Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Назарбаевдин иниси пробациялык көзөмөл менен абактан чыгат


Кайрат Сатыбалдыулы (Сатыбалды) сот залында. Архивдик сүрөт.
Кайрат Сатыбалдыулы (Сатыбалды) сот залында. Архивдик сүрөт.

Казакстанда мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин инисинин уулу, бир катар коммерциялык жана улуттук ишканаларды жетектеп келген Кайрат Сатыбалдынын (Сатыбалдыулы) жаза чарасын жумшартуу тууралуу өтүнүчү канааттандырылды. Жаза мөөнөтүн абакта эмес, үч жыл үч ай эркиндиги чектелген пробациялык көзөмөл астында өтөөгө уруксат берилди.

Өзкемен шаарынын №2 сотунун мындай чечими тууралуу 16-августта жарыяланган маалыматта ал жаза чарасын жумшагыраак түрүнө өзгөртүү үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн бардык талаптарды аткарганы белгиленди.

Сатыбалды сотко жолдогон өтүнүчүндө абакта ага оң мүнөздөмө берилип жатканын, келтирилген зыяндын ордун толтурганын жана өз ыктыяры менен мамлекетке жалпы суммасы 700 миллиард теңгелик акча жана мүлк которуп бергенин жүйө келтирип жазганы маалымдалды.

Абак жетекчилиги анын мындай өтүнүчүн колдогон.

Прокуратура да соттон Сатыбалдынын өтүнүчүн канааттандырууну суранып, ал жазанын жумшагыраак түрүн чегерүүгө зарыл шарттардын баарын аткарганын билдирген.

Соттун чечиминде келтирилген зыяндын орду бүт бойдон толтурулганы, өкүмдө жазылган сумма төлөнгөнү белгиленди.

Ошол күндөрү казакстандык маалымат агенттиктери Сатыбалды президент Касым-Жомарт Токаевден да кечирим сурап жаткан видеолорду жарыялашкан.

Кайрат Сатыбалды "Казахтелеком" жана "Транспорттук сервис борбору" компанияларынан ири суммада акча уурдаган деген шек менен 2022-жылы март айында кармалган. Ошол эле жылдын сентябрында Кылмыш-жаза кодексинин “Ишенип берилген мүлктү уурдоо” жана “Уурдоо максатын көздөбөстөн зыян келтирүү” деген беренелери боюнча мүлкүн конфискациялоо менен алты жылга эркинен, 10 жыл бою мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыратылган.

2023-жылдын декабрында түрмөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошонуу өтүнүчүн келтирлен, бирок сот андай чечимге али эрте деген жүйө менен бул суранычты кароодон баш тартып койгон.

53 жаштагы Кайрат Сатыбалды — Нурсултан Назарбаевдин 1981-жылы автокырсыкта каза болгон иниси Сатыбалды Назарбаевдин уулу.

2018-жылы казакстандык Forbes журналы Кайрат Сатыбалдыны Казакстандагы эң бай 50 бизнесмендин тизмесине киргизген, анын байлыгы 163 миллион доллар деп бааланган.

Кайрат Сатыбалды Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин кадр кызматын жетектеген, Астана акиминин орун басары, "Казахойл" жана "Казахстан темир жолы" компанияларынын вице-президенти болгон. 2010-2015-жылдары жакын тууганы, ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаев негиздеген "Нур Отан" (2022-жылы "Аманат" деп аталган) партиясынын катчысы болуп иштеген. Кийин бир катар коммерциялык ишкананы жетектеп, "Казахтелеком" улуттук телекоммуникациялык компаниясынын акцияларынын ээси болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG