Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Бишкекте таштанды жыйноо кечигип жатышынын себеби айтылды


Үйүлгөн таштанды. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Үйүлгөн таштанды. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин айрым райондорунда таштанды убагында алынбады деген нааразылыктарга шаардын вице-мэри Рамиз Алиев жооп берди. Ал Инстаграммдагы баракчасында шаарда таштанды жыйноо кечигип жатканына тиешелүү техниканын жетишсиздиги себеп экенин билдирген.

"Тазалык" ишканасы учурда графигинен 2-3 күнгө кечигип жатат. Бул убактылуу экенине ынандыргым келет, жакында кайрадан графикке түшөт. Актангандай болбоюн, бирок техника жапырт жарактан чыгууда. Жаңы техника бир жарым айда келет деп күтүп атабыз. Жумушчулар үч нөөмөт менен иштөөгө мажбур болууда. Дагы бир жолу кечирим сурайм жана Биринчи Май, Чоң-Арык райондорунун тургундарын сабырдуулукка чакырам", - деп жазды вице-мэр.

Баш калаада таштандыларды өз убагында алып кетпегени үчүн "Тазалык" ишканасын сындагандар көбөйдү. Соцтармак колдонуучулары таштандылар челектен ашып, үйүлүп жаткан сүрөт, тасмаларды жарыялап, ысыкта анын жытына адам чыдагыс болуп жатат деп нааразылык билдиришүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG