УКМК: Менчикке кеткен Өзгөн автобекети мамлекетке кайтарылды

Өзгөн автобекетине таандык жер тилке.

Ош облусунун Өзгөн шаарында жайгашкан автобекетин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталып, мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу 22-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 29-июлда аянты 0,74 га ири инфратүзүмдүк объектисин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын жашыруу жана кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында өзгөчө ири өлчөмдө (1 млн 500 миң сом) пара берүүнү сунуштаган Салык кызматынын жергиликтүү Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгынын түштүк регион боюнча бөлүм башчысы К.Н.Н. кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө “Өзгөн автобекети” ачык акционердик коомунун акционерлери Өзгөн шаарындагы автобекетти мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын моюнга алып, автобекетти ыктыярдуу түрдө Өзгөн шаардык мэриясынын балансына өткөрүп беришти.

Атайын кызмат билдиргендей, жогоруда аталган жер тилкесинин базар баасы 219 млн 591 миң сомду түзөт.

УКМКнын маалыматына ылайык, соңку үч жылдан бери ондогон мүлктөр мамлекетке жана муниципалдык менчикке кайтарылды. Анын көбү базарлар, автобекеттер жана жер тилкелери. (ErN)

Дагы караңыз

Румынияда чуулгандуу блогер кайрадан камакка алындыДепутат Нуржигит Кадырбеков атайын кызматтан сурактан чыктыКазакстан Лукашенконун билдирүүсүнөн кийин беларус элчисин ТИМге чакырттыГазада дагы 22 палестин тургуну каза болгону кабарландыБомба тууралуу кабардан улам Ош мэриясы, облустук бийликтин кызматкерлери эвакуация болдуБишкекте тергөөчү 550 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды“Айыл банк” “Сбер” тиркемеси аркылуу акча которуулар токтотулганын маалымдадыТергөө абагындагы Имамидин Ташовдун иши сотко өттүЗеленский Курск операциясы башталганы Сумы облусун аткылоо азайганын айтты