Ала-Тоо аянтында Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик тууну көтөрүү иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө айтты. Мамлекет башчы сөз эркиндиги, адам укуктарынын корголушу, мамлекеттин бүтүндүгү жана күчтүү экономика - эгемендиктин өзөгүн түзө турганын кошумчалады.

“Азыр деле “Кыргызстан авторитардык мамлекетке айланып баратат” деген баш адаштырган азгырма жол менен кетүүнү таӊуулап жатышат. Биз буга эч качан жол бербейбиз. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө коопсуздукка суроо-талап болушунча өсүп жатканына күбө болуп келебиз. Азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарына адекваттуу башкаруу системасы гана тийиштүү деңгээлде жооп бере алат деп баса белгилеп айтаар элем”, - деди президент.

Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамаларында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик туу жайгашкан жер реконструкция болуп, флагштоктун узундугу Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына байланыштуу 100 метрге узартылды. Мурда анын узундугу 45 метр болчу.

2023-жылы декабрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам долбоору кабыл алынып, ага Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон.

Президент 16-декабрда Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин, “туудагы күн нурлары күн карамага окшош жана түндүктөгү чамгарак туура эмес” деген жүйөнү келтирген.

Кыргызстандын биринчи мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки жылы - 1992-жылдын 3-мартында легендарлуу парламенттин токтому менен кабыл алынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG