12 жылдык билим берүү: мектептер 10 баллдык баалоо системасына өтөт

Кыргызстандагы мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын мектептери пландалып жаткан 12 жылдык билим берүү системасынын алкагында мурдагыдай 5 баллдык шкаладагы баалоо системасын эмес, 10 баллдык баалоо системасын колдоно баштайт. Бул тууралуу Кыргыз Билим берүү академиясынын "12 жылдык билим берүүгө өтүү концепциясында" айтылат.

Документте көрсөтүлгөндөй, 1-2-класстарда балдарга баа коюлбайт. Мында жетишкендиктерди баалоо педагогго окутуунун оптималдуу методикасын тандоого мүмкүндүк берүүчү сапаттык мүнөздөмөлөр түрүндө ишке ашырылат.

3-класстан 12-класска чейин окуучуларга 1ден 10го чейинки баа коюлат. Бул академиялык жетишкендиктерге байкоо жүргүзүүгө, аларды көз карандысыз баалоо изилдөөлөрүнүн натыйжалары менен салыштырууга, ошондой эле билим берүүнүн кийинки деңгээлинде окууга даярдыктын деңгээлин аныктоого мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

Башталгыч класстардагы окутуу 6-класстын жыйынтыгы менен тесттин негизинде, орто билим берүү 8-класстын жыйынтыгы менен аттестациянын негизинде бааланат. 12-класстын аягында жыйынтыктоочу баалоо – экзамендер жүргүзүлөт.

Мындан сырткары мектептерде окуучулардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо үчүн Кыргызтест системасынын негизинде комплекстүү стандартташтырылган тест жүргүзүлөт. Орус тилин жана англис тилин билүү деңгээлин аныктоо үчүн стандартташтырылган тест колдонулат.

Кыргызстандын мектептери негизинен СССРдин билим берүү системасынан мурастап калган 5 баллдык шкаладагы баалоо системасын колдонуп келген. Айрым жерлерде башталгыч класстарда жылдызча, латын тамгалары жана башка формалар менен бааланган учурлар бар. 10 баллдык шкаладагы баалоо системасын айрым менчик мектептер колдонушчу.

Кыргызстан 2024-2025-окуу жылынан тартып мектептерде 12 жылдык билим берүү системасын киргизүүнү көздөөдө.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын маалыматына караганда быйылкы окуу жылында жалпы даярдык жүрөт, кийинки жылдан тартып, система толугу менен ишке кирет. Быйылкы окуу жылында бала бакчаларда мектепке чейинки даярдык тобунда окуган балдар кийинки жылы мектепте 2-класска кабыл алынары кабарланган. (ErN)

Дагы караңыз

Назарбаевдин иниси пробациялык көзөмөл менен абактан чыгатКурск: Глушково районундагы экинчи көпүрө ураганы кабарландыБлинкен Газа боюнча сүйлөшүүлөр "чечүүчү учурга" келгенин айттыЫсык-Көл: 300дөн ашуун үйдү, бир нече пансионаттын короосун сел каптадыЗеленский фронттун бардык багытында жакшы натыйжа бар экенин айттыОрусияда соттолгон АКШ жаранынын өкүмү өзгөрүүсүз калдыАбдалиевдин ордуна Арсланбек Эгембердиев депутат болдуБишкекте таштанды жыйноо кечигип жатышынын себеби айтылдыБШК депутат Мейкинбек Абдалиевди мандатынан ажыратты