Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:14

Зеленский фронттун бардык багытында жакшы натыйжа бар экенин айтты


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украин аскерлери фронттогу бардык багыттар боюнча жакшы натыйжа көрсөтүп жатканын, Орусиянын Курск облусундагы операциянын максаты буфердик зона түзүү экенин украин президенти Владимир Зеленский 18-августтун кечиндеги видео кайрылуусунда айтты.

Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Александр Сырскийдин маалыматына таянып Зеленский «Украинанын чыгышында да, Курск облусундагы операция боюнча да, «айырбаштоо фонду», снаряддар, курал-жарак, бардык багыттар боюнча биздин балдар – азаматсыңар», – деди.

«Торецк шаарынын чет жакасында орусиялык техниканы жок кылуу боюнча жакшы жана зарыл натыйжа бар» экенин айткан Зеленский негизги максат «орусиялык потенциалды мүмкүн болушунча көбүрөөк талкалоо», анын арасында Курск операциясы аркылуу «буфердик зона» түзүү болуп жатканын кошумчалады.

Украина Орусиянын Курск облусунун аймагына 6-августта кирип барган. 13-августка карата бир нече багытта 500 метрден тартып 1,5 чакырымга чейинки аралыкка алдыга жылганын, 1150 чарчы чакырым жердеги 82 калктуу пунктту көзөмөлдөп турганын, бул операция башталгандан бери украин аскерлеринин Орусиянын аймагына ичкери жылуусу 35 чакырымга жеткенин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский билдирген.

Орусия украин тараптын бул билдирүүсү боюнча комментарий берген эмес. Бирок Курск жана Белгород облустарында федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыялаган. Бир нече жараны каза болгонун да маалымдаган. Соңку билдирүүлөрүнө караганда, 200 миңдей жаранын эвакуациялады.

Зеленский 13-августтагы кайрылуусунда Курск облусунда жүздөгөн орусиялык аскер туткунга түшкөнүн билдирген. Москва комментарий берген эмес.

CNN телеканалы Орусия Курск облусунда түзүлгөн кырдаалдан улам Украинанын оккупациялап алган аймактарындагы айрым аскерлерин Курск тилкесине алып кеткенин жазды.

19-августка караган түнү Орусия Украинанын аймагына согуштук 11 дрон менен сокку урганын, анын баары атып түшүрүлгөнүн, бутага Николаев, Черкасск, Винница, Киев, Днепропетров, Харьков, Сумы жана Донецк облустары алынганын өлкөнүн Аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук билдирди.

Орусия Курск менен чектеш Украинанын Сумы облусун өткөн жекшемби күнү 89 жолу аткылаганын, бир киши каза болгонун, үч киши жараат алганын жергиликтүү бийлик маалымдады.

Донецк облусунда Орусиянын аткылоосунун үч киши каза тапканын, тогуз киши жараат алганын облустук администрация башчысы Вадим Филашкин жазды.

Орусия Орлов облусунда өткөн түнү бир учкучсуз учак жок кылынганын кабарлады.

Украин аскерлери Курск облусунда Глушково аймагындагы дагы бир көпүрөнү (үчүнчүсүн) талкалаганы 19-августта кабарланды. Бирок бул маалымат азырынча расмий тастыктала элек. Сейм дарыясынын Глушково районундагы үч көпүрө аркылуу Орусия чек арадагы аскерлерин жабдып турчу. (RK)

XS
SM
MD
LG