Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:34

Камчыбек Ташиевге генерал-полковник аскердик наамы берилди


Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров. Архив.
Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров. Архив.

Президент Садыр Жапаров 31-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевге генерал-полковник аскердик наамын берди.

Мамлекет башчы Камчыбек Ташиев улуттук коопсуздукту камсыздоо, чек араны бекемдөө жана күч органдарын реформа кылуу боюнча алгылыктуу иштерди жасаганын айтты.

“Ал эми улуттук экономикабызга кедергисин тийгизип, эгемендик жылдары тамырын тереӊ жайган коррупция менен келишкис күрөш жүргүзүп, жеке өмүрүнө коркунуч келиши мүмкүн экенине карабай эбегейсиз иштерди жүргүзүп келе жатат”, - деди президент.

Садыр Жапаров 2021-жылы Камчыбек Ташиевге генерал-лейтенант, 2022-жылы “Ак шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргызстандын баатыры” наамын ыйгарган.

Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат, өзгөчө кырдаалдар министри болгон. УКМКнын төрагасы болуп 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин дайындалган.

Президенттик администрациянын жаңы имараты – “Ынтымак Ордодо” мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болду. (BTo)

XS
SM
MD
LG