Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:21

Абдалиевдин ордуна Арсланбек Эгембердиев депутат болду


Арсланбек Эгембердиев
Арсланбек Эгембердиев

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясындагы бошогон депутаттык орунду кийинки тизмеде турган талапкер Арсланбек Эгембердиевге берди. Тиешелүү чечим комиссиянын 19-августтагы отурумунда кабыл алынды.

Чечим кабыл алынары менен ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.

Арсланбек Эгембердиев соңку алты жылдан бери "АККА Петролеум" деп аталган компанияда директор болуп келген. Ал 2021-жылкы парламенттик шайлоого “Ата Журт Кыргызстан” партиясынын тизмесинде 34-катарда катышкан.

Мунун алдында Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Мейкинбек Абдалиевдин мандатын өзү жазган арызынын негизинде алган.

Жыйында Абдалиевдин мындай кадамга барган себеби айтылган жок. "Азаттык" аны менен байланышкан учурда өз чечими комментарий берүүдөн баш тартты.

Мейкинбек Абдалиев мурда жергиликтүү кеңештерде депутат болуп, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан шайланып келген. Жетинчи чакырылышта “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон. Абдалиев жыйындарда экс-бажычы, азыр камактагы Райымбек Матраимовду колдоп сүйлөгөн пикирлери таанымал.

Буга чейин Жогорку Кеңештин бир катар депутаты мандатын тапшырып кеткен. Соңкулардан – Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз арызы менен тапшыруу арызын жазган. Ошол эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын карап, мандатынан ажыраткан. Икрамов депутаттыктан кетүү өз чечими болгонун Фейсбукка жазган. Айрым депутаттар "ал атайын кызматка суракка барып, маанайы жок жүргөнүн" "Азаттыкка" айтышкан.

25-апрелде Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланып келген депутат Максатбек Сарбагышев мандатын тапшырган. Анын алдында “Ишеним” фракциясынын депутаты Эмилбек Жусупов, Ноокат округунан шайланган Жусупбек Коргонбай уулу, Свердлов округунан келген Шайлообек Атазов, Кара-Суу округунан Искендер Матраимов, Баткен округунан Нурлан Ражабалиев, Ош округунан шайланган Айбек Осмонов жана “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын катарында шайланган Абдывахаб Боронбаев өз арыздарынын негизинде мандатынан ажыратылган.

Жогорудагы бир мандаттуу округдарда мөөнөтүнөн мурда шайлоолор өтүп, жаңы депутаттар шайланды. Партиялык тизме менен парламентке келген депутаттардын ордуна кезектеги талапкерлер мандат алышты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 17-апрелде Шамалды-Сай шаарында Чек ара кызматында иштегендерге жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу иш-чарасында сүйлөп жатып, Жогорку Кеңешти мыйзамсыз иштерге аралашкан депутаттардан “тазалоо” иштери жүрүп жатканын билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG