Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:27

Кыргызстанда 74 миңден ашуун адам эски үлгүдөгү паспортун акысыз алмаштырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы 30-августта 2004-жылкы үлгүдөгү ички паспортторду акысыз алмаштыруу боюнча акция жыйынтыкталганын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, 1-июлдан бери эски үлгүдөгү ID-карт паспортун алмаштыруу үчүн 100 миӊдей кишиден арыз түшүп, 74 миӊден ашык жаранга жаӊы паспорт берилген.

Президент Садыр Жапаров буга чейин Кыргызстандын паспорттору өлкөнүн өзүндө чыгарылып, бериле баштаганын жазып, элди 2004-жылкы үлгүдөгү паспортторду 30-августка чейин жаӊысына бекер алмаштырып алууга чакырган.

Акция бүткөндөн кийин паспорт адаттагыдай эле өз баасына - 600 сомдон алмаштырылат.

Кыргызстандын жарандарына “Учкун” мамлекеттик концернинде даярдалган паспорттор 1-июндан тарта бериле баштаган. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстан буга чейин жыл сайын чет өлкөдөн орточо 1,5 миллионго чейин ID-карт жана жалпы жарандык паспортторду буюртма кылган.

Кыргызстанда жасалма паспортторго байланыштуу бир катар чуулгандуу окуялар катталган.

Henley & Partners уюму жарыялаган дүйнөлүк паспорт индексинде Кыргызстан 77-орунду ээледи. Былтыр 76-катарда эле. 2024-жылга карата 10-январда жарыяланган рейтингде кыргызстандыктар 65 мамлекетке визасыз бара алары белгиленген. (BTo)

XS
SM
MD
LG