Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:23

Камчыбек Ташиев жаңы Ак үйгө эл кирип, көрүп чыкса болорун айтты


Президенттик администрациянын жаңы имараты – “Ынтымак Ордо”.
Президенттик администрациянын жаңы имараты – “Ынтымак Ордо”.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев президенттик администрациянын жаңы имараты – “Ынтымак Ордо” мамлекеттик кайтаруудагы имарат болгондуктан тегерек чети тосулганын билдирди.

Бул тууралуу атайын кызматтын жетекчиси 30-августта Фейсбуктагы расмий баракчасына пост жазып, элди “Ынтымак Ордону” көрүп кетүүгө чакырды.

“Эгер темир тосмо менен курчабасак, анда мен мамлекеттик күзөт кызматына 50-60 кызматкерди кошумча алышым керек экен. Алардын эмгек акыларына миллиондогон каражаттар кетет экен. Бул каражаттар элдин каражаттары. Ошол каражаттарды түбөлүк үнөмдөш үчүн тегерегин курчап койдук. Мен коопсуздукка жооп берген адам катары дагы бир жолу кайталаймын. Биз элден эч качан жашынбайбыз. Ошол үчүн 2-сентябрдан баштап каалаган кыргызстандыктар жумуш күндөрү күндүзгү убакта жаңы салынган Ак үйгө келип, экскурсия кылып кетсеңер болот”, - деди ал.

Камчыбек Ташиев “Ынтымак Ордону” кыдыртып, маалымат бере турган кызматкерлер да даярдалганын, жарандар паспорту менен келиши керектигин айтты. Андан тышкары бир адам жаӊы Ак үйгө бир эле жолу экскурсияга кире аларын кошумчалады.

Бишкекте 30-августта президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылыш аземи болду. Иш-чарага мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер катышты. Анда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, бул имарат эгемендиктин, өнүгүүнүн символу боло турганын билдирди.

2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин ошол учурдагы премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун демилгеси менен Жогорку Кеңештин имаратынын айланасындагы темир тосмолор алынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG